Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

ИИМге православдык көрүстөндөрдөгү вандализмге өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигине (ИИМ) Кыргызстандын аймагындагы православдык көрүстөндөрдөгү вандализм фактыларын иликтөөнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу 15-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматта айтылгандай, Байсалов мындай фактылар көбөйүп жатканы тынчсыздануу жаратарын белгиледи.

«Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил менен жакында болгон жолугушууда диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелер, анын ичинде православдык көрүстөндөрдөгү вандализм фактылары талкууланган. Министрлер Кабинети бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, мыйзамга каршы аракеттерди айыптайт. Жергиликтүү бийлик органдарына ишенип берилген аймактарда тийиштүү иштерди жүргүзүүсү тапшырылды. Райондук бийликтерге көрүстөндөрдү көрктөндүрүү жана тосуу үчүн кошумча каражат бөлүндү. Бул маселе өзгөчө көзөмөлдө турат», - деди Эдил Байсалов.

Бүгүн, 15-февралда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин расмий сайтына Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил президент Садыр Жапаровго кайрылып, христиандардын көрүстөндөрүнүн абалы боюнча маселеге көңүл бурууга чакырганы тууралуу маалымат чыккан.

Орус православ чиркөөсүнүн Кыргызстандагы жетекчиси президенттен жардам болоруна, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көрүстөндөргө тосмо коюу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу жагын колго аларына үмүттөнөрүн айтып, бул көйгөй Кыргызстан тууралуу эл аралык коомчулук арасында терс пикир жаратып жатканын кошумчалаган. Себеби, епископ белгилегендей, христиан көрүстөндөрүндө православдардын, протестанттардын, католиктердин жана жакындары Орусияда гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунда жашагандардын сөөгү коюлган.

Епископ Даниил тосмо орнотулбагандыктан талкаланып, тонолгон учурлар христиандардын гана эмес, мусулмандардын да көрүстөндөрүндө бар экенин белгилеп, бекем тосмо коюуга баарынын эле чамасы жете бербесин, жергиликтүү бийлик атайын төлөм алып турарын, андыктан ошол каражатты бул көйгөйдү чечүүгө жумшаса болорун кошумчалаган. (RK)

XS
SM
MD
LG