Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Илимдерди тогоштуруп иликтеген инсан


Садыбакас Өмүрзаков Кыргызстандын Географиялык Коомунун III курултайында. Бишкек. 1980.

Залкар географ, картограф жана тарыхнаамачы Садыбакас Өмүрзаковдун 100 жылдыгына арналган тарыхчынын блогу.

Алгы сөз

Жакында (26-ноябрда) Кыргыз географиялык коому, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Муса Адышев атындагы геология институту жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультети Кыргызстандын залкар географ илимпозу, география илимдеринин чыгаан уюштуруучусу, Кыргызстандын Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Табият жана коом эл аралык академиянын академиги Садыбакас Өмүрзаковдун (Умурзаков) 100 жылдык мааракесине арналган илимий-маданий чараларды өткөрмөкчү. Илимий жыйын 26-ноябрда саат 10:00до КР УИАнын Геология институнун жыйындар залында өз ишин баштайт.

Биз маркум Садыбакас агайдын жаркын элесине арналган чакан блогубузду сунуштамакчыбыз.

Садыбакас Өмүрзаков (1921-2002) - кыргыз элинин чыгаан географы жана картографы, географиялык ачылыштар тарыхынын адиси.
Садыбакас Өмүрзаков (1921-2002) - кыргыз элинин чыгаан географы жана картографы, географиялык ачылыштар тарыхынын адиси.

Географ жана мыкты тарыхнаамачы

Садыбакас Өмүрзаков агайды бүткүл пост-советтик мейкиндикте мыкты географ, картограф, топонимист жана географиялык ачылыштар тарыхынын изилдөөчүсү катары баалашат. Аны, маселен, өзбекстандык топонимисттер Хамидулла Хасанов (19.01.1919 – 25.05.1985) жана жызактык кыргыздардан чыккан белгилүү аалым Сүйүн Караев (20.3.1925 – 16.05.2018) өзгөчө аздектеп сыйлашып, эмгектеринде Садыбакас агайдын чыгармаларына байма-бай шилтеме кылышаар эле.

Мен Садыбакас агайыбыздын эмгектеринен анын зирек тарыхчы жана тарыхнаамачы экенин да өзүм үчүн аныктадым. Байыркы жана орто кылымдар тарыхын изилдөөгө жаңыдан үңүлүп жаткан чагымда Садыбакас Өмүрзаков агайдын көөнөргүс эмгеги болгон “Кыргызстандагы географиялык ачылыштардын жана изилдөөлөрдүн тарыхынын учкай баяны” (Умурзаков С. Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии. – Фрунзе: Кыргызстан, 1959. – 150 с., илл.) чыгармасы ар дайым китеп текчемдин кол жеткен бараандуу жеринде, мындайча айтканда, “жаздыгымдын астында” турду.

Ал кезде (1983–88-жылдары) Ташкенде Өзбекстан Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда стажировкада жана күндүзгү аспирантурада окуп жүргөн кезим эле. Чыгыш саякатчыларынын табылгалары, Махмуд Кашгари Барсканинин картографиялык маалыматы тууралуу Садыбакас агайдын жазгандары географиялык ачылыштар тууралуу чаржайыт билимимди системалаштыруум үчүн өзгөчө зор өбөлгө болду.

Эми арт жакка кылчайсак, С.Өмүрзаковдун ошол баалуу монографиясы жарыкка чыккан жыл – 1959-жыл (мен төрөлгөн жыл) экен. Ал жылы кыргыздын орто кылымдар тарыхын жазма булактарга таянып изилдеген алгачкы арабисти, чыгыш таануучусу, Энесай Кыргыз каганаты, Карахандар каганаты, Моголстан сыяктуу мамлекеттердин тарыхынын чыгаан изилдөөчүсү Өмүркул Караев (15.10.1930 – 18.09.2002) аспирант катары илимге жаңыдан гана башпагып жаткан. Маркум Өмүркул Караев агайыбыз 1958–1962-жылдары Маскөөдөгү СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтуна караштуу күндүзгү аспирантурада окуп, орто кылымдардагы арап тилин үйрөнгөн жана мусулман булактарын иликтөөгө киришкен.

1963-жылы Ө. Караев Маскөөдө «IX–XII кылымдардагы арап жана парсы булактары кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон (ал өзүнчө китеп болуп 1968-ж. Бишкекте “Илим” басмасында жарыяланды).

Ал эми парсы тилин өздөштүрүп, парсы булактары боюнча баалуу кандидаттык диссертацияны коргогон алгачкы кыргыз окумуштуусу, профессор Анвар Мокеев (1948-жылы туулган) агайыбыз болсо 1966-жылы гана Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин) тарых факультетинин босогосун алгач аттаган.

Көөнө тарыхты жана чыгыш (ханзу, арап, парсы, ошондой эле түрк, чагатай, уйгур, ж.б.) булактарын, кыргыз этнологиясын иликтеген кийинки кыргыз чыгыш таануучуларынын, археолог, этнолог жана башка тарыхчыларынын (Таласбек Машрапов, Абылабек Асанканов, Тынчболот Жуманалиев, Муратбек Кожобеков, Кубан Жусаев, Сынару Алымкулова, Тынара Кудашева, Таалайбек Бейшеналиев, Кубатбек Табалдыев, Аваз Атаханов, Олжобай Каратаев, Акылбек Кылычев, Арслан Койчиев, Ороз Солтобаев, Замира Садырова, Табылды Акеров, Гүлниза Айнакулова, Динара Иманова, Абдрасул Исаков, Тимур Исмаилов, ж.б.) алды – жеткинчек болчу, арты – ал түгүл төрөлө элек эле. Садыбакас агайга замандаш башка көрүнүктүү кыргыз тарыхчылары жана этнографтары 1959-жылга карата көбүнесе XVII кылымдан кийинки тарыхый көйгөйлөрдү иликтөө менен алектенип жатышкан.

Буларды толук айтып жаткан себебимди баса белгилесем – 1959-жылга, б.а. “Кыргызстандагы географиялык ачылыштардын жана изилдөөлөрдүн тарыхынын учкай баяны” китеби жарык көргөнгө чейинки кесипкөй кыргыз тарыхчыларынын арасында географ Садыбакас Өмүрзаковдой тээ көөнө жана орто кылымдар тарыхына жана тарыхнаамасына астейдил үңүлгөн фундаменталдык (өзөккү) изилдөөнү жарыялаган адистер чыга элек болчу (албетте, мында сталиндик жазалоолордо жазыксыз жайран болгон Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин кол жазма бойдон калган эмгегин өзгөчө эске алуу керек).

Сибирдик кыргыздардын тарыхын жана XVI кылымдан кийинки орус булактарын терең изилдеген Асанбек Абдыкалыков, Атыгай Арзыматов, Мидил Жамгырчинов сыяктуу агайлардын эмгектери 1960-жылдарын ортосунан кийин – 1970-жылдары (Дөөлөт Сапаралиевдин китептери 1980-жылдардан тартып) жарык көргөн.

Демек, Садыбакас Өмүрзаков өзүнүн географиялык ачылыштарга арналган бараандуу эмгегинде бир нече илимий тармактарга ширелишкен көйгөйлөрдү мыкты иликтеген: бир жагынан, ал географ, картограф болду, экинчи жагынан, ал тил илимдеринин маанилүү тармагы – ономастиканын, анын ичинде жер-суу аттарын изидөөчү топонимиянын маселелерине кылдат көңүл бөлдү, үчүнчү жагынан, географиялык ачылыштар тарыхын изилдөө аркылуу ал тарых илимдеринин олуттуу тармагы – тарыхнаамага, ошондой эле, инсан таануу өңүттөрүнө да сүңгүдү, төртүнчү жагынан, чөлкөм таануу деген бир нече илимди өзүнө камтыган универсалдуу тармакка өз үлүшүн кошту, бешинчи жагынан, “Манас” эпосуна байланыштуу Евразия картасын даярдаган эмгегин эске алсак, ал айырмалуу фолклор таануучу жана картограф да болду.

Маркум Садыбакас Өмүрзаковдун “Көз жеткен чектин төрт жагынан: Кыргызстандын географиялык изилдөөлөрүнүн тарыхы боюнча кыска баяндар” (Умурзаков С. С четырех сторон горизонта: Очерки по истории географических исследований Киргизии. – Фрунзе : Мектеп, 1983. – 112 с., илл.) деген орусча жарыяланган китеби да (балким, бул китептин аталышын “Теребелдин төрт жагынан”, “Теребелдин чар тарабынан” деп кыргызчалоого да болор?) жалпы эле Борбордук Азия аймагындагы география, картография жана топонимия таануучу адистер менен тарыхчылардын сүйүктүү китебине айланган.

