Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Президент дыйкандарды арзан насыяны максаттуу пайдаланууга чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 22-февралда "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу жазгы талаа жумуштарын утурлай дыйкандар менен фермерлерге кайрылды. Анда үч жылдык мөөнөткө 6% үстөк менен жеңилдетилген насыя берилип жатканын, жалпысынан бул багытта бюджеттен 26 миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, каражаттын 1,5 миллиарды үрөн сатып алууга, дагы бир миллиарды ирригация тутумун жакшыртууга берилет. Үрөндү дыйкандар 4,5% үстөгү менен эки жылдык мөөнөткө алса болот.

"Буга чейин насыя алгандан кийин аны максаттуу иштерге жумшабай койгон учурлар арбын эле. Жер айдоого алынган насыяга той бермей, үй оңдомой, машине сатып алмай жана башка адаттарыбыз болгонун эч ким танбастыр. Андыктан сиздерден сураныч, эми андай кылбастан, “бирди эки, экини үч кылып алганга” жетишсеңиздер жакшы болот эле. “Алмайдын бермейи бар” дегендей, алган насыяны сөзсүз төгүш керек экенин унутпасаңыздар! Быйыл дыйкандардын бир бөлүгү алса, кийинки жылы экинчи бөлүгү, аркы жылы үчүнчү бөлүгүнүн алышына шарт түзүп беришибиз керек",- деп жазды Садыр Жапаров.

Мунун алдында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген. Өкмөт башчы жеңилдетилген шартта берилген насыяны дыйкан-фермерлер максатка ылайык колдонбосо, коммерциялык насыянын шарты менен кайтарып төлөөгө милдеттүү экенин эскерткен.

Былтыр ноябрда Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында Улуттук коопсуздук комитетине дыйкандарга бөлүнгөн жеңилдетилген насыяны текшерип-иликтөөнү тапшырган. Эсеп палатасы мындай насыянын 3% гана дыйкан-фермерлерге жетерин аныктап чыкканын маалымдаган.

Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталган. Былтыр бул максатта алты миллиард сом бөлүнүп, долбоор менен иштеген беш банкка таратылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG