Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Улан Жусупов Кыргызстандын Британиядагы элчиси болуп дайындалды


Улан Жусупов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жусупов Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин директору болуп иштеп келген.

Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы элчилик кызматы 2021-жылдын октябрь айынан бери бош турган.

Буга чейин элчи болуп иштеген Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG