Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Москва убактылуу "гуманитардык коридор" ачарын билдирди


Киев шаары. 6-март, 2022-жыл
Киев шаары. 6-март, 2022-жыл

Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү убактылуу ок атышпоо режимин жарыялап, Киев, Мариупол, Харьков жана Сумы шаарларынан карапайым элдин чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридор ачарын билдирди.

Маалыматка караганда, коридорлор “гуманитардык кырдаалдан” улам жана француз президенти Эммануэл Макрондун орус мамлекет башчысы Владимир Путинге жеке өтүнүчү менен түзүлүүдө. Билдирүүдө эл кайсы маршрут менен чыга алары айтылат. Ага ылайык, Киевден орус аскерлери басып алган аймактар аркылуу Беларуска көздөй гана чыкса болот.

Киев муну "адеп-ахлакка сыйбаган" сунуш деп, украин жарандарына өз өлкөсүнүн аймагы аркылуу чыгууга шарт түзүлүүгө тийиш экенин айтты.

Ишемби жана жекшемби күндөрү ок атышууну токтотуу макулдашуусу бузулуп, Мариуполдун тургундарын эвакуациялоо иши үзгүлтүккө учураган. Тараптар бул үчүн бирин-бири айыпташууда.

Дүйшөмбүгө караган түнү Украинанын бир нече жеринде салгылашуулар, аткылоолор уланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG