Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр уланат


Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жандандыруу сүйлөшүүлөрү шейшембиде Венада уланганы жатат. АКШ Тегеран менен макулдашууга жетишүү мүмкүн, бирок бул жаатта тезирээк чара көрүү зарыл деп эсептейт.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү 7-февралда Иран атомдук программасын алга жылдырып жатканын, бир нече жуманын ичинде мунаса табылбаса, баштапкы келишимге кайтуу Вашингтон үчүн мүмкүн болбой каларын билдирди.

Венадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 28-январда токтоп, дипломаттар кеңешүүгө өз өлкөлөрүнө тарап кеткен.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак.

Бирок 2018-жылы АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан. Тараптар Венада сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрдү.

Иран Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзадех “санкцияларды алуу шарты Тегеран үчүн эң маанилүү маселе” деп билдирди жана жолугушуулар шейшембиде жанданарын бышыктады.

Батыш Ислам жумуриятын өзөктүк куралды байытууда деп айыптаса, Тегеран ал программасы тынчтык максаттарды көздөй турганын айтууда.

XS
SM
MD
LG