Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Абактагы айрым аялдардын иши кайра каралат


Степное айылындагы аялдар түрмөсүндөгү 41 аялдын иши кайра каралат. Алардын айрымдарынын жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн. Юстиция министрлиги жазык-аткаруу мыйзамдарын гумандаштыруунун алкагында №2 колониядагы айыпталган аялдарга укуктук жардам көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Бул тууралуу аталган министрликтен "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жазаларды аткаруу кызматы соттолгондордун ишин сот органдарына кайра кароого жиберүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

"Адвокаттар 60 аялга укуктук жардам көрсөттү, алардын арасынан 41 айыпталуучунун иши жаңы Кылмыш-жаза кодекси боюнча кайра каралууга тийиш жана жаза мөөнөтүн кыскартуу мүмкүнчүлүгү бар. Адвокаттар тобу аялдар абагына барып, алардан юридикалык жардам көрсөтүүгө арыз алышты", - деп белгиленген министрликтин маалыматында.

Юстиция министрлиги ушундай эле долбоордун алкагында башка колонияларга баруу пландалып жатканын белгиледи.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. Алардын 500дөн ашууну аялдар.

Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Анда 350дөй аял отурса, алардын 25 пайызы "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Расмий маалыматта алардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG