Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Зеленский 16-февралды Украинанын тилектештик күнү деп жарыялады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский элге кайрылуу жасап, 16-февралды Украинанын тилектештик күнү деп жарыялады жана жарлыкка кол койгонун айтты.

"Бул күнү биз мамлекеттик желегибизди желбиретип, көк жана сары тасмаларды тагынып, биримдигибизди дүйнөлүк коомчулукка көрсөтөбүз",- деди Зеленский.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары, анын ичинде Германиянын Spiegel басылмасы Орусия 16-февралда Украинага кол салышы ыктымалдыгын жазышкан.

Өз кайрылуусунда Зеленский украин армиясынын өзгөчө күжүрмөн даярдыгы бар экенин белгилеп, Донбасс менен Крымды Украинага кайтаруу жараяны дипломатиялык жол менен гана ишке ашарын билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын жана башка бир катар өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү Орусиянын Украинага каалаган убакта кол салууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышкан. Кремль андай ниети жок экенин билдирип келет.

15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина чек арасынын айланасында топтолгон аскерлер жана техника аскердик машыгуулар аяктагандан кийин артка кайтарылып жатканын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG