Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Өмүрбекова: Орусияга мигрантты чектеген мыйзамын өзгөртүүнү сунуштаганбыз


Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин Орусияда иштеген мигрант жарандарын чектеген мыйзамды кайра карап чыгуу сунушу берилгенин 16-февралда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы (ЕАЭК) өкүлдөрүнүн бири, комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Өмүрбекова Орусиянын Ички иштер министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен эки жолу жолугушуу өткөрүлгөнүн, жаңы нормаларды кайра карап чыгуу, медициналык текшерүүдөн өтүү талабын 30 эмес, эч болбогондо 90 күн деп өзгөртүү, 6-18 жаштагыларды андай шарттан толугу менен бошотуу жана текшерүүдөн бир жерден эле эмес, ар ким жашаган жериндеги бейтапканадан өтсө боло тургандай кылуу жөнүндө расмий кат жөнөтүлгөнүн айтты.

Ошону менен катар Өмүрбекова жаңы мыйзамдын мигранттарга, анын ичинде кыргыз жарандарына тийгизген таасири боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатканын кошумчалады:

“Алар “2-3 ай ичинде биз да ошол мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карап жатабыз. Балким март-апрелге чейин кээ бир нормалар туураланып кабыл алынат” деп айтышты. Ошону күтүп жатабыз. Биз, комиссия, мунун баары кандай шартта өтүп жатканына, адам укуктары бузулган жокпу деп мониторинг жүргүзүп жатабыз. Жарандарыбыз дактилоскопиядан жана медициналык кароодон өтүп жаткан мигранттык борборго барып келдик. Албетте, түз кийлигишип, “бул мыйзамды жокко чыгаргыла” деп айтканга компетенциябыз жок. Ошону да туура түшүнүш керек”.

2021-жылдын 29-декабрынан тартып Орусияда күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, бул өлкөгө иштегени барган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар 30 күн ичинде медициналык текшерүүдөн жана дактилоскопиялык каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле алар жугуштуу оорусу бар же жогуна, маңзат жана психотроптук каражат колдонобу-жокпу деп текшерилет.

16-февралда бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Орусиянын жаңы мыйзамы мигранттарды машакатка салып жатканы жана ал ЕАЭБдин талаптарына жооп бербей турганы айтылды. Депутат Дастан Бекешев бул маселени жогорку жетекчилердин деңгээлинде сүйлөшүү зарылдыгын айтты. Депутат Жанарбек Акаев Кыргызстандын биримдиктеги өкүлдөрүн мигранттар кабылып жаткан жагдайларга көңүл бурбай отурушат деп сындады.

Калкынын саны 6,5 миллиондон ашкан Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Анын көпчүлүгү Орусияда иштейт.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңсеси Москвада жайгашкан. Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ЕАЭКтин департамент директору болуп былтыр октябрда дайындалган. Темирбек Асанбеков (биримдиктеги транспорт, инфраструктура жана энергетика маселелерин карайт) менен Максат Мамытканов (уюмдагы бажы маселелерин тейлейт) былтыр июлда Кыргызстандын атынан бул комиссияга министр болуп дайындалышкан.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, адамдардын жана товарлардын эркин өтүүсү максатында уюшулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG