Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:00

Киев Москваны "реалдуу гуманитардык коридор" түзүүгө чакырды


Шаардан чыга албай калган Ирпиндин тургундары.
Шаардан чыга албай калган Ирпиндин тургундары.

Украина Москваны эл аралык коомчулуктун пикирин бурмалоого аракеттенүүдө деп айыптады. 7-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги ок атышууну убактылуу токтотуп, Киев, Мариуполь, Харьков жана Сумы шаарларындагы элдин чыгып кетүүсү үчүн гуманитардык коридор ачарын билдирген. Билдирүүдө эл кайсы маршрут менен чыга алары айтылат. Ага ылайык, Киевден орус аскерлери басып алган аймактар аркылуу Беларуска көздөй гана чыкса болот. Украин вице-премьер-министри Ирина Верещук орус тараптан сунуш түшкөнүн тастыктап, Киев маршруттарга макул эместигин айтты.

Президент Владимир Зеленскийдин басма сөз катчысы Орусиянын вариантын “адеп-ахлакка сыйбаган сунуш” деп, украин жарандарына өз өлкөсүнүн аймагы аркылуу чыгууга шарт түзүлүүгө тийиш деп билдирди. Анын айтымында, Орусия жайкын тургундарга жардам берүүдөбүз деген пикирди түзүүнү гана көздөйт. Киев Москваны “реалдуу коридорлорду” ачууга чакырды.

Орус армиясы кошуна өлкөгө басып киргенден бери Украинанын бир катар ири шаарлары аткыланып, кээ бирлери курчоодо калды. Ишемби жана жекшемби күндөрү ок атышууну токтотуу макулдашуусу бузулуп, Мариуполдун тургундарын эвакуациялоо иши үзгүлтүккө учураган. Тараптар бул үчүн бири-бирин айыпташууда.

Согуштун 12-күнүндө Украинанын бир нече жеринде салгылашуулар, аткылоолор уланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG