Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Садыр Жапаров Ош базарына барды


Ош базары. Архив.
Ош базары. Архив.

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Ош базарын кыдырып жүрөт. Журналист Жоодар Бузумовдун "Фейсбуктагы баракчасындагы" түз эфирде Жапаров көзөмөл кассалык аппараттар (ККМ) жана базардын абалына байланыштуу барганы айтылууда.

Соодагерлер президентке базардагы орун, санитардык күн сыяктуу маселелер менен кайрылып жатышат. Жапаровдун жанында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев да жүрөт.

Президент 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылганы айтылган. Өкмөт муну бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максаты менен негиздеген.

Буга чейин "Дордой", "Дордой Моторс" жана "Таатан" өңдүү ири базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Ар кандай маалыматтар боюнча Бишкектеги ири базарларда эки миңдей адам жайма базарда соодагерлик кылат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG