Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Табалдыев: Биз “киргиз” деп жазсак, Худяков“кыргыз” деп жазчу


Юлий Худяков. Бишкек, 16-ноябрь, 2012-жыл.

Орусиялык чыгаан археолог, кыргыз таануучу Юлий Худяков 24-декабрда, 75ке караган чагында, коронавирус илдетинин айынан дүйнө салды. Худяков кыргыз тарыхына, кыргыз таанууга, кыргыз археологиясына, кыргыз этнологиясына опол тоодой салым кошуп келген чыгаан окумуштуу. Орусиянын Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүндө кыргыз археологиясы боюнча илимий мектеп түзгөн.

Окумуштуу тууралуу анын шакирти, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, белгилүү археолог Кубат Табалдыев эскерди.

- Юлий Сергеевич Худяковдун биздин кыргыз археологиясына, кыргыз этнологиясына, жалпы эле Сибирдеги Энесай кыргыздарынын археологиясына кошкон салымы абдан чоң. Бул оор илимий теманы 1972-жылдан тартып изилдеп келди. Ошону менен бирге түрк тилдүү калктардын аскер иши боюнча илимий жолдун негиздөөчүсү болуп саналат. Окумуштуунун 1500дөн ашуун илимий эмгектин автору, 40тан ашык илимий монографиясы жарык көрдү. СССР мезгилиндеги жана андан кийинки археологиялык эмгектер боюнча бул кишинин алдына эч ким чыга албайт.

- Теңир-Тоодогу кыргыздар менен Энесайдагы кыргыздардын ортосундагы генетикалык байланыш боюнча окумуштуулар ортосунда талаш-талкуу жүргөн эмеспи. Профессор Худяковдун эмгектери ушундай тарыхты тактоодогу талаштуу маселелерде кандай ролду ойноду эле?

- Туура, совет мезгилинде Теңир-Тоодогу кыргыздардын Энесайдагы өзүнчө тарыхы изилденип жаткан учурда буга тыюу салган учурлар болду. Бирок, ошого карабай реалдуу археологиялык-документалдык материалдардын негизинде Теңир-Тоодогу кыргыздар менен Энесайдагы кыргыздар ортосунда генетикалык байланыш бар деп, далил топтогон бирден-бир чыгаан окумуштуубуз болуп саналган. Бул кишинин эмгегин биринчилерден болуп кыргызстандык тарыхчы Ысман Кожомбердиев колдоп, андан кийин биздин белгилүү тарыхчыларыбыз Өмүркул Караев, Тынчтыкбек Чоротегин колдоп, анын эмгектерин Кыргызстанда тарата баштаган. Кеңири таратуу ишинде белгилүү жазуучу Кеңеш Жусупов чоң роль ойноду. Ал киши Худяковдун эмгектерин кыргызча которуп, ошол кезде популярдуу болуп турган “Ала-Тоо” журналына жарыялай баштаган. Ушундан кийин элге кеңири жетти.

Биз Худяков менен 1988-жылы Илимдер академиясындагы түркология боюнча конференцияда таанышып, ошол эле күнү мага илимий жетекчи болууга макулдугун берген. 1989-жылы мени Алтайга экспедицияга чакырып, ал жердеги эстеликтер менен тааныштырды. Ошол эле жылы Кыргызстанда Тынчтыкбек Чоротегиндин жетекчилиги менен уюштурулган биринчи экспедициябызга Худяков менен чогуу чыктык. Экспедициябыз Нарын жергесиндеги Ала-Мышык эстелигинде болду.

