Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Юлий Худяковду ак калпак кыргыз эли эч унутпайт


Профессор Юлий Худяков Жусуп Баласагын атындагы КУУда Улуу Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган илимий жыйында. 16.11.2012.

Орусиялык чыгаан археолог, кыргыз таануучу Юлий Худяков 24-декабрда, 75ке караган чагында, коронавирус илдетинин айынан дүйнө салды.

Кыргыз тарыхына, кыргыз таанууга, кыргыз археологиясына, кыргыз этнологиясына опол тоодой салым кошуп келген заманабыздагы чыгаан окумуштуу, Орусиянын Илимдер Академиясынын Сибирдеги бөлүмүндө кыргыз археологиясы боюнча илимий мектеп түзгөн профессор Юлий Сергеевич Худяков бүгүн (жума күнү, 2021-жылдын 24-декабрында) дүйнө салды. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин маркум үзөңгүлөшү жана устаты тууралуу эскерүүсүн сунуштайбыз.

Археолог Ю.Худяковдун энеси Ирма Геккер тарткан “Жаш археолог” аттуу сүрөт. 1972. Үй-бүлөлүк архивден.
Археолог Ю.Худяковдун энеси Ирма Геккер тарткан “Жаш археолог” аттуу сүрөт. 1972. Үй-бүлөлүк архивден.

Атаганат, ушундай оор кабарды сиз тууралуу укпай турсак кандай ажайып болмок!..

Сиз кыргыз тарыхын тээ бир кездери Кыргызстан Компартиясынын жетекчилиги атайылап кемейтип, бөксөртүп, идеологиялык чидер менен жалган концепцияга байлап-матап жаткан учурда, 1980-жылдардын башында, Шибер жактан тайманбастан калыс адис катары доош чыгарып, Энесай Кыргыз каганатынын Улуу Кыргыз каганаты доору – бул кыргыздын орто кылымдардагы тарыхындагы жылдызга кол сермеген сааты, ал эми Теңир-Тоо кыргыздарынын тарыхы – Энесай кыргыз тарыхынан эч ажырагыс, деп таасын жаздыңыз.
Андан соң байыркы кыргыздардын алгачкы атажурту б.з.ч. I миң жылдыкта Чыгыш Теңир-Тоо болгонун, кыргыздар Энесайга б.з. V кылымда жужандардын кысымы маалында журт которгондугун жаздыңыз жана Энесай кыргыздарынын бир бөлүгү Улуу кыргыз дөөлөтү маалында кайра Теңир-Тоого кайткандыгын Ө.Караев, В.Я.Бутанаев ж.б. тарыхчылар менен бирдикте тастыктадыңыз.
Сиз Евразиядагы көчмөндөрдүн курал-жарактарын изилдөө боюнча кеңири деңгээлде иликтөө жүргүзүү менен катар, ар дайым кыргыз тарыхынын өңүттөрүн удаа жана ырааттуу иликтеп келдиңиз.
Эсимде, ЮНЕСКОнун долбоору менен Улуу жибек жолунун таманы аркылуу Кытайды аралап калганыңызда, кытайлык музейлердеги баалуу артефакттарды өз колуңуз менен мыктылап чиймелеп сүрөткө тартып алганыңызды айтканыңызда, өтө маашырларланган элек (көптөгөн өлкөлөрдө музейде артефакттарды фотоаппарат колдонуп сүрөткө тартууга уруксат беришпейт, бирок колу менен чиймелеп тартып алууга тыюу жок).
Анан акырындап сүрөтчүлүк жайыңыздын сырын да, үй-бүлөлүк тарыхыңызды да, оор тагдырды баштан кечирген ата-энеңиздин сталиндик доордогу азаптарын да айтып бердиңиз, калганын кызыңыз Алиса, жакындарыңыз, Бишкектеги руханий шакиртиңиз Өмүрбектин эмгектери аркылуу тастыктадык.

Археолог Ю.Худяковдун таятасы Юлий Геккер (1881-1938). Цинциннати. 19.01.1935.
Археолог Ю.Худяковдун таятасы Юлий Геккер (1881-1938). Цинциннати. 19.01.1935.

Сиздин таятаңыз, доктор Юлий Фёдорович Геккер (1881–1938) өз эрки менен АКШдан Советтик Орусияга келип, агартуу тармагындагы реформаларга салым кошкон, бирок 1930-жылдын 27-апрелинде бейкүнөө сталиндик режимдин курмандыгына айланган залкар ойчул, философ болгон экен (сиздин атыңызды таятаңыздын ысымын өчүрбөө үчүн Юлий деп коюшкан тура). Маркум таятаңыз 1957-жылы толук акталган.
Толугураак: Чоротегин (Чороев) Т.К., Алымкожоев О. Юлий Геккер: Жизнь мыслителя и педагога, оборванная в годы сталинских чисток. Universum Humanitarium. 2021;(1):116-132. https://doi.org/10.25205/2499-9997-2021-1-116-132

Атаңыз Сергей Алексеевич Худяков (1919–1984) менен энеңиз Ирмгардт Амалия Геккер (Ирма Юльевна Худякова; 1916–2002) болсо каргашалуу ГУЛагда таанышып, бири-бирин сүйөмөлөп, анан апаңыз тун кызын (Вера эжекеңизди) 1944-жылы абакта кезинде төрөгөн экен. Өзүңүз болсо апаңыз толук боштондукка чыга электе, бирок Шиберде жайкын абак шартында жүргөндө, 1947-жылы 8-декабрда Кемерово облусунун Медвежка кыштагында туулган экенсиз.

Сергей Худяков жубайы Ирма Юльевна менен.
Сергей Худяков жубайы Ирма Юльевна менен.

Ошентип, жаштайыңыздан тагдыр сыноолорун көрүп, Шибердеги чакан этностордун арасында чоңоюп, ар дайым акыйкаттыкты жактаган инсан катары жетилген экенсиз.
Сиз орто мектептин көлөмүн 1965-жылы Буриятиянын Тункин өрөөнүндөгү Кирен кыштагында кечки мектептен аяктап, анан Советтик аскерде кызмат өтөп келип, 1969-ж. Новосибирск мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырган экенсиз.

Теңир жалгап, ал жерде кыргыз тарыхын Шибер тарыхы менен айкалаштырып иликтей алган окумуштуу, академик Алексей Павлович Окладников (1908–1981) устаттарыңыздын бири болуп калган тура. Анан Сиз студент кезиңизден эле өмүрдүк темаңызга – Борбордук жана Ички Азиядагы көчмөн элдердин аскердик курал-жарактарын археологиялык материалдардын негизинде иликтөөгө жана, асыресе, дал ушул тармакка түздөн-түз байланыштуу болгон Энесай кыргыздарынын тарыхын изилдөөгө киришкен экенсиз.
Сизди ар дайым академик А.П. Окладников менен анын окуучусу, азыркы орусиялык академик, археолог Анатолий Пантелеевич Деревянко (1943-жылы туулган) илимий жетекчи катары ырааттуу колдоп беришти.

Юлий Сергеевич, Ольга Владимировна жана Алиса (ортодо) Худяковдор.
Юлий Сергеевич, Ольга Владимировна жана Алиса (ортодо) Худяковдор.

1977-жылы жактаган кандидаттык диссертацияңыздын негизинде өзүңүз жазган "Вооружение енисейских кыргызов VI–XII вв." ("Энесай кыргыздарынын VI–XII кк. курал-жарактары") аттуу көөнөргүс китеп 1980-жылы Новосибирск шаарында "Илим" басмасынын Шибер бөлүмү тарабынан 12 басма табак көлөмүндө жарык көрдү.
Бул эмгек жалпы илим чөйрөсүндө Шибер, Ички Азия археологиясы жана кыргыз таануу жаатында зор саамалык катары жандуу талкуу жаратты.
Ошондон тартып миңден ашуун эмгек жарыялап, XXI кылымдын башындагы орусиялык мээнеткеч жана чыгаан илимпозго айландыңыз.
Эгемен Кыргызстан Сиздин эмгегиңизди жогору баалап келди. Сиз 2002-жылы Кыргыз Республикасынын «Данакер» ордени менен, ал эми 2016-жылы Үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйландыңыз. Андан тышкары Сизге академик Асанбек Табалдиев атындагы коомдук сыйлык, "Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун Ардактуу мүчөсү" наамы, Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору наамы ж.б. сыйлыктар да ыйгарылган.
Сиз 1987-жылдан тартып ар дайым Кыргызстандын жаш тарыхчыларынын жана археолог, этнологдорунун реформачыл канатынын колдоочусу, үзөңгүлөшү, устаты болуп келдиңиз.

Профессорлор Юлий Худяков менен Виктор Бутанаев. Бишкек. 18.4.2017.
Профессорлор Юлий Худяков менен Виктор Бутанаев. Бишкек. 18.4.2017.

Археолог шакирттериңиз Кубатбек Табалдыев, Ороз Солтобаев, Жазгүл Орозбекова ж.б. кыргыз илимпоздор азыр да сиздин илимий мектебиңиздин өкүлдөрү катары үзүрдүү эмгектенишүүдө.
Жакында эле Барнаулдагы Алтай мамлекеттик университети менен Горно-Алтайск шаарындагы Тоолуу Алтай мамлекеттик университеттери, Кыргызстандагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Казакстандагы жана башка университеттер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте башат алган эл аралык “Чоң Алтай” илимий долбооруна батаңызды берип, онлайн чыгып сүйлөдүңүз эле. Жакында Барнаулда жарыкка чыга турган орток илимий жыйнакка макалаларыңызды тапшырган элеңиз.
Алдыда дагы далай илимий долбоорлоруңуз Сизди күтүп жаткан. Эсенчилик болсо, келээрки жылы өзүңүз, досуңуз Астайбек Бутанаев болуп Кыргызстанда кайра жолугушабыз, деп тилек кылган элек.

Профессорлор Виктор (Астайбек) Бутанаев, Юлий Худяков жана Тынчтык Чоротегин маркум этнограф Имел Молдобаевдин бейитинин жанында. 19.4.2017.
Профессорлор Виктор (Астайбек) Бутанаев, Юлий Худяков жана Тынчтык Чоротегин маркум этнограф Имел Молдобаевдин бейитинин жанында. 19.4.2017.

Жазмыш ушул тура!..
2021-жылы ноябрда өмүрлүк жарыңыз Ольга Владимировна кайтыш болгону Сизди абдан оор соккуга кабылтып, эңшерилтип кеткен окуя болду. Бул оор жоготуу коронавирус илдетине да кошул-ташыл болуп, Сизди чөктүргөн окшобойбу!
Уулуңуз Теодордун айтымында, Сиз өзүңүз капыстан чалдыккан коронавируска байланыштуу 16-декабрда Новосибирск шаарындагы ооруканага түшүп, 21-декабрда акыбалыңыз кескин оорлошкон экен.

Жума күнү, 24-декабрда таңга маал өзүңүзгө мүшкүл да болгон, өзүңүз татыктуу болгон жаркын сааттарын жана кубанычтарын да камтып берген ушул ажайып дүйнөбүз менен кош айтышкан экенсиз...

Сиздин жаркын элесиңиз эгемен Кыргызстанда ар дайым жүрөгүбүздө сакталат. Сиздин көөнөргүс илимий жоболоруңуз окуу китептерибизде, энциклопедияларыбызда, илимий жана жамаагаттык адабиятыбызда татыктуу чагылдырыла берет.
Сиздин кыргыз таанууну эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жаатындагы илимий долбоорлоруңуз мындан ары да байсалдуу жүзөгө ашырыла бермекчи.
Сиз – кыргыз эли үчүн азыркы доордун Алмамбети болдуңуз, Кыргызстан менен Орусиянын илимий алакаларынын данакери, эл достугунун кубаттуу көпүрөсү болуп келдиңиз.
Сиздин опол тоодой илимий салымыңызды даңазалаган илимий эмгектер, диссертациялар жана башка чыгармалар Ала-Тоодо мындан ары байма-бай жарык көрмөкчү.
Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!
Кызыңыз Алисага, уулуңуз Теодорго, жалпы үй-бүлөңүзгө, жакындарыңызга, үзөңгүлөш жана шакирт замандаштарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Ред.: “Азаттыктын” жамааты да маркумдун жакындарынын жана шакирттеринин азасын бөлүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG