Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:34

Жаз жарышы: дыйканды кыйнаган кымбатчылык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жазгы талаа иштери быйыл эрте башталды. Өлкөнүн түштүк аймагында дыйкандар жерин айдатып, эгин-тегин себилип баштаганына эки аптадан ашты. Өлкө түндүгүндө дыйканчылык талааларында даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Бул жылы дыйкандарды санаага салган бир катар оорчулуктар бар.

"Жерди айдап даярдоо былтыркыдан эки эсе кымбат"

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну Абдикарим Мырзабаев жыл сайын 6 гектар суулуу жерге жүгөрү эгет. Ал быйыл үрөн, жер семирткич жана жер айдоо иштери эки эсеге кымбаттаганын айтып берди. Баанын өсүшүнөн улам киреше кандай болоор экен деп кабатыр.

“Өткөн жылы 30 сомдон алган карбамид быйыл 60 сомго чыкты. Андан сырткары жүгөрү уругунун бир мүшөгү 13 миң сом болсо, жакынкы 15 күндүн ичинде 16 миң сомго чыкты. Бул доллардын өсүүсүнөн болду. Өкмөт жер семирткичтин баасын бир аз арзандатып берсе жакшы болмок. Күйүүчү майдын баасы дагы кымбат. Мунун айынан былтыр 1 гектар жерди айдап даярдоо 3 миң сомго турса, быйыл 6 миң сомго чыкты”.

Бактыбек Алайчиев.
Бактыбек Алайчиев.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев айыл чарбага деп ажыратылган 26 млрд. сомдун 135 млн. сому Ош облусунун арык-каналдарын чаап, аны тазалоого коротулуп жатканын билдирди. Дыйкандарга колдоо азырынча ушул гана иштер.

“Азыркы күндө жер семирткичтердин, күйүүчү майдын кымбаттыгы айтылып жатат. Үрөндүн кымбаттаганын да айтып жатышат. Биз аларды кайсыл жерден алуу керектигин көрсөтүп берүүдөбүз. Ушул жарманкеден укпай, билбей калгандар келип, алып кетишүүдө. Ал жакка суу жеткирип берсек, эгиндерди да эксе болот”.

Быйыл айыл чарбасын каржылоого мамлекеттик бюджеттен 26 млрд. сом бөлүнгөн. Анын 6,2 млрд. дыйкан-фермерлерди насыялоого, 10 млрд. сому “Жеткиликтүү агронасыя” деп аталган кластердик каржылоого, 1,5 млрд. үрөн сатып алууга, 1 млрд. жер семирткич сатып алууга жана 1 млрд. сому ирригациялык каналдарды оңдоп-түзөөгө жумшалат.

Жеңилдетилген насыя

Дыйкан-фермерлерге насыя 6% чен менен үч жылга берилет жана каражатты иштетүү көзөмөлгө алынат. Дыйкандар жеңилдетилген насыялар жаз башталганда гана бериле баштагандыктан, алардын ишине пайдасы жакшы тийбей жатканын айтып нааразы.

Ноокендеги Кызыл-Туу айылынын тургуну Нурадил өкмөттүн жеңилдетилген насыясы жеткенче бардык иштен кечигип калбайын деп, колдо болгон каражатка иш баштаганын кеп салды.

“Насыя берилип жатат дейт, жүздөн 10 пайызына бергендир. Кезек узун окшойт, бизге бербеди. Кезекке жазылыш үчүн азыр кеч эми. Биздин кезек келгенче эгин деле эгилип, бышып калат. Бизге 20-январга чейин берилип калса жакшы болот эле. Азыр берилсе дагы кеч эми. Ал деле кайсы убакта тийиши күмөн экен. Азыр барып жазылсаңыз, бир айга созулуп отуруп тийбей калышы да мүмкүн экен. Күйүүчү май күндөн-күнгө кымбаттоодо, жер семирткич деле 50% көтөрүлүп кетти окшойт. Былтыр жогорку чеги 27 сом болчу, быйыл 47-50 сом деп атышат”.

Айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров дыйкандарга насыя берүү ишинин кечеңдеши ички процедуралык иштердин создугушунан болгонун билдирди.

“Быйыл биз токтомду январдын башында эле, жумушчу күндөрү кабыл алдык. Келишим түзүү иштери менен ички процедуралары бир аз созулуп, дыйкан-фермерлерге насыяны ачып берүү солгундап калды. Бирок, былтыркыга салыштырмалуу бир топ эле эрте бергенге аракет кылдык”.