Талаа-түздө жүргөндө Юлий Сергеевич абдан жөнөкөй киши эле. Жаткан жерди, тамак-ашты эч ылгачу эмес. Эл дагы бул кишини “Ала-Тоо” журналындагы эмгектери аркылуу жакшы таанып, сый көрсөткөнгө аракет кылышчу. Кээде мен аркылуу "салам айтып кой" деген кишилер көп болду. Мен анын жетекчилиги артында кандидаттык ишимди жактадым. Новосибирск мамлекеттик университетинде окуп, ал жакка барышым дагы чоң олжо болду. Ошол жердеги Деревянко баштаган изилдөө тобун Кыргызстанга алып келип, биздин таш доорунун эстеликтерин изилдеттирдик. Ошонун алкагында кыргыздар үчүн таш доору боюнча адистер даярдалды. Андан кийин Юлий Сергеевич Худяковдун жетекчилиги менен менин окуучуларым Ороз Солтобаев, Жазгүл Орозбекова, Күнболот Акматов илимий иштерин жазышты.

- Демек, бул киши Кыргызстанда илимий чоң мектеп түзүп кеткен турбайбы?

- Ооба, биз ошол Худяковдун мектебинин окуучуларыбыз. Бул дагы илим үчүн өтө чоң салым.

- Ал киши кыргыз тарыхына, көчөмөндөр цивилизациясына кызыгып калганына эмне түрткү болгонун айтчу беле?

- Новосибирскиде жүргөндө дагы көп айтты. Кыргызстанга келгенде дагы көп сурап калышчу. Бул киши 2-курсунда Москвада студенттердин конференциясы болуп, Энесай кыргыздарынын аскер куралдары боюнча доклад менен чыккан экен. Ошондо агайдын жаш экенине карабай, белгилүү окумуштуу Леонид Кызласов башка темада изилдөө иштерин улантууну сунуштаптыр. Бул киши өжөр, эмгекчил киши болгондуктан аны уккан эмес экен. Тескерисинче, көп эмгектенип, Абакандагы музейдеги сүрөттөрдүн баарын колго тартып, илимий ишин жактаган. Андан кийин “Вооружение енисейских кыргызов VI—XII вв” деген китебин жазган. Биз “киргизов” деп жазып жүргөн убакта бул кишинин китептеринин баары “кыргызов” деп чыкчу.

- Кыргызстанга илимий экспедицияларга келгенин эскерип жатасыз, ошол мезгилдерде өткөн тарыхты тактоо, изилдөө маселесине эл арасындагы идиректүү кишилер кулак түрүп, чыга калган эмгектерди калтырбай окучу да. Худяковдун ысымы элге канчалык таанымал эле?

- Худяков келди дегенде, китепти көп окуган кишилер издеп келип, жолукканга аракет кылышчу. Алар дагы сый көрсөтүп, ишине тоскоол болбойлу деп, казуу жүрүп жаткан жерге аяр басып келип көрүп, жумуштун бүтүшүн күтүп отургандар болчу. Иш бүткөндөн кийин Худяков алар менен кенен-кесири сүйлөшүп, суроолоруна шашпай жооп берчү. Айрыкча, Кочкор жергесинде жүргөндө тарых мугалдимдери келишчү. Худяков биз менен ошол жерде казуу иштерин жүргүзүп жатканда дене тарбия мугалими Замир Алдаяров агай жергиликтүү басылмага “Беш-Таш короонун V кылымдагы сырлары” деген макаласын жарыялаганы эсимде.

Юлий Сергеевич ошол жерде экспедицияда жүргөндө биз Кара-Саз айылындагы музейден Энесай кыргыздарынын кооздуктарына окшош буюмду көргөнбүз. Жергиликтүү эл аны Майчыбыр деген жерден таап алган экен. Худяков агай буга абдан кызыгып калды. Менин дагы илимий ишиме байланышы болгондуктан ошондон тарта Кочкор жергесин терең изилдедик. Жүрө-жүрө Энесай жана Теңир-Тоо кыргыздарынын ортосундагы байланыштарды далилдей алдык.

Бул кишинин эмгектеринин көбү Энесай кыргыздарына таандык. Андан кийин биз өзүбүздүн тарыхта азыраак көңүл буруп келген Алтайдагы орто кылымдагы кыргыздардын археологиясына чыйыр салган киши - Юлий Сергеевич Худяков. Ошондой эле Чыгыш Түркстандагы Энесайдан келген кыргыздардын изин тапкан биринчи окумуштуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG