Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Башкы прокуратура Баткен мэриясында ири жемкорлук аныкталганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен мэриясынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун 7-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмыш иши Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү тротуардын курулушунда аткарылбай калган жумушту мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча козголгон. Тергөөнү облустук прокуратура жүргүзүп, иш сотко өткөрүлдү.

Маалым болгондой, 2019-жылы Баткен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери менчик ишкана 2 млн 964 миң сомго тротуар оңдогону тууралуу акт түзүп, ишти кабыл алышкан. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө 1 млн 917 миң сомдук асфальт төшөө иши аткарылбаганы аныкталган. Териштирүүдөн кийин зыян толугу бойдон ордуна коюлган.

Дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун 2021-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 144-орунду ээлеген. Бул 2020-жылга караганда 20 баскычка начар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG