Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Таласта сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты


Чогулгандар менен президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков жолукту.
Чогулгандар менен президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков жолукту.

Таласта 7-мартта сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты. 30дан ашык тургун облустук администрациянын алдына чогулуп, сүттүн баасы көтөрүлбөй жатат деген негизде айрым заводдорду жабууну талап кылышты.

Облус жетекчиси сүттүн литрин 48 сомго чыгарам дегенин, бирок ал ишке ашпай жатканын айтышты. Чогулгандар менен президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков жолугуп, өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү жүрүп жатканын, маселе качан чечилери белгисиз экенин билдирди.

Учурда ортомчулар 1 литр сүттүн баасын 30 сомдон алса, заводго 35 сомдон өткөрүп жатышат.

Сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылгандар 3-март күнү да нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Талас облусунда менчик алты сүт завод иштейт. Статистикалык маалыматтарга ылайык, облуста жылына 70 миң тоннадан ашык сүт өндүрүлөт. (MKt)

XS
SM
MD
LG