Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катышуу үчүн каттоо башталганын бүгүн, 16-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, каттоо онлайн жана кадимки тартипте 6-апрелге чейин жүрөт.

Жалпы республикалык тестирлөөгө www.testing.kg сайты аркылуу же тестирлөө борборлоруна барып катталса болот. Каттоодон өтүү үчүн паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, орто билими жөнүндө аттестаты (мурун окууну аяктагандар үчүн), ЖРТга каттоо акысы төлөгөнүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция), электрондук фотосүрөт керек. Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 370 сомду түзөт.

Үсөналиев учурда окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110 (предметтик 60) бойдон калганын белгиледи. Бирок тесттин жыйынтыгына жараша босого балл өзгөрүшү мүмкүн.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева 2022-жылы жалпы республикалык тестти 23-28-майда өткөрүү болжолдонуп жатканын билдирди.

Быйыл 68 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG