Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Айнек караңгылатууга уруксат алуунун төлөмү 30-50 миң сом болушу мүмкүн


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда автомашиненин каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүүчү мыйзам долбоору жактырылса, анын акысы 1 жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 8-февралдагы жыйынында билдирди.

ДепутаттарКыргызстанда айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүү сунушталган долбоорду талкуулап жатышат. Министр Амангелдиевдин маалыматына караганда, айнек караңгылатуу сунушу коррупциялык тобокелчиликтерди жоюуга багытталган. Азыр тыюу салынганына карабай, көпчүлүк айдоочулар машинесин караңгылатып жүрүшөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу башкармалыктын билдирүүсүндө, 2021-жылдын 11 айында алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып алган айдоочуларга карата 2,5 миңдей протокол түзүлгөн.

Долбоор боюнча каптал айнектерди караңгылатууга такси, эл ташуучу жана жүк ташуучу автоунааларга уруксат берилбейт. Эл өкүлдөрү мыйзамсыз караңгылатып алгандарга айып пулду эки эсе көтөрүүнү сунуштады.

Кыргызстанда учурда автоунаалардын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. Эрежени бузгандарга 5,5 миң сом айыппул салынат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG