Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Украинанын өкмөттүк сайттары хакердик чабуулга кабылды


Украин бийлиги киберчабуулдун артында Орусия турушу мүмкүндүгүн ишарат кылды.
Украин бийлиги киберчабуулдун артында Орусия турушу мүмкүндүгүн ишарат кылды.

Украинада Коргоо министрлиги баштаган бир катар өкмөттүк мекемелердин жана банктардын сайттары киберчабуулга (DDoS) кабылды. Бул тууралуу Украинанын өкмөтү 15-февралда билдирди.

Коргоо министрлиги Твиттерге жазгандай, мекеменин сайтына хакерлер кыска убакыттын ичинде өтө көп жолу кирүүгө аракет кылышты жана учурда веб-сайттын ишин калыбына келтирүү иши жүрүп жатат.

"Associated Press" жаңылыктар агенттиги маалымдагандай, хакердик чабуулга Украинадагы кеминде 10 веб-сайт туш болду. Алардын арасында Украинанын Тышкы иштер министрлигинин, "Приватбанктын" жана "Ощадбанктын" да веб-баракчалары бар.

Украин өкмөтү расмий билдирүүсүндө киберчабуулдун артында ким турганын так айтпаса да бул Орусиянын аракети болушу мүмкүндүгүн ишарат кылды.

"Агрессор майда ыплас аракеттерди колдонгонун четке кагууга болбойт. Себеби анын агрессивдүү пландары ири масштабда ишке ашпай жатат", - деп айтылат Маданият жана маалымат министрлигине караштуу байланыш борбору тараткан маалыматта.

Хакердик чабуулдар боюнча азырынча Орусия үн ката элек. Бул окуя орус-украин чегинде кырдаал чыңалып турган учурда болду.

АКШ, Британия сыяктуу НАТОго мүчө өлкөлөр Орусия Украина менен чек арасына жакын аймактарына 130 миңдей аскерин жана аскердик техникасын топтоп койгонун, Москва кайсы учур болбосун Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскертип келишет. Орусия мындай ниети жоктугун билдиргени менен Батышка "Украина НАТОго мүчө болбошу керек" деген сыяктуу бир катар талаптарды коюп жатат.

15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Түштүк жана Батыш округдарындагы айрым аскердик бөлүктөр туруктуу жайгашкан пункттарына кайта турганын жарыялаган. Киев жана НАТО азырынча аскерлер Украинага чектеш аймактардан чыгып кете электигин билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG