Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:33

Кытай Москва менен Киев ортосуна арачы түшөбү?


Кытай менен Орусиянын делгацияларынын жолугушуусу. 4-февраль, 2022-жыл.
Кытай менен Орусиянын делгацияларынын жолугушуусу. 4-февраль, 2022-жыл.

Орусиянын Украинадагы операциясы жарандык калктын арасында улам жаңы курмандыктарга алып келүүдө. Бул жагдайда батыш дипломаттары Кытайды Москвага таасир этүү үчүн арачы түшүүгө үндөп жатат. Ал эми Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн биргелешип колдоого чакырды.

Ал бул тууралуу Франциянын жана Германиянын лидерлери менен онлайн жолугушууда айтканын Синьхуа агенттиги кабарлады. Ага чейин Батыш дипломаттары Бээжинге каттап, ар тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону сунуштаган.

"Бээжин негизги арачы боло алат"

Бул чатакта Бээжиндин арачылыкты кабыл алуу маселеси Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын Кытай тарап бул согушту токтотууга кызыкдар экенин тууралуу билдирүүсүнөн кийин тездей баштады.

Дмитрий Кулеба, Украинанын тышкы иштер министри.
Дмитрий Кулеба, Украинанын тышкы иштер министри.

“Кытай Орусия менен өзгөчө мамиледе. Ошондуктан ал Орусияга таасир этип, бул согуш Кытайдын кызыкчылыгына, адамзаттын жалпы кызыкчылыктарына каршы келерин түшүндүрүп, абдан ырааттуу жана күчтүү билдирүү менен кайрылат деп күтөбүз. Президент Путин аскерин артка чыгарып кетиши керек. Кытай дипломатиясы өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн жетиштүү каражаттары бар. Ал дипломатиялык аракеттер Кытайдын тышкы иштер министри менен болгон менин телефондук сүйлөшүүмдөн кийин ишке кирерине ишенем. Ошондой эле бул сүйлөшүүлөрдөгү иш-аракеттер ийгиликтүү болот деп эсептейбиз”, - деди Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.

Дмитрий Кулебанын 5-марттагы бул билдирүүсүн Батыштын бир катар дипломаттары менен расмийлери колдоп чыкты. Австралиянын премьер-министр Скотт Моррисон менен Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеф Боррелл Кытайды бул согушту токтотуу аракеттерине кошулууга үндөп, тынчтыкты орнотууга дипломатиялык жол табууда Бээжин негизги арачы боло аларын белгилеген.

“Биз арачы боло албайбыз. АКШ, дагы башка ким? Башка альтернатива жок... Бул Кытай болушу керек. Мен ага ишенем”,- деген сөзүнө испаниялык El Mundo гезити жазды.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 8-мартта Германиянын канцлери Олаф Шоль жана Франциянын президенти Эммануель Макрон менен онлайн жолугушууда.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 8-мартта Германиянын канцлери Олаф Шоль жана Франциянын президенти Эммануель Макрон менен онлайн жолугушууда.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 8-мартта Германиянын жана Франциянын лидерлери менен онлайн жолугушууда Орусия менен Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүн биргелешип колдоого чакырып, эки тарапты сабырдуулукка үндөгөн.

Ошондой эле ич ара түшүнбөстүктөрдү жеңүү, сүйлөшүү жараянын улантуу жана тынчтык натыйжаларга жетишүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Си Цзиньпин Украинадагы азыркы кырдаал тынчсызданып, Кытай тарап "Европа континентинде 77 жылдан соң кайрадан согуш башталганына терең өкүнүчүн" билдирди.

Кытайдын Киевге гумжардамы

Жогорку деңгээлдеги онлайын жолугушуудан соң Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзян 9-мартта Бээжин согуштун кесепеттерин тартып жаткан Украинага гуманитардык жардам жөнөтөрүн билдирди.

"Кытай Украинанын өтүнүчү боюнча "Кызыл Чырым" коому аркылуу гуманитардык жардамдын партиясын, анын ичинде азык-түлүк жана күндөлүк керектелүүчү товарларды жөнөтөт. Мунун бардыгы азырынча биринчи партияда беш миллион юанды түзөт. 9-мартта жүктөрдүн биринчи партиясы жолго чыкты. Гуманитардык жардамдар Бээжинден жүктөлүп чыгарылып, Украинанын "Кызыл Чырым" коомуна мүмкүн болушунча тез арада жеткирилет".

Ошол эле кезде Кытай өз билдирүүсүндө, бардык өлкөлөрдүн эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн урматтап, БУУнун уставынын принциптерин толук сактоо, бардык мамлекеттердин коопсуздук маселелерине олуттуу мамиле кылуу жана маселени тынчтык жолу менен чечүүгө көмөктөшүү аракеттерин колдойт деп эсептейт.

Төрага Си Цзиньпин “азыр кечиктирилгис милдет-кырдаалдын курчушуна жана алтургай көзөмөлдөн чыгып кетишине жол бербөө керек” деп баса белгилегенин Кытайдын Синьхуа агенттиги жазды.

Кытай Украина боюнча Франция менен Германиянын арачылык аракеттерин жогору баалап, чыңалууну жөнгө салуу үчүн үч тараптуу байланышты сактап, эл аралык кызматташтыкты кармоого кызыкдар экенин белгиледи. Мунун алдында АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен Украинадагы согушту токтотуу демилгеси боюнча Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен телефондо сүйлөшкөн.

Блинкен: Орусия тынчтыкты кордобошу керек

Энтони Блинкен Орусия мындан аркы Украинадагы ири кыйроолорго жол бербей, согушту токтотууга барышы керек экенин айтты.

Энтони Блинкен, АКШнын Мамлекеттик катчысы.
Энтони Блинкен, АКШнын Мамлекеттик катчысы.

“Тынчтыкта жанаша жашоо” деген түшүнүк үч сөздөн турат. Биринчиси - тынчтыкта. Орусия Украинага кол салуу менен мына ушул сөздү кордош үчүн колунан келген нерсенин баарын жасап жатат. Эгерде Орусия тынчтыкта жанаша жашагысы келсе, биз аны дайыма кубаттайбыз. Ал бул үчүн “тынчтык” деген сөздү оңдоп, Украинага кол салган согушун токтотуудан баштоого тийиш. Бул абдан жөнөкөй иш”.

Кытайдын лидери Си Цзиньпин Франциянын президенти Эммануел Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Орусия жана Украинаны элдештирүү үчүн үч тараптуу арачылык кылууну жана бул үчүн тышкы иштер министрликтеринин кеңешмесин баштоону макулдашканы кабарланды.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Азербайжандын лидери Ильхам Алиев Москва менен Киевге ортомчу болуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштуруп берүүнү сунушташкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул сунушту кубаттаган. Андан соң Эрдоган Путин менен телефондо сүйлөшүп, Анталия шаарында Украина менен Орусиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун өткөрүүнү макулдашкан.

Мындан сырткары азыркы учурда Израил Орусия менен Украинанын ортосуна арачы түшүп, элдештирүү аракетин көрүп жатканы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG