Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Бейтааныш аялдын арзуусу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул ирет австриялык атактуу жазуучу Стефан Цвейгдин "Бейтааныш аялдын каты" новелласы тууралуу кеп кылганы турабыз. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүсүн кыргыз тилине көркөм сөз чебери Ашым Жакыпбеков которгон.

Өкүмзордукка каршы автор

Австриялык айтылуу сөз чеберинин жазгандары совет заманында орус тилине арбын которулуп, авторунун көзү тирүү кезинде эле чыгармаларынын он эки томдугу жарык көргөн. Ага совет адабиятынын баштоочусу Максим Горький баш сөз жазып, Стефан Цвейгди психологиялык сүрөттөөнүн чебери катары сыпаттаган, ар кыл адам тагдырларын кара сөзгө ыктуу көчүрө алган жазуучу экенин баса көрсөткөн.

Аудиосун бул жерден угуңуз:

"Бейтааныш аялдын каты"
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:04 0:00

Алдыда сөз болчу "Бейтааныш аялдын каты" аңгемеси 1922-жылы жарык көргөн, 1965-жылы аны Ашым Жакыпбеков кыргыз тилине которгон, "Ала-Тоо" журналына жарыялаган. Башында совет бийлигинин иш-аракетин жактырган австриялык жазуучу Сталин октябрь революциясын ишке ашырган Лениндин тарапташтарын бир четтен куугунтукка алып, атып-асып жок кыла баштаганына нааразылыгын ачык билдирген. Анын өкүмзор бийликке каршы туруусу фашисттер кызматка келгенден кийин кара башын калкалап чет өлкөдө күн кечирүүгө, соңунда өз жанын өзү кыюусуна алып келген.

"Бейтааныш аялдын каты" - адам тагдырынын ушунчалык татаал, өмүр деген аябай чектелүү экенин баяндаган чыгарма. Аңгеме белгилүү жазуучунун туулган күнүндө алган адаттын тыш катын сүрөттөөдөн башталат. Катты ал көп эле алчу. Башка каттардан айырмаланып бул көлөмдүү кат кол жазма сыяктуу көрүндү. Таңкалычтуу кат экен.

Жазуучу аны ачканда эле белгисиз автордун "Мени эч качан тааныбаган, сага!" – деген жазуусу таңдантты... Үзгүлтүксүз келип турчу каттардан анан да кол жазмасына пикирин айтуусун сураган өтүнүчтөрдөн ал тажай баштаган. Белгисиз бирөөнүн "сага" деп тикелей кайрылуусу жазуучунун кызыгуусун арттырды - ким болду экен? Кандайынан келгенде да кызыктуу кол жазма шекилдүү, баарысы табышмактуу.

"Кечээ балам өлдү. Ажалдан ушу наристенин жанын талашып, үч күнү-түнү бою алпуруштум. Алсыраган денеси от болуп күйүп-жанып жатканда 40 саат катары менен жанынан карыш жылбай отурдум. Ысык чекесине муз басып, алдастап тыпыраган кичинекей колун колумдан чыгарбай күндүр-түндүр кирпик какпадым. Үчүнчү күн өтөрдө тырп этер алым калбады. Көзүмдүн кандай илинип кеткенин билбейм. Шордуу жаным, катуу креслодо үч-төрт саатча карайлап уктап калган экенмин, ошол учурда шум ажал уулумдун жанын сууруп кетиптир. Мына эми каралдым кичинекей керебетинде сулк жатат. Өңү өзгөрүлбөйт, уктап жаткансып тирүүсүндөй эле. Жоодураган кара көзү ачылып калыптыр, жумуп коюшту. Ак көйнөгүнүн көкүрөк үстүнө эки колун кайчылаштырып салышты. Керебеттин төрт бурчунда төрт шам созолонуп күйүп турат. Жүзүнө түз багып кароого даабай, кыймылдабастан мен биерде катып отурам. Шамдалдын жалыны ары-бери жалп этсе, бетине, бек кымтылган эриндерине күңүрттөнгөн ала көлөкө түшө калат да, өңүнө жан кирип келаткандай көрүнөт. Ал өлбөгөндөй, кайра ойгончудай, жылаажын үнүн чыгарып, балалык сүйкүмү менен мага бирдеме айтчудай сезилет. Бирок өлгөнүнө көзүм жетет. Ошон үчүн тик багып карагым келбейт: Куру үмүткө алданып, түбөлүк ойгонбосуна көзүм жеткенде кайра азапка түшөйүмбү".

Кат ушинтип башталыптыр, кайсы аял, кандай бала - мунун баары жазуучуга белгисиз болчу. Эмне үчүн кайгыга мүңкүрөгөн зайып ага кайрылып жатышы да түшүнүксүз эле. Адабий чөйрөдө аты белгилүү, жазгандары мактоого тунуп, кагаз менен каламдын аркасында жашоо-тирдигин кыйла оңоп алган сүрөткер жалгыз жашачу. Коңшулары тынч, алар белгилүү адамга жакын жашагандарына ыраазы болушчу.

Көркөм жана чыныгы турмуш

Чыгармаларында биринен экинчиси кызык, татаал, чиеленишкен тагдырларды кызыктуу кылып кынаптап, окуган адамдын сезимине жетерлик сүрөттөгөнү менен, ал өзү турмушка жеңилбаа караган шайкелең адам эле. Ушу кезге чейин үйлөнбөй жүрүшүнүн да себеби ушул болчу, бирөөлөрдүн жоопкерчилигин алып, үй-бүлө түйшүгүнө баш оорутпаганы да ошондон. Каруу-күчү жетиштүү кезде шайыр-шаңдуу жашоону жактырчу. Бул жерде бейтааныш бирөө ополтоо кайгысын алдыга жайып, аны менен эле тим болбой тааныбаган эле бирөөнү эси-көөнүнө чыккыс болуп сүйүп калыптыр. Бейтааныш зайыптын ишенген жалгызы жайрап, эми бул жашоодо карманган-тутканы шайкелең жазуучу болуп калганы тагдырдын тамашасы да.

Аялдын айтайын дегени жөнөкөйдөй сезилгени менен өтөле оор, анын өмүр бою аздектеп келаткан жан сыры болчу. Жалгызынан ажыраган бечара бу жашоого тоюп, өлүмдү гана эңсеп калган, ага мындан ары өмүр сүрүүнүн кажаты деле жок болчу. Жарыкчылыкты таштап кете бермек, бир гана нерсе - өмүр бою эңсеп келген ыйык сезимин арзыган адамына айтып алып тиги дүйнөгө жол тартышы керек. Келишкен сулуу, эстүү аялды аптыктырган улуу сезим секелек кезинде келген экен.

"Сен келгенде мен он үчтө элем: жүрөгүмдөн сыгылып чыккан кандын эң акыркы тамчысы болгон ушул катты сен азыр окуп отурган тамда, квартираңа маңдайлаш аянтчада жашачумун. Үстүнөн кара кийимин түшүрбөгөн казначейдин жесири — апам, анын арыкчырай беш көкүл кызы мен, албетте, азыр эсиңен чыгып кеткендир. Мещандык жарды тиричиликтин туткунунда тумчуккандай биз эч шаан-шөкөтсүз тынч жашачубуз. Сен биздин аты-жөнүбүздү деле укпаган болушуң керек, анткени эшигибизде жазуу жок эле, анын үстүнө биздикине киши-кара каттачу эмес, ал-жайыбызды сурап эч ким кирчү эмес. Бул окуя мындан он беш - он алты жыл мурда болгон. Ырас, жаным, алардын бири да эсиңде жок. А менчи?.. О, ал күндөр ийне-жибине чейин күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Аты-жөнүңдү биринчи уккан күн, анан сени биринчи жолу көргөн күн саатынан бери эсимде. Дүйнө менин көзүмө обол ошондо көрүнсө, кантип унутайын!".

Секелек кызга жазуучунун буюм-тайымдары, китептери өзгөчө таасир калтырат. Жакыр үй-бүлөлөр айылына жашоо-турмушу жетиштүү бай жазуучунун келиши баарына кызык болчу. Жазуучунун шаан-шөкөттүү байлыгы баёо кыздын дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып, бир адамда ушунчалык көп китептин болушу таңдандырат. Ушундай сонун китептерди окуган адам кандай болду экен суроосу аны кызыктыра баштайт.

Азап менен шор

Ошондон кийин кыздын өмүрү башка нукка түштү, жазуучуга деген сүйүү аны бактыга бөлөп, азапка салып, бу жашоо-турмуштагы башка нерселердин баары эч нерсеге арзыбаган бир нерсеге айланды да калды. Кыз ошентип кошунасын бир көрүүгө куштар болуп жүрө берер беле бирок апасы башка бирөөгө турмушка чыгып, энеси менен кызы башка шаарга - Инсбрукка көчүп кетүүнү чечишет. Ал жердеги эки жыл кыз үчүн оголе оор азапка айланат.

"Ай, шордуу жаным ай, ал жападан-жалгыз жаш кыздын ээликсе каны күйүп, жүрөгү токтой калчу үмүтсүз, кайгылуу кыял-жоруктарын эмнеге айтып отурам? Эч качан сезбеген, билбеген кишиге анын баарын айтканда эмне? Баса, ал кезде мен чын эле бойго жете элек белем? Он жетиге толдум, анан он сегизге аттадым. Көчөгө чыксам, бозойлор сыртыман көз салышчу. Ага кыжырым кайнайт, себеби сен эмес, бөлөктү сүйүү, же жөн эле ойлоо мен үчүн эч мүмкүн эместей, акылга жеткис жат, атүгүл, кичине эле азгырылуу да тунук сүйүүмдү төшкө тепкендей болуп көрүнөт. Сени сүйгөндөн танбадым. Бирок денемде ал сүйүү башкача боло баштады: жаңы сезим ойгонду, ал сезим алоолоп күч алып, жан жыргалын эңсеткен аялдык сезимге айланды. Ошентип бир кезде өзүнө түшүнүксүз күңүрт максатка ээрчип, эшигиңдин коңгуроосун каккан кичинекей кызга эми үч уктаса түшүнө кирбеген эңсөө пайда болду: өзүмдү өзүңө тартуу кылсам, тумсак денемдин жалынын сага берсем деген ой бирден бир максатым, кумарым болуп калды".

Бойго жеткен бийкеч кайра Венага келип, тигилүү кийим сатылчу дүкөнгө сатуучу болуп иштемей болду. Борбор калаага келер замат балалыгы калган үйгө, жазуучуну көрүүгө ашыкканын айт. Эшик алдына келип чарчагыча күтүп, ашыгынын үйүндөгү чырагы өчкөндө гана жатар жайына кетти. Ошондон кийин күн сайын жазуучунун үйүнүн алдына келип күтүп турмайды өнөкөт кылып алды.

Жазуучу акыры кошуна үйдө жашаган кызды көрдү, бирок тааныган жок. Акыры экөө кездешти, кыз жазуучунун үйүндө түнөп кетти. Экөөнүн жолугушууларынын натыйжасы төрөлгөн бала болчу. Жазуучу атасына окшош, көздөрү бажырайган жакшынакай бала кыздын кийинки тагдыр жолун көрккө бөлүп, жашоосуна көрк берип турмак. Жалгыз уулун ал кандай азап менен бакканы, наристесинин биринчи басканы күлгөнү - анын турмушундагы өзгөчө бир бакыт болчу.

"Уулуң мыкты окучу, французча суудай сүйлөчү; классташтарынын ичинде дептерлерин андай тыкан кармаган бир бала жок эле. Анан калса, кара баркыт костюмун, же матроскасын кийип алгандачы, кайда жүрбөсүн көргөндөрдүн назарын буруп, эң эле сүйгүнчүк, татынакай болуп калар эле. Кээде бойтоңдотуп ээрчитип алып Градодо деңиз кылаалап басып калганымда сейилдеп жүргөн аялдар атайы токтой калып, ак саргыл чачынан сылап эркелетишер эле. Же Земмерингде чана тээп жүрсө, тегеректегилер артынан узата карап шыпшынышып турушчу. Уулуң өтө сүйгүнчүк, өтө назик, өтө жароокер болуп чоңоюп келаткан".

Ушу баланы эч нерседен кемчил кылбай чоңойтуш үчүн ал эмнелерди гана жасабады, денесин сатты, абийир-уятына да карабады. Бир адам үчүн баарына барды. Он бир жылдык өмүрү күтүү менен өттү. Канча байлар, артынан чуркагандарга макул болбой жазуучу чакырып калабы деген илгери үмүт менен жашады. Жыл сайын сүйгөнүнүн туулган күнүндө жалаң ак розалардан букет гүл жөнөтүп турчу. Экөөнүн сейрек жолугушууларынын биринде да ал кучагындагы кыз ушул үйдөгү кошуна кыз экенин, аны менен бир нече ирет жолукканын эстей албады. Мына азыр чын дилинен агылып-төгүлүп баласынын табытынын жанында соңку катын жазып жаткан аялдын арманы шайкелең жазуучунун туулган күнүңдө ага унутпай ак розаларды ким жөнөтүп турат деген суроосуна жооп болгон экен. Катты окуп бүткөндөн кийин жазуучу коңшу батирдеги секелекти, кийин бир да жолу жок дебей чакырган учурунда келип турган сулуу аялды эстей албады. Баары өңүндө эмес, түшүндө гана болгондой, бир да учур эсине түшпөдү.

"Ошентип байкоосуз отуруп, стол үстүндөгү вазага көзү түшө калды. Ваза бош турат. Көп жылдардан бери туулган күнүндө гүл туруучу ваза бүгүн бош. Селт этип чоочуп кетти: Эшиги ачыла бергендей болуп, тынч бөлмөнүн ичине башка дүйнөнүн, көрдүн суук шамалы сокконсуп, Р.дин аза бою дүркүрөдү. Ага өлүмдүн илеби жана сүйүүнүн өлбөс-өчпөс деми ургансыды. Көңүлүндө, жүрөгүндө бир нерсе көрүнбөгөн элеси көз алдында тартылып, алыстан улам күчөп угулган музыкадай көңүлүн бүт ээлеп баратты".

Жазуучу аялдын улуу сезимин түшүнүшү мүмкүн эмес эле, өз жыргалын гана ойлогон адам эч качан улуулукту сезе албайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG