Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

"Батукаев ишин" кайра кароо кийинкиге жылды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

"Батукаев иши" боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын кароо башка күнгө жылды. Буга сотко Башкы прокуратуранын өкүлү келбегени себеп болгонун Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

"Дагы бир жолу соттук отурум жылды. Анткени прокурор Медер Абдышев сотко келген жок. Кызыгы бул иш Жогорку сотто Башкы прокуратуранын жаңы жагдайлар ачылды деген өтүнүчүнүн негизинде каралып жатат. Бирок соттук отурумга өздөрү келген жок. Мыйзамга ылайык, Жогорку сотко кассациялык инстанцияда арыз эки айда каралып бүтүш керек. Башка иштер бүтүп жатат. Алмазбек Атамбаевдин ишине келсек, беш ай өтсө дагы, бир дагы соттук отурум өтө элек".

Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары Жогорку сот "Батукаев ишин" 2021-жылдын 22-декабрында кайра карай турганын билдиришкен, кийин сот отуруму ушул жылдын 17-январына жылган.

Бирок жараян судьялардын бирөө ооруп калганына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылган.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттары "Сот жараянында Атамбаевдин жарыш сөзгө чыгуу жана акыркы сөз алуу укугу бузулган" деп Жогорку сотко арызданышкан. Ал арыз канааттандырылып, иш кайра кароого жиберилген.

2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот “Батукаев иши” боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген.

2021-жылы декабрь айында Башкы прокуратура жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан өтүнүч келтирип, Жогорку сот адвокаттардын арызын карай турган болгон.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Атамбаев бул ишке байланыштуу ошол жылдын августунда Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG