Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Дүйнөлүк биржаларда мунай менен газ кескин кымбаттады


Сараеводогу май куючу жайдагы кезек. 3-март 2022-жыл
Сараеводогу май куючу жайдагы кезек. 3-март 2022-жыл

Дүйшөмбүдө дүйнөлүк биржаларда чийки заттар кескин кымбаттады. Адистер кымбаттоо Орусиянын Украинага кол салуусу жана Москвага каршы киргизилген санкциялардын кесепети деп айтууда. Европада газдын бир миң кубометри 3000 долларга сатылууда.

Бул тарыхый рекорд болуп калды. Мунайдын Brent түрүнүн бир баррели 130 долларга жетти. Бир нече жылдан бери баа мындай чекке көтөрүлө элек болчу. Баалар АКШ Орусиянын чийки мунайын алуудан баш тартышы мүмкүн деген маалыматтардын фонунда өсүүдө.

Алюминий, жез, палладийдин баалары дагы тарыхый максимумду жаңыртты. Орусия сөз болгон металлдардын дүйнөдөгү ири экспортеру. Муну менен катар буудайдын баасы да көтөрүлүп атат. Москванын биржасы бүгүн да жабык турат. Эл аралык биржаларда рублдин курсу дүйшөмбүдө кескин түшүп кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG