Украинага куралдуу кол салуу башталгандан бери Орусиядан бери дегенде 150 журналист чыгып кетти. Бул тууралуу “Агентство” басылмасы билдирди. Маалыматка караганда, алар негизинен өлкөдө иш жүзүндө аскердик цензура киргизилгенине байланыштуу кетип жатышат.
4-мартта президент Владимир Путин кол койгон мыйзамга ылайык, "куралдуу күчтөрдү колдонуу тууралуу жалган маалымат таратуу" үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат. Бул Украинага басып кирүүнүн "атайын операция" деген расмий формулировкасынан күмөн санаган, аны "согуш" деп атаган журналист 15 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн дегенди билдирет.
Өтүп бараткан жумада Роскомнадзор “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус тилиндеги 9 сайтын блоктогон. Ушундай эле чара "Медуза", “Медиазона”, Би-би-си, " Америка добушу", Deutsche Welle сайттарына, Facebook жана Twitter социалдык тармактарына каршы көрүлгөн. “Эхо Москвы” жоюлду, ал эми “Дождь” өз ишин токтотту.
Армияны дискредитациялоо беренеси менен административдик иштер ачылып жатканы маалымдалууда. Мисалы, согушка каршы акцияларга чыгуу чакырыгы да мыйзам бузуу болуп каралат.