Үрөнгө бөлүнгөн 1,5 млрд. сом каражатка Орусиядан өндүрүмдүүлүгү жогору, сапаттуу үрөн сатып алынган. Айыл чарба министрлиги дыйкандарга жеткиликтүү бааны камсыздоо үчүн керектүү үрөн жана жер семирткичтер коңшу өлкөлөрдөн өндүрүүчүнүн наркы менен жеткирилип берилээрин убада кылууда.

Нурдин Алишеров быйыл дыйкандарды үрөн менен камсыздоодо көйгөй болбойт деп ишендирет.

Нурдин Алишеров.
Нурдин Алишеров.

“Он күн болуп калды, он беш миң тонна үрөн алынып келип баштады. Бул жетиштүү. Бул үрөндү азыр мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан сатылып келип, түшүп жатат. “Супер элита”, “Элита” үрөнү үрөнчүлүк чарбаларына, андан кийин биринчи репродукциядагы үрөн дыйкан-фермерлерге берилет. Ал жерде дагы өзүнүн механизми бар. Үрөн “Айыл банк” аркылуу 4,5% үстөгү менен 2 жылга жеңилдетилген товардык насыя катары берилет”.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын ноябрь айынын этегинде болгон Коопсуздук кеңешинин жыйынында мурда дыйкандарга бөлүнгөн жеңилдетилген насыялардын 97% бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор жана алардын туугандары алып келгенин билдирген. Дыйкан-фермерлердин колуна 3% гана жеткен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке бул жагдайды тыкыр териштирүү тапшырмасы берилген.

Атайын кызма азырынча бул тууралуу маалымат бере элек. Өкмөт мындан ары дыйкандарга берилген насыялардын иштетилишин тыкыр көзөмөлдөй турганын айтып келет.

Орус-украин жаңжалынын кесепети

Айыл чарба министрлигинин маалыматында, Орусия, Казакстан өңдүү Кыргызстандын экономикасы терең интеграцияланган өлкөлөрдөгү экономикалык кризис менен валюта базарындагы болуп жаткан олку-солкулуктар өлкө айыл чарбасына да олуттуу таасирин тийгизип жатат. Бул өзгөчө үрөн, айыл чарба шаймандарын, мунай жана жер семирткичтерди сатып алууда көбүрөөк сезилүүдө. Министрлик дыйкандардын керектөөсүн ортомчуларсыз, өндүрүшчүлөрдөн түз камсыздоо аракетин көрүүдө.

Мамлекеттик бюджеттен быйыл минералдык жер семирткичтерди сатып алууга 1 млрд. сом бөлүнгөн. Бирок азырынча алар кампаларга келип түшө элек, иш коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдүн деңгээлинде жүрүп жатат. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары Рустам Каракулов жер семирткичтер Өзбекстандан, үрөн Орусиядан келерин билдирди.

Рустам Каракулов.
Рустам Каракулов.

Азырынча Материалдык резервдер фонду келишимдерди түзө элекпиз. Себеби, өкмөттүн тескемеси жакында чыкты. Азыр биздин өкмөт менен ал жактын өкмөтү баалары боюнча сүйлөшүп жатышат. Бүгүн-эртең сүйлөшүүлөр жүрүп, команда берсе барып келишим түзүп келебиз дагы иштеп баштайбыз. Үрөн Орусиядан келе жатат. Бир миң үч жүз тонна келди, калганы жолдо келе жатат. Жалпысынан 14500 тонна келиши керек. Түштүк жакка айтыш кыйын болуп жатат, түндүк жакка жетишип калышыбыз мүмкүн. Түндүктө Көл, Нарын бар, Чүйгө деле жетишип калабыз, буюрса”.

Кыргызстандын Жер семирткичтерди ташып келүүчүлөр бирлигинин маалыматында, жер семирткичтер Орусиядан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Түркмөнстандан импорттолот. Анын ичинен 80% Өзбекстандан келет. Жолу жакын болгондуктан өзбек өндүрүмү Орусияныкына караганда 15% арзан болот.

Жер семирткичтердин айрым түрлөрү гана чыккан өлкөлөр да бар. Маселен, аммофос Казакстандан келет, ал жалпы импорттолгон жер семирткичтердин 10% түзөт. Орусиядан диаммофоска, нитроаммофоска, азофоска минералдык жер семирткичтери келет, алар дагы 10% тегереги болот. Жаңы жылга чейин келген 30 миң тонна жер семирткичтин 13 миң тоннасы калган, ал дыйкандарга аз-аздан таркатылып жатат.

Бирликтин төрагасы Эрлист Акунбеков жер семирткич тартыштыгы менен базардагы баанын туруксуздугу дыйкандарды кооптондуруп турганын айтат.

Эрлист Акунбеков, Минералдык жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы
Эрлист Акунбеков, Минералдык жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы

“Жыл сайын бизге 120-130 миң тоннага чейин жер семирткичтер келчү. Быйыл да ошол көлөмдү алып келели десек заводдордун өзүндө да жетишсиз болуп жатат. Ошондуктан дыйкандарда нааразылыктар болуп жатат. Чынын айтканда, эки айдан бери биздин дагы маанайыбыз жок. Эки күндөн бери башыбызды көтөрбөй эле эсеп-кысаптын үстүндө отурабыз. Доллардын курсу 97 сомго чыгып, 14%га көтөрүлдү. Бул деген 40 сомдук жер семирткич дагы 14%га кымбаттайт деген сөз. Ошондо валюта курсунун өзгөрүүсүнөн эле 45-46 сомго чыгып кетип атат. Жылда октябрдан баштап камсыздап келгенбиз. Быйыл баалар өсүп жаткандыктан бул иш үзгүлтүккө кабылып жатат”.

Акунбеков химиялык азыктандыруучу заттар кымбат жана тартыш болуп жаткандыктан турмуш органикалык жер семирткичтерге өтүүнү шарттап турганын кошумчалады.

Сүт, биогаз жана жер семирткич өндүргөн ишкер
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00

Кыргызстан мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, мунайзаттын 95% Орусиядан импорттолот. Былтыр март айынан берки бир жыл ичинде дүң баа 140%, Кыргызстандагы чекене баа 70% өскөн.

Келишимдер доллар менен түзүлгөндүктөн, февраль айынын аягындагы валюта курсунун кескин секириги да баанын кезектеги көтөрүлүшүнө негиз болду. Бирликтин аткаруучу директору Канат Эшатов Орусияга салынган санкциялардын таасири азырынча сезиле электигин, мунайзат келишимдер боюнча ташылып келип жатканын билдирди.

“Январь айында меморандумга кол койгонбуз. Ал жерде быйылкы жылга канча көлөмдө керек экени жазылган, жүз миң тоннанын тегерегинде. Ошону биз толугу менен камсыз кылабыз. Алып аткан күнү дүң баа канча болсо, ошондон дагы литрине 40 тыйындан арзандатып беребиз. Ал жерде көпчүлүгү дизель отуну болуп жатат, аны толугу менен камсыз кылып беребиз деп милдеттеме алганбыз. Бүгүнкү күндө түштүктө жазгы талаа иштери толугу менен жүрүп жатат, ал эми түндүк аймактарда эми башталып атат”.

Мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев дыйканчылык үчүн быйыл ар тараптан оор жыл болот деп эсептейт. Анын пикиринде, алдыда күтүлүп жаткан кургакчылык, доллардын курсунун өсүшү, орус-украин жаңжалынын кесепети дагы Кыргызстандын айыл чарбасына кымбаттоолорду алып келүүдө.

Тилек Токтогазиев, айыл чарбасы боюнча адис
Тилек Токтогазиев, айыл чарбасы боюнча адис

“Орусиянын рублинин курсу күчүн жоготуп жатат. Бул кыргыз сомуна да таасир этүүдө. Биз көбүнчө дары-дармек, үрөндү сырттан доллар менен алып келебиз. Бул автоматтык түрдө кымбаттоого алып барат. Азыр айыл чарбага деп бөлүнгөн миллиардаган акчалар, дыйкандарга бөлүштүргөндө эч нерсеге жетпей калышы мүмкүн. Мындан дагы күчтүүрөк антикризистик программаны иштеп чыгышыбыз керек. Улуттук коопсуздуктун эң маанилүү тармагы – бул азык-түлүк коопсуздугу. Биз учурунда үрөндү 30% субсидия кылуу жөнүндө мыйзам киргизгенбиз. Ошондой субсидиялык инструменттер сөзсүз колдонулушу керек. Дыйкандарга быйыл жардам бербесек оор болот. Андан сырткары кредиттик, лизингдик инструменттерди азыркыдан дагы жеңилдетилген шарттар менен, күрөө маселесин чечип, гранттарды, ссудаларды алып бере тургандай шарттарды түзүп бериш керек”.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG