Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Токон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берүүдө


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Мурда вице-премьер-министр Токон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, Мамытов 2009-жылдагы кыргыз-тажик чек арасына тиешелүү протокол боюнча прокуратуранын суроолоруна жооп берүүдө.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров буга чейин аталган протокол боюнча прокуратурада онго жакын сурак берип чыккан.

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган.

Саясатчы 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ошол кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырган. Бул иш боюнча Мадумаров менен Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров 19-январда беттештирилген.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атады. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын айткан.

Токон Мамытов 2008-2009-жылдары президент админстрациясында кеңешчи болуп турган. Ал эми 2009-жылы Чек ара кызматын башкарган. (TSh)

XS
SM
MD
LG