Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:11

Лавров менен Кулеба Анталияда жолугушат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Анталияда жолугушат.

Бул тууралуу дүйшөмбүдө Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу маалымдады.

"Кечээ президентибиз Режеп Тайып Эрдоган Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө бул маселени күн тартибине койду. Лавров Анталиядагы жолугушууга катышууга даяр экенин билдирди. Кулеба да жыйынга катышарын айтты. Жолугушууну 10-март күнү Анталияда өткөрөбүз деп ишенем. Бул иш-чара бурулуш жасайт деген үмүттөнөбүз",-деди Чавушоглу.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Азербайжандын лидери Ильхам Алиев Москва менен Украинанын ортосунда ортомчу болуп, сүйлөшүү уюштуруп берүүнү сунушташкан. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул сунушту кубаттаган.

Ошондой эле Анкара Орусиянын Украинага жасаган чабуулун "кабыл алынгыс" деп атап, буга чейин эле Москва менен Киев ортосунда ортомчу болууга даяр экенин билдирип келген.

Ал эми Анталия дипломатия форуму үстүбүздөгү жылдын 11-13-март күндөрү уюштурулат. Ага дүйнө жүзүнөн эки миңден ашык дипломаттардын катышары күтүлүүдө. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG