Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Төрөбаев ЕАЭБдеги келишимдерди кайра карап чыгууну сунуштады


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирүүдө түзүлгөн келишимдер бузулуп жатканын айтып, аны кайрадан карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-февралда Парламент жыйынында билдирди.

"ЕАЭБге киргенде биз төрт эркиндик алганбыз. Бул товардын жүрүшү, жумушчулардын кыймылы, капитал жана кызмат көрсөтүү. Казакстанда биздин ишкерлер көп проблемаларга туш болуп жатат. Жумушчуларга медициналык кароодон өтүш керек деген шылтоолор менен бизге чектөө болуп жатат. Капиталдын жүрүшү дегенде - биздин балдар Кыргызстанга акча которууда дагы проблемалар бар. Кызмат көрсөтүүдө дагы көйгөйлөр бардыр. Биздин биримдикте министрлерибиз бар. Алар бул жерде кызматы жок болгондо кооз сөздөрдү сүйлөйт эле. Алардын үнү чыкпай жатат. Кайра эле биздин ишкерлер, жарандарыбыз кыйнала береби?", - деди Төрөбаев.

Эл өкүлү мыйзамдагы тоскоолдуктар боюнча айтуу зарылдыгын кошумчалады. Парламент төрагасы Талант Мамытовду жакында боло турган Орусия сапарында ар бир келишимди карап, тоскоолдуктар тууралуу ачык-айкын айтуусун сунуштады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-казак чек арасынан жүк алып өтүү кыйындап, жүк ташуучулар Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) принциптерине туура келбеген тоскоолдуктарга туш болуп жатканын белгилеген. Эл өкүлү бул көйгөйдү Тышкы иштер жана Экономика министрлигинин, Бажы кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуулоону сунуштаган.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG