Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Кыргызстан Өзбекстандан электр жарыгын алып бүттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Өзбекстандан товар алмашуу жолу менен 700 миллион кВт/саат электр жарыгын алып бүттү. Ал эми Казакстандан алына турган 900 миллион кВт/саат электр жарыгынын 120 миллион кВт/сааты гана калды. Ал ушул тапта да берилип жатат.

Бул тууралуу 8-февралда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдирди. Анын сөзүнө караганда, Кыргызстан Түркмөнстандан да 2 миллиард 800 миллион кВт/саат токту импорт кылып жатат. Анын 1,5 миллиард метр кубу электр энергиясы менен. Андан тышкары 270 миллион куб газды Өзбекстандын ЖЭБинен токко айлантып алууда. Таалайбек Ибраев өлкө быйыл кыштан эч кандай чектөөсүз чыгат деп айтты.

“Быйыл эч кандай маселе жок. Биз кыштан Токтогул суу сактагычында 8 же 8,2 миллиард метр куб суу менен чыгып кетебиз деген ойдобуз. Былтыр 12,3 миллиард метр куб суу менен кышка кирсек, быйыл 12,8 миллиард метр куб суу менен киребиз деп турабыз”.

“Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, Токтогул ГЭСинде 8-февралга карата 8,8 миллиард метр куб суу бар.

2007-2008-жылдары Токтогул ГЭСинде суу 7-8 миллиард метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 миллиард метр кубга түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келишет. Өкмөт Токтогул гидроэлектр станциясында (ГЭС) коллапска жол бербей турганын убада кылган.

Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 млрд. метр куб суу батат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG