Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:46

Аңгемеге айланган оош-кыйыштуу отуз жыл


Жазуучу, журналист Айбек Абдылдаевдин “От кечкен отуз күн” аңгемелер жыйнагы өткөн жылдын этегинде жарык көрүп, азыр окурмандардын сынында. Биз автор менен анын чакан аңгемелериндеги айтылган ойлор, негизги идеялар жөнүндө маек курдук.

- Айбек мырза, мен окурман катары дароо байкаганымды айтайын дагы, анын чын-төгүнүн сурайын. Аңгемелердеги окуялар бири-бирине такыр окшобойт. Биринде Тажикстан менен чектешкен жердеги Кара-Боор айылына тойго жөнөсөк, дагы биринде Сириядагы согушка катышабыз. Каармандарыңыздын кулк-мүнөзү, турмуш жолу да ар түрдүү. Бирок аңгемелердин баарына мүнөздүү бирдиктүү идея – бул адам тагдыры жана укугу болгондой таасир калтырды...

- Туура, негизи эле кайсыл доор болбосун, адам тагдыры, адам - адабияттын негизги темасы эмеспи. Бул чакан аңгемелер жыйнагым аркылуу мен өлкө эгемендик алган жылдардан берки коомдогу баалуулуктардын, көз караштардын өзгөргөнүн, эл басып өткөн 30 жыл ичиндеги оош-кыйыштарды каармандар аркылуу, окуялар аркылуу бергим келди.

- Ар бир аңгемеңизде кыргыз коому туш болуп аткан, бирок анчейин этибар ала бербеген ар кыл көйгөйлөр чагылдырылган экен. “Добуш” аттуу аңгемеңиз өзгөчө эсимде калды. Тоо арасында карапайым күн кечирген, саясат менен иши жок бейкапар жашаган карыянын, деги эле айыл тургундарынын жашоосуна шайлоонун тийгизген таасирин көрсөтө алгансыз. Ушул аңгемеңизде депутат болууну каалаган жетекчисине кошомат кылып, айылынан добуш алып берүүнү убадалаган, анан бул нерсени айылдагы атасынан талап кылган каарманыңыздын аты Келечек экен. Бул жөн гана дал келүүбү же атайын тандалган ысымбы?

- Биз бала кезде айылдагы чоң кишилер шайлоого анча деле маани беришчү эмес. Ал убакта шайлоо биз үчүн кадыресе майрам сыяктуу болчу. Шайлоого катышып аткандары, добуш берип аткандары азыр да көз алдымда турат. Анан бара-бара коомдо шайлоого болгон негизги фокус өзгөрдү, ар бир киши ошол саясий өнөктүккө жан дили менен кирип, өтө эле саясатташып, майдаланып кеткен учурларды көрдүк. Керек болсо, бир үй-бүлөдө эки башка талапкерди тандап алып, анын айынан чабыша кетип, туугандар сүйлөшпөй калганга чейин жетпедиби. Кайсы бир жылдары бул саясий өнөктүктөн эл эки тарап болуп урушуп, жол тосулуп, курч окуялар дагы болуп кетти. Бул адамдагы баалуулуктарга болгон көз караштардын өзгөрүп жатканы эмеспи. Адамды адам баалабай калган доордо жашап калдык. Кыргызда саясий көз карашы үчүн туугандыктан эч ким кечкен эмес. А биз ошол күндү көрдүк. “Добуш” деген аңгемемдин өзөгү да ушунда жатат. Себеби, чыгарманын аягы бейпил жаткан бул кыштакка шайлоо күзгү тумандай акырын жылып келатканынын сүрөттөлүшү менен жыйынтыкталат.

Ал эми каармандын ысымы тууралуу айта турган болсок, албетте, ал жөн жеринен эмес, бул эми метафора да. Аңгемеде кичүү уулу Келечек атасынан түз суранбай, апасы аркылуу жетекчисине добуш алып берүүнү талап кылып атпайбы. Аны айылдагы атасынын жашоо абалы, анын дагы бир майып баласы бар экени, бирөөнүн малын карап кыштоодо да эмес, кар түшкөндө тээ бир тоонун башында жашап атканы аны кызыктырган жок. Анын болгон максаты жетекчисине добуш алып берип, ошол аркылуу ага жагыныш болду.

- Каармандарыңыздын ысымдарын тандоого дагы өзгөчө мамиле кылган экенсиз. Мисалы, алгачкы аңгемеңиз “Барсбекти” алалы. Тарыхый инсандын ысымы энесинен адашкан балага берилип атат...

- Бул чакан аңгемеде курбусунун “Бишкекке келип тикмечи болуп иште” деген сунушу менен шаарга жаңы келип, ошол эле замат митингге кабылган келиндин окуясын жаздым. Ага Москвада миграцияда жүргөн күйөөсү телефон аркылуу эле талак берип койгон. Анысын кайын журтунан башка эч ким билбейт. 7-8 кыз бир тууганы болгондуктан, аты Жаңылай. Ошентип, ал митингге кызыгып карап калат. Өзүнүн турмушу, кыйынчылыгы жөнүндө жүлүнгө жеткен, дал-дал бутасга тийген сөздөр айтылып атканын угуп, аңкайып, кызып топ аралап кетип, баласын топтун ичинен жоготуп алат. Иши менен сөзү дал келбеген саясатты да кыйыр түрдө берүүгө аракет жасадым. Апасынан адашкан кичинекей Барсбек аңгеменин аягында табылат. Барсбек аттуу баланын митингде жоголуп кайра табылышы көп нерседен кабар берет. Кичинекей бала бул – бир элдин кийинки мууну, бир элдин келечиги.

- Дагы бир көңүлүмдө калган чыгармаңыз “Адам-карышкыр” болду. Ал “Кыяматты”, “Кылым карытар бир күндү” эске салды. Маселен, баш каарман Капсалаң карыя менен Айтматовдун Эдигейи окшошуп кетет. Аңгемеде кен иштетүү үчүн келгендер дөбөтүн, бөлтүрүктөрүн өлтүрүп салгандыктан, жер которуп бараткан карышкыр кездешет. Айыл ичи тынч жашоосун өткөрүп атканда, кайсы бир жерде адамдар Кызыл планетага көчүүнү пландап жатышкан болот. Чыгармада адамдыкка чакырган айматовдук идея дагы камтылган. Айтор, үндөштүктөр арбын. Негизи эле бардык чыгармаларыңызда глобалдык масштабды бир чакан айылга сыйдыра алганыңыз да Айтматовдун стилин эске салат. Мындан улам, чыгармаларда Айтматовдун таасири бар десек болобу?

- Балким, таасири бардыр. Бирок түздөн-түз ошол идеяларды улап же кайра шөкөттөп берүү деген ой болгон эмес. Бул аңгемелердин баарындагы каармандар арабызда жашап жүргөн эле кишилер. Бул сиз айтып аткан аңгемедеги карыяны мен Алайдын бир айылынан көрүп калдым. Ал карышкырча улуй алгандыктан, аны айылдан айылга чакырышып, карышкыр аттырат экен. Сүйлөшүп отурганыбызда ал “Азыр менин бул өнөрүм кимге керек? Өзүм менен кетет. Мен атаман үйрөнгөм, бирок балдарым үйрөнгүсү келбеди” деп калды. Ошол учурда Илон Маск “Адам Марста жашай алабы?” деп, чоң дымак менен ачылыш жасоого умтулуп, ал социалдык тармакта катуу талкууланып жаткан кез эле. Мен экөөнү байланыштырып койдум. Экөө дүйнөнүн эки башында отурганы менен, бир эле нерсени – адамзаттын эртеңкисин ойлонуп жатышпайбы. Биз дүйнөдөн бөлүнүп калган жокпуз. Дүйнөдөгү көйгөйлөр ага да түздөн-түз таасирин берип жатат.

Мен атайын каармандарды, окуяларды ойлоп таап, толгонбойм деле. Журналист болгондон кийин толгон-токой тагдырларга күбө болдум. Кийин каарманга айланар кишилер менен сүйлөшөсүң.

Айбек Абдылдаевдин аалам баткан алакандай аңгемелери
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:52 0:00

- Кеп нугун дал ушул аңгемеге – “От кечкен отуз күнгө” бургум келип турат. Кыргызстандыктар ар кандай азгырыктын тузагына түшүп, Жакынкы Чыгыштагы согушка катышып калып жатканы чоң көйгөйгө айланып, ушул кезге дейре ондогон ата-эненин көз жашы төгүлдү. Менимче, бул жүрөк өйүгөн темага кайрылган алгачкы адабият өкүлү сиз болсоңуз керек. Буга эмне түрткү болду?

- Негизи көркөм адабиятта диний экстремизм боюнча көп жаза бербейбиз. Бирок бул темага кайрылган кыргыз жазуучулары бар. Буга Зинакан Пасаңованын “Шахид куру” деген аңгемеси мисал. “От кечкен 30 күн” аңгемемдин деле идеясы Сирияга азгырылып кете баштагандар тууралуу макала маектерди жасап жүргөндө пайда болуп калган. Айталы, он кишиден укканым бир-эки каарманыма жүктөлдү. Бир учурда танкка отуруп, жабалап кыйкырган элге карабай, өзүн жардырып жиберген 19-20 жаштагы баланын видеосу желдей тараган. Кийин анын кыргызстандык экени белгилүү болуп, туугандарын табышкан. Ошондой тагдырларды угуп, көрүп жүрүп, аңгеме жазылып калды.

- Аңгемеңиз бир гана Сирия маселесин эмес, ошол эле ата-баланын мамилеси, сокур фанатизм, билимсиздик, элдин өз тарыхына болгон мамилеси, баалуулуктар, миграция сыяктуу бир катар талылуу темаларды камтып турат. Муну менен Сирияга барып калгандардын трагедиясы тереңде экенин айткыңыз келген өңдөнөт.

- Ооба, мисалы, баланын атасы Ооган согушунун ардагери. Аңгемеде тарыхый инсан Бейбарс да кезигет. Мунун баары жөн жеринен эмес, цивилизациялардын кагылышы, анын эпкини менен кеткендер тууралуу айткым келди. Менимче, окурман кунт коюп окуса, муну илгиртпей эле билет. Дагы бир айткым келген ой - өзүнүн иденттүүлүгүн издеген жаш муун. Айрымдары аны динден, кээ бири ата-бабалар басып өткөн жолдон издеди. Мына ушул учурда адашуулар да болду. Союз ыдырап, эгемендик алгандан кийин, кишилердин көкүрөгүндө боштук болуп калды. Идеология жок, ар ким ар жакка чарпылды. Ошонун айынан көп конфликттер келип чыкты. Көз караштардын келишпестиги, баалуулуктардын өзгөрүшү, ата менен балаланын тил табыша албай калышы келип чыкты. Мына ушунун баарын жеткиргим келди. Албетте, бул өтө чоң темалар. Журналистиканын тегирменинде жүрүп, көп аңгемелерди тийип-качып жазып калдым. Чоң жүк көтөргөн чакан аңгемелер болуп калды. Азыр аңгемелер окурмандардын сынында.

- Окурмандар демекчи, окугандар аңгемелериңиз кыска жазылганын, көбү бүтпөй калгандай, каармандардын образдары дагы толуктоолорго муктаж болгондой таасир калтырганын айтышыптыр. Окурмандар аңгемелериңиз повестке, атүгүл романга айлана алчудай өзөктүү идеяларды камтып турганын айтып, аларды байытып, улантууну суранышыптыр. Окурмандардын бул пикирин эске аласызбы же кыска жазып, окурманды ойго салуу сиздин жазуучулук ыкмабы?

- Бул менин жазуучулук ыкмам деп эле айтам го. Себеби, башынан эле ушундай кыска жазууга басым жасайын дегем. Азыр маалыматтык селдин ичинде калдык. Мындай шартта көлөмдүү нерсе окуганга деле окурмандын чамасы жок. Ал тургай видеону да түрдүрүп көрүп калбадыкпы. Эгер аңгемем окурманды түйшөлтсө, кыска болуп калганына ичи чыкпай, андан ары ойлоно баштаса, демек, мен өз максатыма жеттим. Эң негизгиси, окурмандар чыгармадан өзүн көрө билсе дейм.

- Сиздин ак жеринен камалып, сот өкүмүн күтүп жаткан музыкант Матыштын тагдырын баяндаган “Музыкант” аңгемеңиздин аягы дагы бүдөмүк аяктайт экен. Бирок кече жакында эле Казакстанда кармалып калган пианист Викрам Рузахуновду бошотуп алууда кыргыз коомунун көрсөткөн жигердүүлүгүн карап олтуруп, менде Матыштын акталып чыгышына бир ишеним пайда болду. А сиз өз аңгемелериңизди окурман катары кандай жыйынтыктайт элеңиз?

- Ооба, жогоруда айткандай, көп аңгемелердин аягы бүдөмүк бойдон калды. Бирок ырааттуу окуй келсе, жыйынтык белгилүү болот. Ал аңгемедеги музыканттын тагдыры Викрамдыкынан айырмаланып турат. Бул жердеги негизги айткым келген ой – азыр бирдемеге жапырт чогуубуз менен жабыла кайгырабыз, жаалап баса калабыз... Бирок, аны биз бир-эки сааттан кийин унутуп, жапырт кайра башка нерсеге алаксып кетебиз. Бул жердеги окуя да ошондой. Сот чечиминен кийин бардыгы кайгырат, флешмоб болот, андан кийин ырсалаңдап, арсыз күлүп, башка эле нерсени сүйлөп кетип калышат. Демек, айылдашынын тагдыры аларды көп деле бушайман кылган эмес.

- Менимче, ушул эле идея сиздин “Кайран Дон” аттуу аңгемеңизде да кездешет...

- Жок, ал жердеги идея менимче, башкачараак. Окуя баланын көзү менен жазылган. Бул менин башыман өткөн окуя. Чоң атасы өтүп кеткенде, бир жылкы союп, анан киши көп келет экен деп ошол чоң атасы балага энчилеп бермек болгон тайды союп, тартып жиберишет эмеспи. Чоң атасы экөөнүн тайы союлуп кеткен баланын жан дүйнөсү менен эч кимдин иши болбой, баары этке тоюп, “карс” каткырып отуруп калышат. Негизи эле, биз баланын көңүлүнө, жан дүйнөсүнө көп маани бере бербейбиз. Биз чоңдор баланын көзүнчө отуруп алып, эмнелерди гана сүйлөшпөйбүз? Бала барбы, жокпу, муну элес албайбыз. Баланын дүйнөсү биздикинен терең, аруу, чынчыл. “Кайран Дондун” идеясы ушунда.

- Айбек мырза, маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Сизге ийгилик.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG