Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

ЖККУда кайсы өлкө “көзөмөлдөөчү” болот?


Казакстандын аскерлери ЖККУнун машыгуусунда. Алматы, Казакстан. 2018-жыл.
Казакстандын аскерлери ЖККУнун машыгуусунда. Алматы, Казакстан. 2018-жыл.

Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун (ЖККУ) жобосуна киргизилчү өзгөртүүлөр дале иштелип жатканына карабай, Украинадагы согуш уюмдун алкагында Орусия эмне каалап жатканын көрсөттү. Жаңы өзгөртүүлөрдө “координациялоочу мамлекет” же “көзөмөлдөөчү мамлекет” деген түшүнүк киргизилгени турат.

Орусиялыктарча ратификация

3-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУнун Бейпилдик орнотуу ишмердиги жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо үчүн Мамлекеттик Думага жөнөттү. Киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, анда “координациялоочу мамлекет” деген түшүнүк киргизилүүдө. Аны уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңеши аныктайт. Мындан сырткары “Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тынчтыкты кубаттоо боюнча операцияларына арналган ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн” түзүү сунушу каралып жатат.

Кремлдин Украинага кол салуусу башталгандан бери ЖККУ эл аралык коомчулуктагы эң көп талкууланган темалардын бири болуп келет. Сөз жок, анын тегерегинде толтура жоромолдор келтирилди. Бирок ЖККУга мүчө мамлекеттер уюмдун жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө кеп болуп жаткан протоколду 2021-жылы 16-сентябрда Дүйшөмбү шаарында кабыл алган.

Ошондуктан айрым эксперттер бул маселе Орусиянын Украинага каршы агрессиясына эч байланышы жок деп эсептешет. Азырынча мүчө-мамлекеттердин эч бири бул протоколду ратификация кыла элек.

Аталган протоколду ратификациялоо ЖККУга мүчө мамлекеттерге БУУнун алкагында бейпилдик орнотуучу операцияларга катышуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Украинада согуш башталганга чейин, 16-февралда БУУнун Коопсуздук кеңеши Орусиянын демилгеси менен БУУ менен ЖККУнун кызматташтыгы боюнча отурумун өткөргөн.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш анда жаңжалдарды алдын алуу, тынчтыкты орнотуу операцияларын жүргүзүү жана Ооганстан боюнча кызматташтыкта ЖККУнун аракеттерин жогору баалаган. Ушул жерден жыйын өткөн февраль айында Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кылганын белгилеп коюш керек.

ЖККУ БУУнун Башкы Ассамблеясында 2004-жылдан бери байкоочу макамга ээ. БУУ менен ЖККУнун кызматташтык жөнүндө биргелешкен декларациясына 2010-жылы кол коюлган.

Казакстанда кандай?

Казакстан өткөн жылдын декабрь айында ЖККУ менен башка макулдашууларын жана береги өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколго байланыштуу аракеттерин баштаган. 2021-жылдын 14-декабрында Казакстандын Коргоо министрлиги “Ачык нормативдик-укуктук актылар” сайтына ЖККУнун Бейпилдик орнотуу ишмердиги жөнүндө макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жарыялаган.

Коомдук талкуу 2021-жылдын 30-декабрында өткөн, онлайн талкуу жаңы жылдын 17-январында аяктаган. Мыйзам долбоору качан парламентке киргизилери белгисиз.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Казакстандагы январь окуяларынын тушунда президент Касым-Жомарт Токаев өлкө террордук чабуулга кабылганын жарыялап, ЖККУдан жардам сураган. Ошондон кийин казак жергесине аталган уюмга мүчө мамлекеттердин аскердик бөлүктөрүнөн 2500дөй жоокер келген.

Орусиянын аскерлери ЖККУнун миссиясы менен Алматыда. 13-январь, 2022-жыл.
Орусиянын аскерлери ЖККУнун миссиясы менен Алматыда. 13-январь, 2022-жыл.

Уюмдун жоокерлеринин өлкөгө киргизилишине кабатырлануу билдирген активисттер аларды кайра чыгарууну талап кылышкан. 19-январда бийлик ЖККУнун аскерлери толук чыгып кеткенин маалымдаган. Орусия Украинага чабуул жасап жаткан учурда Казакстанда ЖККУдан жана Орусия үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигинен чыгууну талап кылган петициялар пайда болду.

“Координациялоочу мамлекет” эмне кылат?

ЖККУнун Бейпилдик орнотуу ишмердиги жөнүндө макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун түшүндүрмө баракчасында, тынчтык орнотуу аракеттерин уюмга мүчө мамлекеттер ыктыярдуу ишке ашыра алары баяндалат.

Мүчөлөрдүн бири “координациялоочу мамлекет” болот, жогоруда айтылгандай аны Жамааттык коопсуздук кеңеши тандайт. Көзөмөл кылуучу мамлекет БУУнун миссиясынын алкагында барган жамааттык күчтөрдү бардык жактан камсыздоо жана уюштуруу маселелерин чечүү менен алектенет.

“Координациялоочу мамлекет” бул максаттар үчүн БУУ менен меморандумга кол коёт. Анда административдик, материалдык-техникалык жана каржылык шарттар аныкталат, кадрлар, мүлктөр жана башка тейлөө менен камсыздоо тартиптери бекитилет.

Эмне үчүн Орусия?

Аскердик эксперт Ермек Сейтбатталов “координациялоочу мамлекет” түшүнүгүнүн киргизилип жатышына ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кемчиликтери себеп болду деп эсептейт.

“Анткени уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңеши өз алдынча чечимдерди кабыл ала албайт. Кеңеш кандайдыр бир чечимди кабыл алуу үчүн ар бир мүчө-мамлекеттин макулдугун алышы керек. Маселе жамаат менен чечилет. Зарыл болгон учурда кеңеш ыкчам чечимдерди кабыл албаганы үчүн бул милдет эми “координациялоочу мамлекетке” жүктөлөт. Тынчтык орнотуучу күчтөрдүн иши дайыма ыкчам чечим кабыл алууну талап кылат”, - дейт Ермек Сейтбатталов.

Эксперттин айтымында, көзөмөлдөөчү өлкөнүн функциясын киргизүү ачыктан-ачык эле Орусиянын кызыкчылыгы менен болуп жатат.

“Эгер чынын айтсак, уюм кайсы бир мамлекеттин таасири астында турат. Калган мамлекеттер үчүн чечим кабыл алууда мурдагы келишимдер негиз болуп кала берет, бирок тынчтык орнотуучу күчтөргө байланыштуу чечимдерди “координациялоочу мамлекет” гана чечип калат. “Координациялоочу мамлекет” бейпилдик орнотуу күчтөрүн өзү каалагандай түзгөнгө өтөт”, - деди Ермек Сейтбатталов.

Украинанын аймагында талкаланган орус техникалары.
Украинанын аймагында талкаланган орус техникалары.

Коомчулукта “бул маселе Орусиянын Украинага кол салуусуна тиешеси жок” деген пикирлерди комментарийлеген адис мындай ой-толгоолорун ортого салды.

“Ооба, бир караганда бул Украинага тиешеси жок, баштагы маселедей көрүнө берет. Бирок Украина Орусияны мурдатан эле кыжырдантып келген. Украинадагы Майдан окуялары, орусиячыл бийликтин кулашы— мына ушунун баары Москваны көптөн бери ойлонтуп келген”, - деди ал бул жөнүндө.

ЖККУнун ичиндеги “координациялоочу мамлекет” дегенде көпчүлүк эксперттер шыр эле ал Орусия экенин белгилешет. Аскердик эксперт Ермек Сейтбатталов да куду ушундай пикирди карманат. Талдоочу мунун себебин ЖККУнун башка мүчө-мамлекеттеринде бул ролго мүмкүнчүлүгү жоктугу менен түшүндүрөт.

“Эгер уюмдагы мүчө-мамлекеттерди салыштырсак, алардын салмактык категориясы түрдүүчө. Армян армиясы кандай экени түшүнүктүү. Беларуста болсо аскер кызматкерлеринин бир бөлүгү Украина менен согушпоо үчүн кызматтан кетип жатат. Январдагы окуялар казакстандык армиянын кудурети кандай экенин да көрсөттү. Кыргыз армиясынын саны болсо чектелүү. Анүстүнө, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда улам-улам чек ара чыры катталып турарын билебиз. Алардын баарына салыштырмалуу Орусияда аскер да, техника да, адистер да жетиштүү. Бирок Украинадагы кырдаал Орусиянын армиясынын күчү канчалык экенин ачыктады. Орусия стратегияда, ыкчам аракеттенүүдө жана тактикада алсыз экени билинип калды. Ага карабай ЖККУнун алкагында Орусия баары бир алдыда”, - деди Ермек Сейтбатталов.

“Орусия болбой калса деле, Москва каалаган чечим кабыл алынат”

“Азаттыктын” маектеши Ермек Сейтбатталов сөзүн андан ары улантып, ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн БУУнун тынчтыкты колдоо боюнча операцияларына катышуусу жакын ара ыктымалдуу эмес экенин айтты.

“Украинадагы согуштан кийин Орусиянын эл аралык бедели таптакыр түшүп кетти. Муну Бириккен Улуттар Уюму аларга кандай реакция жасап жатканынан да көрүп жатабыз. Башкача айтканда, Орусия, ЖККУнун мүчөсү катары өзү жаңжалга аралашып алды. Анүстүнө ага эл аралык санкциялар киргизилди. Бул дагы өзүнчө терс көрсөткүч”, - дейт аскердик эксперт Ермек Сейтбатталов.

Украинага басып кирген Орусиянын техникалары.
Украинага басып кирген Орусиянын техникалары.

Ал эми саясий талдоочу Думан Кабдыгалиев ЖККУдагы “координациялоочу мамлекет” уюмдун ичиндеги бейпилдик күчтөрүн башка миссиялардан сырткары эле көзөмөл кылууга өтөт деген пикирде. Ал дагы бул милдет Орусияга эле өтөрүн четке какпайт. Бирок ал андай болбой калган чакта да да иштин багыты Кремл каалаган багытта жүрөт деп эсептейт.

“Эгер, айталы Орусия “координациялоочу мамлекет” болуп калса, анда Украинадагы жаңжалда бир тарап катары Кремл ЖККУдагы башка мамлекеттерди ыңгайсыз абалга салып коёт. Эгер Орусия өзү “координациялоочу мамлекет” болбой калса дагы, чечимдер орусиячыл нукта кабыл алынары ачык-айкын”, - деди Думан Кабдыгалиев “Азаттыктын” казак кызматына.

Саясат талдоочу Январь окуяларында ЖККУнун аскерлерин Казакстанга киргизүү чечимин уюмда убактылуу төрагалык кылып жаткан Армения кабыл алганын белгилеп, бирок ал Орусиянын таасири менен ишке ашканы шексиз экенин айтты.

Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюму 2002-жылы Москвада түзүлгөн. Анын штаб-кеңсеси да Орусиянын борборунда жайгашкан. Уюмду түзүүгө 1992-жылы Ташкентте кол коюлган жамааттык келишим негиз болгон. Макулдашууга Армения, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия жана Тажикстан кол койгон, кийин ага Азербайжан, Беларус жана Грузия кошулган. Учурда уюмда Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан гана калган.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Куанышбек Кариндин макаласын кыргызчага Эрнист Нурматов которду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG