Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:48

Грузия менен Молдова Евробиримдикти тандады


Брюссел, Евробиримдиктин штаб-квартирасы.
Брюссел, Евробиримдиктин штаб-квартирасы.

Орусиянын кол салуусуна дуушар болгон Украинанын артынан Молдова менен Грузия Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүүгө арыз беришти.

Алгач грузин премьер-министри Ираклий Гарибашвили жана анын артынан молдован президенти Мая Санду 3-мартта Евробиримдикке талапкер макамын берүү боюнча арызга кол коюшту. Эми бул эки арызды Брюссел эл аралык абалга байланыштуу Киевдин өтүнүчүн карагандай ыкчам тартипте талкуулап, чечим кабыл алууга тийиш.

Эки өлкөнүн Еврошаркетке бир күндө берилген арызы

Алгач 3-март күнү Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили өлкөгө Европа Биримдигине талапкер макамын берүү боюнча арызга кол койду. Бул тууралуу грузин өкмөт башчысынын расмий сайты кабарлады.

"Бүгүн Грузия үчүн тарыхый күн. Өлкөнүн атынан мен Евробиримдикке мүчөлүккө кабыл алуу боюнча арызга кол коюп жатам", - деп билдиргенин ага шилтеме берип премьер-министрдин басма сөз кызматы билдирди.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили Европа Биримдигине талапкер макамын алууга арызга берди. 3-март, 2022-жыл.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили Европа Биримдигине талапкер макамын алууга арызга берди. 3-март, 2022-жыл.

Анын айтымында, грузин эли дайыма Европага багыт алган, ал эми европалык келечек – бул кайсы гана грузин өкмөтү болбосун эл тарабынан аныкталган талашсыз программа.

"Тбилиси Демократия, мыйзам үстөмдүгү, адам укугун коргоо жана ак ниет башкарууну жактап, “өлкөнүн бардык турмушунда европалык стандарттарды жигердүү ишке киргизип жатабыз", - деп баса белгиледи премьер-министр Ираклий Гарибашвили.

“Грузин кыялы” партиясынын лидери Ираклий Кобахидзе Грузия Еврошаркет менен кызматташтыкты күчөткөнүн белгилеп, Брюсселди Тбилисинин өтүнүчүн чукул арада карап берүүгө чакырды.

Буга чейин Тбилисиде Украинага тилектештик билдирген акцияларда Евробиримдикке мүчө болуу жараянын тездетүүгө чакырыктар айтылган.

Грузия 2024-жылы Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер болууну пландаштырган. Бирок Тбилиси “жаңы саясий жагдайды эске алуу менен” бул жараянды тездетүүнү чечти.

Анын артынан Молдованын президенти Майя Санду Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын алуу боюнча арызга кол койгонун билдирди. Өтүнүч француз президенти Эммануэл Макронго жолдонду. Анткени Франция азыр Еврокеңешке төрагалык кылат.

Мая Санду: Отуз жылдан кийинки тандоо

"Биздин жетилишибизге 30 жыл керек болду. Бул убакта көп кыйынчылыктарды көрдүк. Эми биз мына ошонун баарынан сабак алып, келечек үчүн жоопкерчилик алууга даярбыз. Биз демократиялык коомдо тынч жашоону жана эркин дүйнөнүн бир бөлүгү болууну каалайбыз. Жагдайга жараша дароо аракетттенип, болочок муундардын коопсуздугун жана жакшы жашоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн ачык көрүп турабыз. Ошондуктан бүгүн биз Молдова Республикасынын Евробиримдикке кошулуусу боюнча арызга кол коюп жатабыз. Молдова даана европалык өнүгүү жолунда болууга тийиш. Бул башкы улуттук максатка жетүү үчүн биз бардыгын жасоого даярбыз", - деди Молдованын президенти Мая Санду.

Бул документке Молдова Республикасынын премьер-министри Наталья Гаврилица жана парламенттин спикери Игорь Гросу да кол койду. Молдова жана Грузия Украина менен бирге Евробиримдикке интеграцияны көздөгөн үчилтикке кирет.

Грузия менен Молдова 28-февралда тездетилген эреже менен Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер болуп кирүүгө арыз берген Украинадан кийинки экинчи жана үчүн мамлекет болуп калды.

Түркиянын Еврошаркетке таарынычы

Ошол эле кезде Европа Биримдигине кирүүгө арыз берип, бирок арызын кароо көп жылдан бери кечеңдеп келе жаткан мамлекеттер да бар. Алардын бири Түркия көп жылдан бери Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер.

Көптөн бери Евробиримдикке кире албай келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Еврошаркеттин мүчөлөрүнөн баарына бирдей мамиле кылууну талап кылды:

Режеп тайип Эрдоган, Түркиянын президенти.
Режеп тайип Эрдоган, Түркиянын президенти.

"Биздин НАТОго карата мамилебиз айдан ачык. Биз НАТОнун кеңейишине тоскоол болчу өлкө эмеспиз. Тескерисинче, биз дайыма НАТОнун кеңейүүсү бардыгына пайдалуу экенин жактап келгенбиз жана азыр да жактайбыз. Бул кадамдарга барып жатып, биз муну дүйнөдө тынчтыкты сактап, бүткүл жер жүзүндөгү бейпилдикке салым кошууну көздөйбүз. Ал эми Европа Биримдигине келсек, мен азыр Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин бардыгын калыстыкка чакырат элем. Сураныч, азыркы учурда Украинага кандай камкордук көрүп жатсаңыздар, Түркияга да ошондой мамиле кылсаңыздар. Же сөзсүз эле ушундай сезимтал мамиле кимдир бирөө кол салганда гана ойгонуп, ошондо гана Түркиянын маселесин күн тартибине киргизесиңерби?", - деди президент Эрдоган.

Түркия 1949-жылдан бери Европа Кеңешинин негиздөөчүлөрүнүн бири болуп, 1963-жылдын 12-сентябрында кол коюлган келишим боюнча бул шаркеттин «ассоциацияланган мүчөсү» болуп саналат.

Анкара 1987-жылы расмий түрдө мүчөлүккө арыз берген, бирок арызы туура 12 жылдан кийин гана каралып, тагыраагы 1999-жылы Хельсинкидеги саммитте Евробиримдикке талапкер макамын алган. Бирок 1992-жылы Евробиримдик болуп кайра түзүлгөн бул шаркетке аны толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуу жараяны улам артка жылдырылып келген.

Учурда Евробиримдиктин мүчөлүгүнө беш өлкө талапкер макамына ээ: Алар - Түндүк Македония (2004-жылы арыз берилген), Албания (2009-жылы), Сербия (2009-жылы), Түркия (1987-жылы) жана Черногория (2008-ж.).

Эреже боюнча Евробиримдикке кирүү сүйлөшүүлөрү көп жылдарга, кээде 10 жылдан ашуун созулат. Ага мүчөлүктүн бекитилген өзүнчө тартиби жана талаптары бар. Бирок Еврошаркеттин мүчөлөрү жакында Орусия Украинага кол салгандан кийинки эл аралык абалга байланыштуу Киевдин өтүнүчүн ыкчам тартипте карап, колдоду.

Орус армиясы менен күрөшүп жаткан Киев 28-февралда Европа Биримдигине кирүү үчүн талапкер болууга Брюсселге арыз жолдогон.

Европарламент 1-мартта Украинанын бул арызын карап чыгып, Еврокомиссиянын институттарына аны талапкер өлкө катары сунуштоо резолюциясын кабыл алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG