Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Милиция: Жалал-Абадда эки айда төрт киши "Хизб ут-Тахрирден" чыкты


Шеркул Турганбаев. Архив.
Шеркул Турганбаев. Архив.

Жалал-Абад облустук милициясы 2022-жылдын эки айында аймакта төрт киши Кыргызстанда экстремисттик деп тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунан чыкканын жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр диний экстремисттик уюмдардын ишмердигин талкуулаган 600 тегерек үстөл уюштурулган жана 21 киши "Хизб ут-Тахрирден" чыгышкан.

Жалал-Абад облусунда 500дөн ашуун адам тыюу салынган ар кандай диний агымдарга мүчө экени аныкталып, милициянын каттоосуна алынган. Алардын ичинен 450дөн көбү “Хизб ут-Тахрирге" мүчө.

Лондондо жайгашкан сунни мусулмандарынын “Хизб ут-Тахрир” уюму ислам халифатын курууну көздөйт. Бул диний-саясий уюмдун ишмердигине Орусияда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө тыюу салынган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG