Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Бишкекте Орусияга тилектештик билдирген акция өттү


Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги. Архивдик сүрөт.
Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги. Архивдик сүрөт.

7-мартта Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында өткөн тилектештик акциясына он чакты адам чыкты.

“Sputnik Кыргызстан” басылмасынын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, акцияга чыккандар колуна “Фашизмге жок!, “Неонацизмге жок!”, “Z” деген жазууларды кармап турушту.

Бул күндөрү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Орусияга каршы акциялар өтүп жатат.

5-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чыгып, Украинадагы согушту токтотууну талап кылган жарандык активисттердин бирин милиция кармап кеткен. Кийин ага "Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" деген негизде 3 миң сом айыппул салынган.

Орусия 24-февралдан бери Украинанын аймагында согуш жүргүзүүдө.

2-мартта Бириккен Улуттар Уюму Украинага каршы агрессия жүрүп жатканы жөнүндө резолюция кабыл алып, аны 141 өлкө колдогон. Добуш берүүдөн карманган 35 өлкөнүн арасында Кыргызстан да бар. Резолюцияда Орусиянын Украинанын аймагына кирген куралдуу күчтөрүн тез арада алып чыгышы, күч колдонууну токтотушу керектиги айтылган.

Кремль Украинадагы согуштук аракетин бул өлкөнү "демилитаризациялоо жана денацификациялоо” үчүн атайын операция деп атап жатат.

Согуш башталгандан бери Украинадан 1,5 миллион адам качкынга айланды.

Москва 500дөй аскери курман болгонун айтса, Киев орус армиясы 11 миңдей жоокерин жоготконун билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG