Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Орусия эл аралык футбол мелдештеринен четтетилди


Бундеслиганын беттешүүсү, Франкфурт. 26-февраль, 2022-жыл.
Бундеслиганын беттешүүсү, Франкфурт. 26-февраль, 2022-жыл.

Орусия Украинага басып киргенден бери орус жергесинде өтө турган эл аралык мелдештер башка өлкөлөргө которулууда. Кээ бир федерациялар орусиялык атлеттерди мелдештерге катыштырбоого чакырууда же ал өлкөнүн спортчулары менен таймаштарга чыгуудан баш тартып жатат.

Спорт дүйнөсү Орусияны обочолонтту

28-февралда Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жана Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) Орусиянын улуттук курама командаларын жана бардык клубдарын эл аралык футбол мелдештеринен белгисиз мөөнөткө четтетти.

Мындай чечим Орусиянын Украинага кол салганына жооп иретинде кабыл алынды.

Ошондой эле УЕФА демөөрчүлүккө байланыштуу Орусиянын “Газпром” компаниясы менен түзүлгөн келишимдерди да токтотту.

“Футбол биримдикте жана Украинадагы жабыркаган элге толук тилектеш”, - деп айтылат эки уюмдун 28-февралдагы биргелешкен билдирүүсүндө.

Дүйшөмбүдө салттуу бейтараптыктан тайып, Эл аралык Олимпиада комитети спорттук федерацияларга орусиялык жана беларус спортчуларына, расмий адамдарына мелдештерге катышууга уруксат бербөөгө чакырды.

“Орусиянын жана Беларустун атлеттери таймаштарга чыгып жаткан маалда украин спортчулары өлкөсүнө болгон кол салуудан улам андай мүмкүнчүлүктөн ажырап калышты”, - деп түшүндүргөн комитет Украинадагы согуш Олимпиада кыймылын дилеммага такаганын белгиледи.

Маалыматка караганда, сөз болгон эки өлкөнүн спортчулары нейтралдуу деп кабыл алынып, улуттук символдорун, туусу колдонбоого, гимни жаңырбоого тийиш. Комитет ошондой эле Орусия жана Беларуста эл аралык мелдештерди өткөрбөө кеңешин берди.

Муну менен катар президент Владимир Путин баштаган орусиялык бир нече жетекчи Олимпиада ордендеринен ажыратылды.

Жекшембиде Дзюдо боюнча эл аралык федерация Путиндин ардактуу төрага деген наамын алып салууну чечкен. Эсиңиздерге сала кетсек, орус мамлекет башчысы дзюдо боюнча 8-Дандын (бул спорттогу эң жогорку даражалардын бири) ээси.

Формула - 1дин Сочидеги жарышы. Архивдик сүрөт
Формула - 1дин Сочидеги жарышы. Архивдик сүрөт

Формула-1 Орусия кошуна өлкөгө кол салгандын эртеси эле 25-сентябрга пландалган Сочидеги жарыш ал шаарда өткөрүлбөй турганын жарыялады.

“Бейкүнөө адамдар өмүр менен кош айтышып, үйлөрүнөн, жакындарынан айрылып, качарга коопсуз жер таппай жатышат. Бул туура эмес. Бардыгы оңунан чечилет деп ишенебиз. Формула-1 Орусияда жарыш өткөрбөөнү туура көрдү. Бир нече айдын ичинде эмне болуп кетерин айтуу кыйын. Башка пилоттор да бул чечим менен макул деп ойлойм”, - деп айтты “Альфа Ромео” командасынын мүчөсү Валттери Боттас.

Мунун артынан УЕФА Чемпиондор лигасынын финалын Санкт-Петербургдан Парижге которуу чечимин кабыл алды.

"Эч нерсе болбогондой карап отура албайбыз”

Дүйнөлүк футбол федерациясы – ФИФА согушка байланыштуу орусиялык спортчуларга кандай чектөөлөр киргизилерин айта электе, өткөн ишембиде Польшанын курама командасы быйылкы дүйнө биринчилигине иргеп алуу оюндарынын алкагында 24-мартка белгиленген Москвадагы беттешүүгө барбай турганын жарыялаган. Польша курама командасынын жана Мюнхендин “Бавария” клубунун чабуулчусу Роберт Левандовски өз өлкөсүнүн футбол биримдигинин чечимин кубаттады:

Роберт Левандовски
Роберт Левандовски

“Орусиялык футболчулар, күйөрмандар азыркы кырдаал үчүн жооптуу эмес. Бирок биз эч нерсе болбогондой карап отура албайбыз”.

Польша менен бир тайпада ойногон Швеция жана Чехиянын футбол биримдиктери да Орусияда ойнобой турганын билдиришти.

Чехиянын хоккей федерациясы да улуттук курама команда Орусия жана Беларуска каршы таймаштарга чыкпайт деп чечти.

Буга чейин Биатлон боюнча эл аралык федерация орусиялык жана беларус спортчулары жарыштарга бейтарап желектин астында гана катыша аларын эскерткен.

Ал тапта волейбол боюнча Токио оюндарынын чемпиону - Франциянын курама командасы Орусияда өткөрүлө турган дүйнө чемпионаты башка жерге которулбаса, ага катышпайт деген чечим кабыл алынды.

Айрымдар атүгүл орусиялык спортчуларды, клубдарды же курама командаларын толук бойкоттоого чакырып жатышат.

Швеция өкмөтү Европа биримдигине Орусияны бардык спорт мелдештеринен чыгарууну сунуш кылды.

Премьер лигасынын оюну алдында. Ливерпуль. 26-февраль, 2022-жыл
Премьер лигасынын оюну алдында. Ливерпуль. 26-февраль, 2022-жыл

Ал ортодо украиналык спортчулар дүйнөнүн булуң-бурчунда калың элдин колдоосуна алынып, аларды кол чабуулар менен тосуп жатышат. Европалык клубдар футбол талаасына “Согушка жол жок!” деген ураандарды, Украинанын желектерин көтөрүп чыгууда.

Украиналык кээ бир спортчулар аскерге мобилизация болуп, биатлон боюнча 2019-жылкы дүйнө чемпиону Дмитро Пидручный мелдештерге катышпай турганын, мекенин коргоого жөнөп жатканын социалдык тармактарга жазды.

“Менин командам жана мен үйлөрүбүздү, үй-бүлөлөрүбүздү орус армиясынан коргоо үчүн Украинада калабыз”, – деп айтты биатлонист.

Бирок дүйнө кубогунун калган бөлүгүндө Украинанын желеги илинерин Биатлон боюнча дүйнө биримдиги билдирди.

Согушту айыптаган билдирүүлөр

Орусиялык айрым спортчулар согушту айыптаган билдирүүлөр менен чыкты.

Теннисчи Андрей Рублев өткөн аптада Дубайдагы мелдештин финалына чыкканда “Согушпагыла, өтүнөм” деп камерага жазгандан кийин көрүүчүлөрдүн кол чабууларына арзыган. Мелдешти жеңгенден кийин ал азыр кеп теннис тууралуу эмес, тынчтык жөнүндө жүрүп жатканын айтты:

“Ушундай учурларда менин оюнум анча маанилүү эмес экенин даана түшүнөсүң. Кеп беттешүү же анын мага таасири тууралуу жүргөн жок. Азыр болуп жаткан окуялар алда канча коркунучтуу. Дүйнө жүзүндөгү бейпилдик, бири-бирибизди урматтоо канчалык маанилүү экенин түшүнүп каласың”.

Ал эми германиялык Schalke 04 футбол клубу өз логосунан “Газпром” деген жазууну алып салды. Баса, орусиялык миллиардер Роман Абрамович өзү ээлик кылган англиялык “Челси” клубун башкарууну камкордук фондуна өткөрүп бергенин жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG