Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Жогорку Кеңеш өкмөттүн кризиске каршы планын жабык эшик артында угууда


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш Украинадагы кырдаалга байланыштуу өкмөттүн өлкөнүн экономикасы, валюта базары жана башка тармактарда көрүп жаткан чаралары тууралуу маалыматын жабык эшик артында угуп жатат.

2-мартта депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду орун басарлары менен чакырып кризиске каршы чаралар, баалардын өсүшүн ооздуктоо боюнча көрүлүп жаткан иштерди угуу сунушун беришкен.

Украинадагы кырдаалдан улам Кыргызстанда доллардын куну өсүп, улуттук валютанын наркы түшүүдө.

28-февралда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандагы баанын көтөрүлүшүн алдын алуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

Улуттук банк 28-февралда Кыргызстандагы каржы базары туруктуу экенин, керек болсо кезектеги интервенция жасоого бара турганын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG