Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

"Эсимде" изилдөө аянтчасы Украинага тилектештик билдирди


Кыргызстандагы "Эсимде" изилдөө аянтчасынын командасы Украинада болуп жаткан агрессияга каршылык билдирген кайрылуу таратты. 3-марттагы кайрылууда эгемен мамлекеттин аймагында согуш ачкан орус бийлигинин аракеттери айыпталган.

"Кыргызстан Украина сыяктуу эле суверендүү жана көз карандысыз мамлекет. Бул эки өлкөнүн тең куракта болушу жөн жерден эмес. Өкмөттү жана Кыргызстандын президентин эгемендиктин баалуулуктарына жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого чакырабыз. Анткени, агрессивдүү позицияны колдоо Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнөн жана тынчтыкка умтулуусунан баш тартууга барабар", - деп жазылган кайрылууда.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Андан бери жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылып, имараттар талкаланды.

БУУга мүчө өлкөлөр Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюцияны 2-мартта жактырды. Жыйынга катышкан 193 мамлекеттин өкүлдөрүнүн 141и аны колдоду. Ал эми Кыргызстан добуш берүүдөн карманган 30дан ашуун өлкөнүн катарында.

“Эсимде” - XX-XXI кылымдардын көмүскө тарыхына арналган талкуу аянтчасы. Долбоордун командасы бир топ тарыхый окуяларды изилдеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG