8-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 6…11;
Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;
Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1 градус.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын ыктымалы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 6…8 градус болот.