Анын китептеринде ушунчалык ар тараптуу маалымат сыйдырылгандыктан, аларды бир түндө эмес, ырааттуу түрдө узак мезгил ичинде астейдил окуу керек. Бул китептер жатык тилде жазылганы менен, өзүнө энциклопедиялык маалымат камтыгандыгы үчүн ушундайча узак мөөнөттө талдап окууну талап кылат.

Жалпысынан, өз эмгектеринде Садыбакас Өмүрзаков агай Кыргызстанды иликтеген чет өлкөлүктөр тууралуу эле жазып чектелбестен, жер таануу – эл таануу жаатында кыргызстандыктардын өздөрү кошкон илимий салымдарды да унутта калтырган эмес. Анын көп чабыттуу илимий көрөңгөсү алты томдук “Кыргыз Совет энциклопедиясын” даярдап, жарыкка чыгарууга кошкон салымдарында да айрыкча билинген.

С.Өмүрзаков агайдын кыргыз улутунун карт тарыхынын бир катар өңүттөрүн даректүү маалыматтарга, тарыхнаамалык мол материалга таянып иликтеши постсоветтик кыргыз улутунун руханий кайра жаралуусу үчүн кызмат кылган зор өбөлгө болду.

Эсимде, кыргызстандык илимпоздордун эки өкүлү “кыргыз” этнониминин 2200 жылдык мааракесин кылымдар тогошкон жылдан соң өткөрүү идеясын тээ 1980-жылдардын этегинде бири-биринен көз каранды эмес, ар кими өз алдынча сунуш кылышкан. Алардын бири – аксакалыбыз Садыбакас Өмүрзаков болсо, экинчиси – эми орто муунга кошулган окумуштуу, арап жазмасындагы кыргыз дипломатиялык каттарын түп нускасында изилдеген адис, азыркы тапта тарыхый романдары кеңири маалым шакиртибиз Арслан Капай уулу Койчиев болду.

Илимий фактыларга негизделген бул идеяны XX жана XXI кылымдар тогошкон маалда Кыргызстандагы бийлик тизгинин бучкактап турган саясатчылар алгачкы демилгечилердин ысымдарын эч оозанбастан андан ары өркүндөтүштү. Акыры 2002–2003-жылдары Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка айрым өлкөлөрүндө, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму менен ЮНЕСКОнун алкагында байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракеси белгиленди.

Баары бир бул мааракенин пайдубалынын алгачкы маалыматтык ташын географ С.Өмүрзаков менен тарыхчы А.Койчиев тизген, деп билебиз.

С.Өмүрзаков агайдын жетекчилиги менен түзүлгөн “Кыргыз ССРинин атласы” СССРдеги эң мыкты түзүлгөн атластардын бири катары 1990-жылы жогорку баага арзыган. Албетте, Садыбакас агайдын география илимдерине кошкон салымдары тууралуу географ адистер бизден жүз эсе мыкты түшүндүрүп баяндап беришээри шексиз.

Шакирттери көп аалым

Биз, XXI кылымдын башындагы алатоолук тарыхчылардын өкүлдөрү, өзүбүздү географ С. Өмүрзаковдун шакирттери катары санайбыз деп дагы бир ирет баса белгилеп айтаар элем. Кеп сөзсүз эле илимий жетекчиликте эмес, кеп – руханий таасирде.

Агайдын улуу нугун улантып жаткан географ окуучуларынын бири – профессор Саламат Күлөмбек уулу Аламанов. Учурда ал – Кыргыз Географиялык коомунун Президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Муса Адышев атындагы геология институнун география бөлүмүнүн башчысы. Ал 1977-жылы Маскөө мамлекеттик университетинде Кыргызстандын түндүк-батыш өңүрүндөгү суу алабынын калыптанышы жана болочокку акыбалы тууралуу кандидаттык ишин ийгиликтүү коргогон (илимий жетекчиси – профессор Александр Николаевич Вазнов болгон). Кыргызстанга келип, ал С. Өмүрзаков агайдын үзөңгүлөш жүргөн шакирти болгон.

1989-жылы 3-июнда “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” коомдук уюмун түздүк. Бизге ылым санаган окумуштуу аксакалдардын бири – Садыбакас Өмүрзаков агай болду. Аны менен Кайра куруулар доорунун этегинде Бишкекте түзүлгөн топонимиялык комиссияда чогуу иштешип да калдык.

Садыбакас агайдын таланттуу окуучуларынын бири, картография жана топонимия боюнча белдүү адиси Темиркул Эшенкулов агай биз менен көп жолку маектеринде С.Өмүрзаков жаш тарыхчылардын 1989–95-жылдардагы эмгектерине өзгөчө астейдил мамиле кыларын, өз окуучуларына да ушундай реформачыл мамилени сунуш кылганын айтып жүрдү.

Демек, географ жана тарыхчы С. Өмүрзаков өзүн жаш муундар менен көрүнбөгөн көпүрө аркылуу ырааттуу байланыштыра алган, мындай чыгармачыл көпүрөдөгү кыймыл үчүн өз эшигин дайыма ачык кармаган айкөл устат эле.

Садыбакас Өмүрзаков (1921–2002) Бүткүл союздук Географиялык Коомдун VII курултайында ордунан туруп сүйлөөдө. Бишкек (Фрунзе), 1980.
Садыбакас Өмүрзаков (1921–2002) Бүткүл союздук Географиялык Коомдун VII курултайында ордунан туруп сүйлөөдө. Бишкек (Фрунзе), 1980.

1980-жылы ал Бишкекте (ал кездеги Фрунзе шаарында) Кыргызстандын Географиялык Коомунун III курултайын жана Бүткүл союздук Географиялык Коомдун VII курултайын уюштуруу иштерин жетектеген. Демек, анын уюштуруучулук ишмердиги жумуриятыбыздын кыйырынан да сырткары чыккан.

Маалыматка караганда, 1948-жылы ал Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турганында Индиянын Калькутта шаарында өткөн Азия өлкөлөрүнүн демократиялык жаштарынын жолугушуусуна катышкан экен жана ал шеринеде индия элинин чыгаан уулдары Махатма Ганди жана Жавахарлал Неру менен кезигишип, бул гуманисттерден чоң таасир алган экен.

Садыбакас агай өзүнө өзү эч качан жалган айтпаган, дайыма булакка таянуу менен гана илимий корутунду жасоого умтулган окумуштуу болчу. Анын картографиялык жана географиялык эмгектери илимий мааниси бөксөрбөстөн күнү бүгүнкүгө чейин жалпы адамзаттык илимге кызмат кылып келет.

Эр эмгеги унутулбайт

Кыргыз коомчулугу Садыбакас агайдын илимий салымдарын баалай алды. Көзү тирүүсүндө С. Өмүрзаков агай көп томдук “Кыргыз Совет Энциклопедиясын” жарыкка чыгарууга кошкон салымы үчүн башка авторлор менен катар эле Кыргызстандын илим жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына да татыган, андан тышкары бир катар мамлекеттик сыйлыктарга арзыган, «Жаратылышты коргоо тармагындагы эмгеги сиңген кызматкер» наамына да ээ болгон.

Эгемен Кыргызстандын Жогорку Кеңеши кыргыз элинин чыгаан уулунун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында 2008-жылдын үчтүн айынын (январынын) 15инде кабыл алган атайын мыйзамга ылайык, Аламүдүн суусунун төрүндөгү деңиз деңгээлинен 4417 метр бийиктиктеги аты белгисиз чокуга «Өмүрзаков чокусу» деген аталыш берди.

Садыбакас Өмүрзаков агайдын илимий жана коомдук ишмердик чыйыры – улуулар көчүн улантып калган азыркы алатоолук коомчулук үчүн унутулгус өмүр сабагы.

Анын 100 жылдык мааракесине байланыштуу илимий-агартуучулук чараларды уюштуруп жана аларга жигердүү катышып жаткан замандаштарыбызга албан чыгармачыл ийгиликтер каалайбыз.

Ред.: Автордун жеке пикирин “Азаттыктын” редакциялык туруму катары кабыл албооңуздарды өтүнүбүз.

XS
SM
MD
LG