Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Германия Кыргызстанды кооптуу аймактардын тизмесинен чыгарды


2022-жылдын 11-февралынан тарта Кыргызстан кооптуу аймак болуп саналбайт жана кыргыз жарандары Германия мамлекетине кире алышат.

Бул тууралуу Германиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды. 2022-жылдын 13-февралынан баштап SARS-CoV-2 коронавирусуна каршы эмдөөнүн толук циклин, Европанын дары-дармек агенттиги (EMA) тарабынан бекитилген вакциналардын бири (же үчүнчү өлкөлөрдө колдонулган бул вакциналардын эквиваленттеринин бири) менен эмделген адамдар Кыргызстандан Германияга кире алат.

Бул жарандар үчүн кимдир бирөөнү зыярат кылуу же турист катары эс алуу максатка ылайык болуп эсептелет. Эмдөөнүн толук циклин алган адамдар керектүү визаны алуу үчүн Германиянын Бишкектеги элчилигине кайрыла алат.

Кооптуу аймактардын классификациясы кыска мөөнөттө өзгөрүп турушу мүмкүн. Германияга баруу алдында акыркы 10 күн ичинде кайсы өлкөлөрдө болгонуңузду текшерип алуу сунушталат.

Соңку бир суткада (16-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 54 адамдан жаңы аныкталды. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG