Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Системанын өгөйлөнгөн баласы


Чыңгыз Айтматов менен Тургунбек Суванбердиев. Үй-бүлөлүк архивден.

Тарыхый улуу инсандын өмүрүн сарптаган эмгеги, бу жарыкчылыктагы жашоо-турмушу, пенделик сапаттары аны билгендердин эсинде унутулбай кала берет. Тургунбек Суванбердиевди эскерген замандаштары анын кеңпейилдигин, башкаларга жардам берсем деген өзгөчө бир касиетин, анан да ар заманда бийик баага татычу тапшырылган ишти так аткарган чынчылдыгын, жубардай тазалыгын белгилешет.

Совет тарыхынын кысталыш кыйын чагында саясий ишке аралашып, эмгекчилдиги, аракетчилдиги, анан да жаңы заманга берилгендиги аркылуу жооптуу кызмат тепкичине көтөрүлгөн. Айрым кесиптештеринин жолоюна түшүп көзү көрүп, баамы жетип турган акыйкатты айланып өтүп кетпей системанын өгөй баласына айланган. Ким билет сталиндик режим өзгөрүлбөй сакталып турса анын аракети кайгылуу жыйынтыкка деле алып келиши толук ыктымал болчу. Кайриет, заман өзгөрүлүп, адам тагдырын топташтай чачкан режимдин бираз жаалы кайтып калган экен, саясий куугунтугу кызматтан төмөндөө, республика башчыларынын катарынан сүрүлүп чыгып калышы менен токтолду.

Тургунбек Суванбердиев 1921-жылы Таластын Манас районундагы Таш-Башат деген айылда төрөлгөн. Анын саясий иштерге аралашуусу сталиндик репрессиянын күчөп турган чагына, баш көтөргөн билимдүүлөрдүн көбү атылып, асылып, камалып, большевиктик режим “кадр таңкыстыгына” туш келген учурда башталган. 18 жаштагы боз улан райондук комсомол комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Ал кезде кырчындай жигиттер министр, райком, обком, тармак жетекчилери болуп иштеп калышы эч кимди таң калтырчу эмес. Саясий система иш дегенден башкага коймаарек, “бардык жеңиштер менен демилгелердин атасы” Сталинге кан-жаны менен берилгендердин өзүнчө бир муунун башкаруу системасына айдап кирген.

Никита Хрущёв Кыргызстанга келген учур. Оң жагында Тургунбек Суванбердиев.
Никита Хрущёв Кыргызстанга келген учур. Оң жагында Тургунбек Суванбердиев.

Ошол агымга убагында туш келген зирек улан 1939-жылы Киров райондук комсомол комитетинин негизги бөлүмүнө башчысы болуп калган. Андан кийинкиси окуу, иш, окуу болуп, аралыгы бир-эки жыл менен чектелип өзгөрүлүп кете берет. Пропаганда жетекчилигинде көп кармалбай, партиялык басма сөз тармагына которулуп, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жогорку партиялык мектептин угуучусу болуп калган. Болгондо да ВКП БКнын алдындагы жогорку партиялык мектептен таалим-тарбия алып, 1949-жылы партиялык жогорку номенклатурага кошулган. Баш-аягы он жылга жетпеген убакыт ичинде райондук комсомол комитетинин бөлүм башчысы Москвадагы эң ири партиялык билим берүү мекемесин аяктап республикага кайткан. Арадан он эки жыл өткөндө ошол улук мектептин угуучусу Турдакун Усубалиев республикалык компартиянын Борбордук комитетинин 1-катчысы болуп шайланат.

Тургунбек Суванбердиевдин кызмат тепкичи да партиялык мектептен кийин ийгиликтүү уланат. 1949-жылы Кыргызстан комсомолунун Фрунзе обкомунун биринчи катчысы, ал жерде бир жыл иштеп-иштебей "Коммунист" журналынын башкы редакторунун орун басары, анан Кыргызстан КП БКнын сектор башчысы, радиокомитеттин жетекчиси, мамлекеттик басманын директору, "Советтик Кыргызстан" гезитинин редактору, 1963–1966-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма сөз боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы. Мына ушул жерде анын саясий кызмат тепкичинде жалпыга жарыя кылынбаган, бирок да көпчүлүк арасында миш-миш катары жайылып кеткен окуя болуп өтөт.

Тургунбек Суванбердиев (ортодо) маданият ишмерлери менен. Үй-бүлөлүк архивден.
Тургунбек Суванбердиев (ортодо) маданият ишмерлери менен. Үй-бүлөлүк архивден.

1961-жылы “республиканын партиялык уюмун жетектөөдөгү кемчиликтери жана кетирилген ири каталары үчүн” Исхак Раззаков биринчи катчылыктан алынат. Ал 1945-жылы Өзбекстан компартиясынын катчылык кызматынан Кыргызстан министрлер кеңешинин төрагасы, 1951-жылдан тарта республиканын компартиясынын биринчи катчысы болуп иштеген.

И. Раззаков тушунда биртоп жогорку окуу жайлары ачылган, ири өнөр жай ишканалары курулган, республиканын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган ири автожолдун курулушу башталган, дагы бир топ иштер жасалган. Көпчүлүк арасында Исхак Раззаковдун кагазсыз сүйлөгөн чечендиги, республикадагы бир топ саамалыктардын башында тургандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы өзгөчө мактоого арзып, кадыр-баркы өтө бийик болчу. Баарынан да ал кишинин кадрларды иш билгилигине карай тандаганы, келечек муунга карата камкордугу, кыргыз тилине күйүмдүүлүгү карапайым калктын сый-урматына арзыган.

Ал кишинин кызматынан капыс алынышын бир топ кесиптештери жактырбай, ордуна коюлган катчынын жалаң кагаз карап сүйлөгөнү, кадр тандоо маселесиндеги бир жактуулугу, анан да ачык сын айткандардын артынан түшүп алгандыгына ичи чыкпай, республика жетекчилигине И. Раззаковдой шар, маселени илгиртпей тез чечкен адамды издей башташат.

Ошол кездеги жооптуу кызматкерлердин арасында өзүнөн-өзү эле пайда болгон топтун башында Тургунбек Суванбердиев турган экен. Айтымда, коммунисттик бийлик тушунда чыккан жашыруун “оппозицияга” К.Кондучалова, К.Качкев дагы биртоп таасирдүү адамдар кирген. Атаандаштар Т. Усубалиевдин ордуна СССРдин Лениндик сыйлыгын алып, аты союзга тараган Чыңгыз Айтматовду биринчиликке коюуну туура көрүшөт.

Чыңгыз Айтматовдун адабиятка кантип келишин кызыктуу иликтеген Салижан Жигитовдун минтип жазганы бар:

“Баса, Чыңгыз Айтматовго чейин бир да советтик жазуучу 35 жашында Ленин сыйлыгын ала алган эмес. Бул сыйлык саал мурдараак Борбордук Азиянын түрк калктарынын жазуучуларынан жалгыз гана Мухтар Ауэзовго ыйгарылган. Ошентип, "Бетме-бет" жарыялангандан кийинки беш-алты жыл ичинде Чыңгыз Айтматовдун атак-даңкы дүңгүрөп, өрт кеткендей тез жайылып, алыска кетти, зоболосу куду атылган ракетадай көкөлөдү. Кырк жашка жетпей дүйнөлүк шоорат казанган кыргыз жазуучусу көп улуттуу совет адабиятын жаратуучулардын алдыңкы катарына суурулуп чыгып, Москванын прогрессчил адабий чөйрөсүнүн гана эмес, эң жогорку саясий элитасынын да сүйгүнчүгү болду. Ал эми өз арасынан төгөрөктүн төрт бурчуна таанылган инсандарды али чыгара элек кыргыз эли үчүн Чыңгыз Айтматовдун ысмы улуттук сыймыкка айланды”.

Андай сыймыкка айланган азамат республика жетекчиси болуш керек. Кандай опуртал ишти көздөп алганын жакшы билген топ ошентип Ч.Айтматовду республика жетекчисине туура көрүп, Москвада отурган башкатчы Хрущевге чыгуунун жолун издей башташат. Бул иштен кыйла кабары бар кишинин ырасташынча, Т. Суванбердиевдин Москвада окуп жүргөндө арттырган жакын санаалаштары, достору, Никита Хрущевдун күйөө баласы “Известия” гезитинин баш редактору Аджубей, дагы башка бир топ таасирдүү адамдар жалпы союздук атак-даңкка жетишкен жазуучуну колдошкон.

Канчалык жашылып-жабылганы менен кутумчу топтун аракети биринчиге билинип, ал болсо башталып калган ишти токтотуш үчүн Москвадагы досторуна жетип барып, кадыресе жанданып, чечилери анык боло баштаган иш ошентип орто жолдон жүзөгө ашырылбай калат. Аныгы менен апыртмасы белгисиз, бирок да бул ишти ошол топтун аракетинен кабардар бирөө “биринчиге” шыбырап койгон экен.

Солдон оңго: Тургунбек Суванбердиев, академик Иса Ахунбаев, СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев. Үй-бүлөлүк архивден
Солдон оңго: Тургунбек Суванбердиев, академик Иса Ахунбаев, СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев. Үй-бүлөлүк архивден

“Оппозициянын” аракети арасат калып, ага катышкандардын айрымдары кызматынан алынып, анткен менен иш ордун сактап калышкан. Негизги басым-кысым Т.Суванбердиевге түшкөн. Анын аракетинен кадалып кынтык издегендер Мухтар Ауэзовдун “Абай жолу” эпопеясын кыргызчалатып, ошого олчойгон калам акы коюп алган деп текшеришсе, анысында эч кандай кынтык жок чыгат. Чыгарманын калем акысын жөнөтүп ийгени үчүн авторунун ыраазылык каты да келген экен. Москвалык партмектептин кадыры деппи, болбосо адамгерчилиги бийик инсанды аёосуз жазалоого биринчи батынбадыбы, иши кылып, Т.Суванбердиев жооптуу кызматынан алынып, 1966-жылы жаңыдан курулган полиграфкомбинаттын директорлугуна дайындалат. Бул жерде ал 1989-жылга чейин иштеген.

Т. Усубалиев Ч. Айтматовдун артынан түшүп куугунтукка алган эмес. Бирок да өмүрүнүнсоңку жылдардагы эскерүүлөрүнүн биринде учурунда бир топ жардам берип, көмөктөшкөнүн, бирок кайсы бир жыйында кызматтан түшкөн “биринчиге” көңүл бурбай, келип учурашууга жарабай кетип калганын өкүнүч менен жазган.

Тагдырдын тамашасы, арадан отуз жылга жакын убакыт өткөн соң Чыңгыз Айтматовду республика жетекчилигине көтөрүү демилгеси дагы чыккан. Чейрек кылымга жакын Кыргызстанды бийлеген Турдакун Усубалиев 1985-жылы кызматынан алынып, партия катарынан чыгарылып, “кайра куруунун” куугунтугуна кабылды. Анын ордуна шайланган Абсамат Масалиев беш жылдан соң өзү жактыра бербеген президенттик орунга ат салышып, бирок да үзөңгүлөштөрүнүн тымызын каршылыгынан жетиштүү добуш алалбай, жаңы кызматка татыктуу киши издеп калышканда “легендарлуу парламенттин” депутаттары Чыңгыз Айтматовду эстешкен.

Ал киши жооптуу кызматтан сылык-сыпаа баш тартып койгондон кийинки талапкер тунгуч президент Аскар Акаев болчу. Мыкты илимпоз, сыртынан баам салган адам колунан деле жамандык келбечүдөй көрүнгөн элпек президенттин он беш жылдык башкаруусу республиканы кандай абалга алып келгени ушу тапта элдин баарына дайын. Илимпоз президенттен улам көркөм сөз чебери Чыңгыз Айтматов Хрущев тушунда же эгемендик заманда республика башчылыгына макулдук берип, жооптуу милдетти өзүнө алса натыйжасы кандай болот эле, дүйнөлүк окурмандардын кызыгуусун арттырган керемет чыгармалары жазылар беле деген ой келет экен.

Ал эми Чыңгыз Айтматов бир чети жердеши, экинчи жагынан көркөм сөзгө жакын Тургунбек Суванбердиев менен үй-бүлөлүк карым-катнашта болгон.

Даркан сүрөткер эскерүүлөрүнүн биринде: “Өзү абдан ачык мүнөз тамашөкөй адам болчу. Кандай шарт болбосун эч убакта үңкүйүп, башын жерге салчу эмес. Кандай ою болсо жашырбай шар айтып салчу. Ал өз заманынын чыгаан ишмери болуп калды жана Кыргызстанда басма сөздү өнүктүрүүдө, кыргыз интеллигенциясынын калыптанышында эмгеги зор. Экинчиден, ал саясатчыл адам болчу. Кандай гана окуя болбосун, Москвада болобу, бу жерде болобу, ошого карата өз оюн, пикирин ачык айтчу”,-деп жазган.

Кеп соңунда ал кишинин кандайлыгын кашкайта көрсөтчү бир учурга токтоло кетүүнүн ыгы келип туру. 1985-жылы Усубалиев кызматтан алынып, партиядан чыгарылып, мурда башкалардын асманында айланчу кара булут өзүн баса баштаган кезде партиялык төбөлдөрдүн бири Суванбердиевди чакырып: “Сизди жумуштан кантип алганы тууралуу жазып бериңиз” деп сураса, “мени азыр кайра министр кылсаңар да жазбайм, ал менин эски досум”,- деп чыгып кеткенин замандаштары эскерип жүрүшөт.

Колдон суурулган мезгил убакыт-сааты келгенде баарын жай-жайына коёт окшобойбу. Кимдин кандай иш аткарганы, артында калтырган изи, адамгерчилиги, кесиптик камылга-даярдыгы, тажрыйбасы маалы келгенде так бааланып, тарыхтан өзүнө тиешелүү ордун баары бир алат экен. Тургунбек Суванбердиев ошондой тарыхый инсандардын бири. Тарыхый улуу инсандын кылым жашы ушу тапта белгиленип жатат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG