Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Каспаров: Путин азыр реалдуулуктан алыс


Атактуу шахматчы, саясий ишмер Гарри Каспаров, 2019-жыл.
Атактуу шахматчы, саясий ишмер Гарри Каспаров, 2019-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Донбассты бошотуу операциясы” деген жүйө менен Украинага согуш ачканынын максаты жана анын кесепеттери тууралуу ой калчагандар көбөйдү.

Шахмат боюнча дүйнөнүн 13 жолку чемпиону, оппозициячыл саясатчы Гарри Каспаров “Настоящее Время” телеканалы менен болгон маегинде Путин Украинаны “жер менен жексен кылууну көздөп жатканын, аны азыр токтотуп калбаса, согуш оту бүтүн Европага жайыларын” эскертти.

- Сиз президент Путиндин максатын түшүндүңүзбү?

- Жөнөкөй логикага таянып, параноид диктатордун чыныгы максатын аныктоо өтө кыйын. Биз жеткен жексур менен кармашып жатканыбызды түшүнүүбүз керек. Анын үстүнө Путин Украинага каршы максатын эбак эле аныктаган. Ал украин мамлекети боюнча планын көп жолу кыйытып айткан.

Ал 2014-жылы эле Крымды аннексиялаганда, Луганскиден Одессага чейин бириктирип Новороссияны түзүүгө аракет кылган. Бирок андан эч нерсе чыкпады. Анткени украин элинин баскынчыны колдошу күмөндүү көрүнүп, Путин аскер күчүн толук пайдаланууга батынган эмес. Бирок ал 2022-жылы бул планын ишке ашыруу мүмкүн деп ойлоду. Путиндин 20 жылдан бери жазасыз калып келгени ушуга алып келди. Украинага кол салуу менен Путин бир эле ага эмес, бүтүн аң-сезимдүү дүйнөгө чабуул жасаганын көргөздү.

Бул соңку окуялар Путин дүйнө жүзүнө каалаганын кыларын көрсөткөн белги. Ал Украинаны эки-үч күндө эле толук басып алуу максатына жеткен жок. Тагыраагы, жөн эле басып албай, эгемен украин мамлекетин жок кылып, украин бийлигин кулатып, Киевге өз кол баласын отургузуп, андан соң гана ал күчтүн позициясынан туруп, Батыш менен сүйлөшкүсү келген. Бирок анысы ойдогудай болбоду. Ошондуктан эми ал мамлекетин коргоп чыккан карапайым украиндерден өч алууга өттү.

Эгерде башында орус армиясы турак жайларга тикелей сокку уруудан ийменип, боштондукка чыгаруучулардын ролун олдоксон болсо дагы ойногусу келсе, азыр жинденген Путин Украинаны жер менен жексен кылууга ачык эле буйрук берди. Бул Украинаны же украин элин эле талкалоо эмес, бул анын Путин каалаган нерсесин кыла аларын бүткүл дүйнөгө көрсөткөн ишараты. Аны азыр ооздуктабаса, анда азыркы Украинадагы согуш оту бүтүндөй Европага жайылат.

- Аны азыр токтотпосо, кийинки кезекте Европадагы башка өлкөлөр турганын европалык саясатчылар түшүнүшөбү?

- Бир нече жылдар бою европалык жана америкалык саясатчылар Путин тууралуу эскертүүлөрдү тоготпой келди. Азыр "ошондо Путин минтет, Путин тигинтет деп эскертип, туура айткан экенсиңер" деген сөздөрдү көп угуп жатам. Мен тарыхый китептерди көп окугам. Ошондуктан фактыларды талдай алам. Мындан тышкары, мен диктатордун “СССРдин кулашы 20-кылымдын эң чоң геосаясий катастрофасы” деп айтканына ишениш керек болчу деп эсептейм.

Путин 15 жыл мурда таасир этүү чөйрөсүн түзүү максатын айтып, түпкүлүгүндө мурдагы Советтер Союзунун гана эмес, жалпы эле Чыгыш Европанын аймагына да дооматы бар экенин жарыялаганда эле анын ушундай ишке барууга жөндөмдүү экенин аңдаш керек болчу. Жыйынтыгында, Путиндин андан кийинки бардык иш-аракеттери, жалпысынан, мына ошол планды ишке ашыруунун уландысы гана болду.

- Бул тууралуу көп эле уктук. Бул жөн эле маанисиз кептей сезилген. Жириновскийдин "Киевди бомбалайлы" дегенин укканда, аны акылдан азгандай кеп деп койгонбуз. Анан Путин Украина жөнүндө макала жазды. Анда да ушундай маанай бар болчу. Бирок акыркы убакка чейин ага эч ким ишенген жок.

– Маселе мына ушунда. Гитлер 1925-жылы “Майн Кампфты” жазып, жарыкка чыгарганда, көбү аны катардагы бир немис саясатчысынын маанисиз фантазиясы деп эсептешкен. Керек болсо, 1933-жылы ал бийликке келгенде деле ошентип санашкан. Башкача айтканда, бир нече жылдар бою Европа аны менен “кандайдыр бир жолун таап, келишсе болот” деп ойлоду. Албетте, бул Германияга жакпаган нерсе экени түшүнүктүү. Бирок ошентсе да, аны ооздуктоого шашпай, биз өтө эле аша чаппашыбыз керек" дедик. Аягы эмне болду?! Бирок азыр 20-кылымдын 30-жылдары эмес да. Биз ал тажрыйбаны баштан кечирдик. Ал кезде дагы саясатчылар элдешүү менен алектенип, ар кандай жол аркылуу аны менен “ойноп”, Гитлер менен бизнес жүргүзүшкөн.

Азыр болсо Европа менен АКШ дагы жыйырма жылдан бери Путин менен “ойноп” аны менен бизнес кылса болот деп ойлошту. Ошентип, алар кооптуу эскертүүлөрдүн баарын этибар алышпады. Бирок азыр эми көрүнүп тургандай, кырдаал белгилүү бир "кызыл чектен" чыгып кетти.

- Бирок ошол эле кезде Европа да, АКШ да украин бийлиги канча күндөн бери өтүнүп жатса дагы орусиялык учактар үчүн Украинанын аба мейкиндигин жаап салууга батынбады. Себеби эмнеде?

- Чынында, биз эмне болуп жатканын, окуялардын өнүгүү динамикасын карашыбыз керек эле. Жакында Германия позициясын 180 градуска бургандан кийин Европа Путинге мамилесин толук өзгөрттү.

Ал эми канцлер Олаф Шольц 1969-жылы Вилли Брандт жарыялаган Östpolitik деген багытты өзгөртүүсүн элестетүүнүн өзү таң калычтуу. Бул курсту Герхард Шрөдер, Ангела Меркел сыяктуу абдан харизматикалык саясатчылар ырааттуу жүргүзүп келишкен. Бирок алардын аркасы менен Германия бүткүл Европаны орус газына көз каранды кылып, түпкүлүгүндө Орусиянын негизги өнөктөшүнүн ролун ойноп, Путинге дайыма суудан кургак чыгууга мүмкүндүк берип турду.

Орусия Крымды аннексиялагандан кийинки санкциялар салынары сөз бойдон калып, иш жүзүндө Германия орус газын сатып алууну тынымсыз көбөйтүп, бүт Европаны Орусияга көз каранды кылып, аны “газ кууруна” отургузуп койгон жагдай түзүлдү. Азыр эми абал кескин өзгөрдү. Азыр Германия катачылыгын түшүнүп, анын артынан жалпы Европа принципиалдуу позицияны карманууга өттү.

Тилекке каршы, АКШнын санкциялары бүгүн европалык санкциялардан артта калганын айтып коюшум керек. Ал эми Украинада болуп жаткан окуялар үчүн жоопкерчиликтин бир бөлүгү Байдендин администрациясында экенин да моюнга алуу керек. Анткени былтыр июнь айында мен одоно жаңылыштык деп эсептеген саммитте Байден Путинге Украинага басып кирүү эмнеге алып келерин айтып, ынандыра албай, максаты ишке ашпай калды.

“Коркунучтуу санкциялар салынат” деген сөздөрдү гана уктук. АКШ сөз менен гана коркутуп турду. Ал эми Путин анын бирине дагы ишенген жок. Мен Женевадагы ошол майнапсыз жолугушуудан кийин жана Байдендин Путин менен телефон сүйлөшүүлөрүнөн соң, санкциялар орус танктарын токтото албастыгын эл аралык медиада улам айтып аттым. Күчтүү санкцияларды салуу чарасын мындан мурдараак колдонуш керек болчу.

- Азыр эми Путинди эмне токтотот?

- Эгерде санкциялардын жок дегенде бир бөлүгү былтыр июнда, ал тургай күздө, октябрь-ноябрь айларында киргизилгенде дагы согушту токтотуп калса болмок. Америкалык чалгын кызматтары “Украинага кол салуу сөзсүз болот” деп айткандан кийин да, кандайдыр бир катуу чара көрүп, Путиндин кара өзгөй ниетин токтотуп, көптөгөн адам курмандыктарынын алдын алса болот эле. Балким ошондо бир чара көрүлсө, Путин "кызыл чектен" өтүүгө батынбайт беле.

Бирок ал санкциялык кысымга ишенген жок. Азыр күчтүү санкциялар салынып, алар Орусиянын бүтүндөй экономикасына жана каржы системасына коркунуч туулду. Бирок бул чаралар дагы графиктен артта калып баратат. Азыр дагы мындан да күчтүү, көбүрөөк санкциялык чаралар талап кылынат. Мен Орусиянын экономикасынын бардык тармактарына, биринчи кезекте, албетте, мунай менен газга толук технологиялык эмбарго киргизүү зарыл деп эсептейм. Бул санкциялар орус экономикасына орду толгус зыян алып келет.

Анын үстүнө санкция салууну кечиктирүүгө болбойт. Анан бир жума же бир ай убакыт берилсе, анда эле активдерди чыгарып кеткенге мүмкүнчүлүк түзүлүп жатпайбы. Орусиянын бардык төлөмдөрүн бөгөп, токтотуу керек. Орусияны таш дооруна алып барып салуу абзел.

Орус экономикасы чындап шалтурук абалга түшүшү керек. Муну жасаса болот. Бирок азырынча америкалыктардын кандайдыр бир олку-солку экенин байкап жатабыз.

Орусия менен НАТОнун ортосунда кагылышуу болбой тургандай түр көрсөтүүнүн зарылчылыгы барбы? Путин эртеби-кечпи чагым жасоонун ар кандай жолун табарынан күмөнүм жок. Ошондуктан, АКШ “НАТОнун ар бир дюйм аймагын коргойт” дегени америкалык аскерлер, анын ичинде аскердик учактар түз чек арага жакын келмейинче, азыр эч кимди ынандыра албайт.

Бул азыр Путиндин маселеси эмес. Путин реалдуулуктан алыс. Ар бир орус генералы жана офицери эгер Литванын чек арасынан 1 сантиметр өтүп кетсе, НАТО аларды чаңга айландырып саларын түшүнүшү керек.

Эми кайрадан Украина маселесине келелик. Албетте, менин оюмча, кардиналдуу чечим кабыл алуу зарыл. Биз азыр иш жүзүндө согуш абалындабыз. Албетте, Украинанын асманын коргоодо ага ар тараптуу жардам көрсөтүү зарыл. Анан менин оюмча Украинанын үстүнөн учууга тыюу салган чечимди кабыл алуу туура кадам болмок.

Өзүбүздү алдаганды токтотушубуз керек. Орус армиясы менен аскердик кагылышуу сөзсүз болот. Аны кимдир бирөө каалаган жок. Аны Путин каалап турат. Ошол жетиштүү негиз. Азырынча анын кылмыштуу буйруктарын аткаргандар жазасыз калып, өздөрүн суудан кургак чыкчудай сезет. Эки жылдан кийинки Нюрнберг трибуналы тууралуу маселе азыр эч кимди кызыктырбайт. Бирок Украинанын аймагында аскердик кылмыш кылган генералдар менен офицерлер бул үчүн жазаланарын азыр түшүнүшү керек. Анан Путин аларды НАТО менен кагылышка түртүп жатканын аңдашы абзел. Ал эми НАТОнун армиясы менимче 48 сааттын ичинде Путиндин курал-жабдыгынын күлүн асманга сапырат.

– Орус эли көчөгө жүздөп, ал тургай он миңдеп чыгып, талап кыла баштаса Путинди токтото алабы?

- Албетте. Бул жерде маселе мына ошол ондогон, жүздөгөн, миңдеген, миллиондогон адам Орусияда качан жана кантип көчөгө чыгарында. Бул жалпы экономикалык финансылык кыйроонун шарттарында гана болушу мүмкүн. Ошондуктан, азыр тыным алууга убакыт жок.

Кайталап айтам, Орусияны 21-кылымдын технологиялык жетишкендиктеринен толугу менен ажыратып салуу зарыл. Ал эми Орусия, чынында эле, өз алдынча эч нерсе өндүрбөйт. Орусия технологиялык жактан Батыштын технологиясынан толук көз каранды. Ошондуктан Путиндин саясаты, Путиндин согушу чындап эле өлкөнү апаатка алып баратканын эл ташка тамга баскандай түшүнүшү керек жана алар өздөрү азыр бир нерсе кылышы зарыл.

Путиндин бийлиги акчага, каржы агымын толук көзөмөлдөөгө негизделген: бул негизги маселе. Санкциялар аны алсыратты, бирок анын каржылык жаздыгын толугу менен жок кыла алган жок. Путиндин акчасы түгөнүп калса, армияга да, полицияга да, үгүт иштерине да төлөй албайт – ушуга умтулуу керек. Ошон үчүн мен айтам: толук экономикалык, финансылык жана технологиялык блокада – Орусияда элди көчөгө чыккыдай кырдаал түзүүнүн бирден-бир жолу. Полиция азыр биз көргөндөй ынтызар эмес, коомду бурмалап жаткандай. Эгерде айлык жок болсо, көпчүлүк полиция бийликтин буйругун аткарып, элге кысым көрсөтүүгө батына албайт.

Мындан тышкары, обочолонуу маселеси да бар. Эмне үчүн Евробиримдиктин жана Американын элчилери Орусияда жүргөнүн түшүнбөйм. Элчилерди чакыртып алуу, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү абсолюттук минимумга чейин кыскартуу – ооба, бул блокаданын зарыл бөлүгү. Спорттук уюмдар буга чейин эле жасап жатышат. Путиндин тушунда Орусия бардык эл аралык транзакциялардан: спорттук, каржылык, саясий иштерден толугу менен четтетилиши керек.

- Ал эми Кытай жана башка коңшуларынын таасири болушу мүмкүнбү?

- Эгер алар Кытай менен байланышкылары келсе Кытай буга ынтызар эмес экенин көрүп жатабыз. Ал эми Иран да Орусияга өтө этият мамиле кылат. Сирия, Венесуэла, Никарагуа, Куба жана кээ бир бандиттердин бир тобу союздаш болуп кала беришти. Дүйнөлүк оюнчулар, биринчи кезекте Кытай бүгүн Путинге жардам берүүгө даяр эмес.

Казакстанды карасак, жакында эле чоң апааттан аман калды. Ал жерде президент Токаев өзү четке чыга берип, бул анын иши эмес экенин көрсөтүп жатат. Ошондуктан, алар кандайдыр бир билдирүү жасашса да, орус экономикасына эч ким жардамга келбей турганынан күмөнүм жок.

Батыш азыр Орусиянын экономикасына жана каржы системасына орду толгус зыян келтире алат жана бул Путинди өзүнүн аскердик жана пропагандалык машинесин кармап туруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG