Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Жаңы-Өзөн шаарында айрым мунайчылар ишке чыккан жок


Жаңы-Өзөндө акцияга чыккандар, 3-февраль 2022-жыл.
Жаңы-Өзөндө акцияга чыккандар, 3-февраль 2022-жыл.

15-февралда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарындагы "Өзөнмунайгаз" компаниясынын мунайчылары жумушка чыгуудан баш тартышты. Алар бийликке бир катар саясий жана социалдык талаптарды коюшту.

Митингчилер шаардагы мунайчылардын автобекетинде чогулуп, айлык акыны жогорулатууну, кыйноолорду токтотууну жана январь айындагы митингдерде кармалган адамдарды бошотууну да талап кылышты.

«Жаңы-Өзөндө башталган тынч митинг Казакстандын бир катар аймактарында трагедияга айланып кеткени бизди капа кылды. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз. Кармалгандар террорист эмес, кыйноолорду токтотуп, аларды бошотууну талап кылабыз! Биз бийликтен саясий реформа жүргүзүүнү талап кылганбыз. Бирок бизге эскирген сунуштарды беришти. Жаңы өзгөртүүлөр зарыл", - деди акциянын катышуучусу, 2011-жылдагы Жаңы-Өзөндөгү иш таштоонун лидери Оразбай Турсынбай.

Жаңы-Өзөн шаары жайгашкан Мангыстау облусунда февраль айынын башынан бери жумуш орундарын түзүүнү жана айлык акыны көтөрүүнү талап кылган акциялар уланып жатат. Мунайчылардын айрымдары талаптары аткарылганын айтып, нааразылыгын токтоткон.

Казакстандагы январь айындагы 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган тополоң жана ири нааразылык Жаңы-Өзөндө суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган акциялар менен башталган.

XS
SM
MD
LG