Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Президент эки базарды кыдырып, ККМ аппараттары тууралуу маалымат берди


Садыр Жапаров “Дордой” базарында.
Садыр Жапаров “Дордой” базарында.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош" базарына барып, ишкерлерге контролдук-кассалык аппаратты (ККМ) ишке киргизүү максатын түшүндүрдү. Президент соодагерлердин ККМди киргизүүнү эмне үчүн колдобой жаткандыгы тууралуу пикирлерин угуп, буга түшүндүрүү иштеринин жетишсиздиги себеп болгонун айтты.

“Ата мекендик экономиканын 40% көмүскөдө калганын айтып, аны ал жактан алып чыгып, ошол эле учурда кичи жана орто бизнес жабыркабасын деп жатабыз. Эгер мурда ККМди ишкер өзү сатып алышы керек болсо, азыр алар бюджеттин эсебинен алынат, ишкерлердин ыңгайлуу иштөөсү үчүн акысыз уюлдук тиркемелер болот”.

Президент Садыр Жапаров “Ош базарында”.
Президент Садыр Жапаров “Ош базарында”.

Садыр Жапаровдун айтымында, акча жүгүртүүсү аз ишкерлер смартфонундагы мобилдик тиркеме аркылуу иштей алышат. ККМ ири соода борборлору үчүн милдеттүү болот. Акча жүгүртүүсү 8 млн. сомго чейинки чакан ишканалар салыктан бошотулат, алар ККМ колдонуу керек.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 10 миң ККМ аппараттары сатылып алынарын билдирди. Буга чейин 10 миңи сатылып алынган, Орусия да 30 миң аппарат берип жатканы белгилүү болду. Аны менен Бишкектеги ишкерлердин негизги бөлүгү камсыз болот.

Президенттин басма сөз кызматы Жапаров “Ош базарына” да барып, соодагерлерге ушул эле маселе боюнча түшүндүрмө бергенин кабарлады.

Мамлекет башчы 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылганы айтылган.

Буга чейин “Дордой”, “Дордой Моторс” жана “Таатан” өңдүү чоң базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG