Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Доллар менен насыя алгандар бийликке кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандык ишкерлер жогорку бийликке кайрылып, доллар менен алынган насыяны улуттук валютага которууну өтүнүп жатышат. Өлкөнүн валюта базарында азыр 1 доллардын баасы 97-98 сомго барабар. Акыркы он күндө АКШ доллары дээрлик 10 сомго кымбаттады. Мындай жагдай доллар менен насыя алгандар жана соода кылгандарга олуттуу таасир этип жатат.

Бишкек шаарынын тургуну Перизат доллар менен алган насыясын жакында сомго которду. Бирок, ал банктын макулдугун алган аз сандагы жолдуулардын бири болуп калды. Компанияга оорчулук келгендиктен кийин келгендерге баш тартып жатат.

Перизат, банктын кардары
Перизат, банктын кардары

“Төрт жыл мурун мага микрокредиттик компаниядан чакан насыя беришкен. Пайызы ыңгайлуу болгондуктан доллар менен алгам. Доллардын куну өсүп кеткендиктен өткөн жумада арыз жазууга туура келди. Менин арызымды жактырып, сомго которууга жардам беришти. Сом менен, албетте, насыяны төлөө кымбатыраак болуп калат. Жаңылбасам, ай сайын төлөгөн акчам 7% көбөйдү. Буга карабай мен үчүн сом менен төлөгөн ыңгайлуу болуп турат. Анткени, доллардын курсу 10 сомго өсүп кетти. Бирок, мени менен дагы бир кардарга эле макулдук беришиптир. Менин билишимче, башка кардарларга баш тартып жатышыптыр”.

Ал эми Дордой базарында баш кийим саткан Жолдошбек товарын Кытайдан алып келгендиктен, дүң сатып алуудагы эсеп-кысапты доллар менен жүргүзөт. Анын айтымында, доллардын кунунун кескин өсүшү базар баасынын кымбатташына себеп болууда.

“Биз Кытайга акчаны доллар менен жөнөтөбүз. Кытай өзү колуна доллар кармабайт. Биз жөнөткөн акча банктан калькуляция болуп, аларга өзүнүн акчасы менен берилет. Бул жактан биздин жөнөткөн валютабыз мурдагы жылы 1 доллары 7 юандан ашык болсо, азыр 6,25 болуп калды. Бул жакта болсо былтыр 15% кымбаттап кеткен. Азыр дагы 15-20% кымбаттап кетти. Анан келген товарлардын баалары кымбат болот да”.

Бишкектеги банктардын биринин кызматкери Майрамбек валюта курсунун өсүп жатышы кардарларды кабатырга салып, доллар менен алган насыяларын сомго которууга аракет кылып жаткандар арбыганын билдирди.

“Доллар менен насыя алган айрым кардарларыбыз бизге насыясын сомго которуу өтүнүчү менен кайрылып жатышат. Пайыз менен алганда 20% кардарларыбыз кайрылды. Алар арыз калтырышкан, бирок азырынча чечим кабыл алына элек. Биз өтүнүчтөрдү кабыл алып жатабыз, кардарлардын насыяларын доллардан сомго которгон күндөгү курс менен конвертациялоо маселесин банктын комитетинин кароосуна чыгарабыз. Азыр кардарлар насыяны төгүү үчүн долларды 97 сомдон сатып алууга мажбур болуп жатышат. Доллардын пайыздык чени буга чейин эле сомго караганда төмөн болчу. Маселен, учурда сом менен берилген насыянын пайыздык чени 17%, доллар 11% түзөт. Андыктан, доллар менен берилген насыяларды сомго которгондо деле бирдей эле болуп калат”.

Кыргызстандагы банктык-насыялык уюмдардын кардарлары көбүнчө Орусияда эмгектенген мигранттар менен байланыштуу. Алардын үй бүлөсүндө жок дегенде бирден киши чет элде эмгектенишет жана насыяны ошол жактан тапкан каражатынан төлөшөт.

“Мол Булак” микрокредиттик компаниясынын Баткен-Лейлек аймагы боюнча менежери Максатбек Эралиев орус рублинин куну кескин түшүп кеткендиктен, алардын төлөмүндө кыйынчылыктар жаралып жатканын айтат.

“Биздин компаниянын кардарларынын Орусияда иштеп жаткан үй-бүлө мүчөлөрү бул жакка акча которгондо, курстан айырма болгондуктан бир аз таасирин тйигизип жатат. Мурда орус рублинин курсу сом менен тең болуп аткан болсо, азыр которгондо 25% төмөндөп кетти. Мисалы, он миң рубль которгон болсо, аны айландырганда 7500 сом болуп калып жатат. Бул кардарлардын арасында көйгөй жаратууда”.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) төрагасы Жоодар Омошев Кыргызстанда дээрлик бардык экономикалык иш-аракеттер доллар менен эсептелгендиктен, валюта кунунун секиригинин оорчулугу көп болорун айтат.

Жоодар Омошев, ЖИА ассоциациясынын төрагасы
Жоодар Омошев, ЖИА ассоциациясынын төрагасы

“Азыр баары долларга байланган. Жадагалса ижараны да доллар менен берип атпайбы. Кафелер да, дүкөндөр да, баары доллар менен беришет. Соода борборлоруна кирсеңиз, квадраты 7 доллардан башталат, 40-45 долларга чейин чыгат. Алар кантип ижарасын төлөйт? Чет өлкөдөн келип аткан бардык чийки заттар доллар менен келет. Менин бир досум темир алып келип, бул жерде өндүрүш менен алектенет. Алар алдыдагы 2-3 айга жумушун токтотуп атышат. Анда жаңылбасам, 30га жакын киши иштейт. Бул киши го бир аз каражаты бар экен, 2-3 айга чыдайт. Колунда иштеген балдар үй-бүлөсүн кантип багат?”.

Бизнес коомчулугунун маалыматында, акыркы 5 жылда сомдун долларга куну 40% түшүп кеткен. Кредиттик уюмдар болсо бизнес үчүн ири насыяларды чет элдик валютада гана бергиси келет. Мындан улам, насыяны доллар менен алган компаниялар сом менен 44% ашыкча төлөөгө мажбур болушат. Буга байланыштуу Кыргызстандын 25 бизнес ассоциациялары жогорку бийликке кайрылып, насыяны улуттук валютага которуу өтүнүчүн жолдошту.

Кыргыз бийлиги акча базарындагы туруксуздуктан улам жаралган кырдаалга байланыштуу насыячыларга кандайдыр бир жардам берилер-берилбесин так айта элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG