Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Москвага үнү жетпеген аскер туткундары


Киевдеги басма сөз жыйынында орусиялык аскер туткундары, полиция кызматкери (сол жакта) сержант Евгений Плотников, полиция офицерлери подполковник Дмитрий Астахов жана капитан Евгений Спиридонов.
Киевдеги басма сөз жыйынында орусиялык аскер туткундары, полиция кызматкери (сол жакта) сержант Евгений Плотников, полиция офицерлери подполковник Дмитрий Астахов жана капитан Евгений Спиридонов.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы “аскердик операциясында” милдеттүү аскерге чакырылгандар бар экенин моюнуна алды. Министрлик алардын айрымдары колго түшкөнүн ырастады. Бирок Украинадагы туткундалган аскерлердин так санын атаган эмес.

Украинада туткундалган айрым аскерлер аларды аскер жетекчилиги алдап согушка тартканын айтып, баскынчылык согушту токтотууга чакырууда.

Конашенков: Милдеттүү аскер кызматындагылар оорукта болчу

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы “аскердик операцияга” милдеттүү аскер кызматындагы жаш жоокерлер тартылганын моюнга алды. Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков кээ бир ооруктагы бөлүктөрдө милдеттүү аскер кызматындагылар болгонун ырастап, алардын айрымдары колго түшкөнүн, көпчүлүгү ок атышуулар жүрүп жаткан майдандан чыгарылганын билдирди.

“Тилекке каршы, Украинанын аймагында атайын аскердик операция өткөрүүгө катышкан Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүндө аскерге милдеттүүлөрдүн бар экендиги боюнча бир нече фактылар аныкталды. Мындай аскер кызматкерлеринин дээрлик бардыгы Орусиянын аймагына кайра чыгарылды. Ошол эле учурда армияны ооруктан камсыздоо тапшырмаларын аткарып жаткан бөлүктөрдүн бирине Украинанын диверсиялык тобу кол салган. Бир катар аскер кызматкерлери, анын ичинде милдеттүү аскер кызматындагылар да туткунга алынган”.

Буга чейин Орусия тарап ага куралдуу күчтөргө келишимдик негизде келген аскер кызматчылары гана катышып жатканын айтып келген. Кремлдин басма сөз кызматы президент Путин милдеттүү аскер кызматындагыларды “аскердик операцияга” тарткан тарапты жазалоо тапшырмасын бергенин кабарлады.

Орус армиясынын туткундалган​ чалгынчылары

Москва ошондой эле айрым аскерлери Украинада туткундалганын алгач жолу ачык айтты. Мындан сырткары Орусия тарап колго түшкөн аскерлерин бошотууга аракет жасарын билдирди.

Киевде 9-мартта “Интерфакс-Украина” агенттигинде туткунга түшкөн орусиялык чалгын бөлүгүнүн жети аскер кызматкери маалымат жыйынын өткөрдү.

“Биз айыптуу экенибизди моюнга алабыз. Бул жакка согуш менен келген аскер кылмышкери экенибизди эми түшүндүк. Урушту бул жакта эч ким каалаган эмес экен. Бул жактагы аскерлер, жалпы эл өз жери, өз үйү үчүн аягына чейин кармашарын көрдүк. Мында тынч элдин ичинде аябай көп өлүм болуп жатканын көрдүк. Мен биздин жетекчиликке улам аскерлерди киргизип, Украинанын тынч калкын өлтүрүп, бомбалоону токтотууну суранып, кайрылат элем”, - дейт аскер туткуну Сергей Блажко.

Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко 9-мартка карата орусиялык эки миңге чукул аскер колго түшкөнүн айткан. Андан бир жума мурун украин армиясы эки жүздөн ашуун орус аскери туткундалганын жарыялаган. Бирок көз карандысыз булактардан эки тараптын колундагы туткундардын так санын ырастоо мүмкүн эмес.

Анткени кагылышкан тараптар адатта өздөрүнүн жоготууларын азайтып, каршылаш тараптыкын көбөйтүп көрсөткөн практика бар.

Ал арада соңку мезгилде Украинада колго түшкөн орусиялык аскерлер маалымат жыйындарында сүйлөгөн же кармоо учурунда видеого тартылган тасмалары тарап жатат. Башка бир аскер туткуну Максим Черник алар алданып калганын айткан.

“Биз кандай коркунучтуу иштерди жасаганыбызды жана жасап жатканыбызды түшүнөбүз. Бул жакта бизге мурда айтышкандай, фашисттер жана украин элин эзүүчүлөр жок экен. Мында тынч жашап, иштеп, айыл чарбасы менен алектенип, нан таап жашагысы келген элди көрдүк. Кесиптеш, аскер кызматчылары, бизди уккула! Биз кетирген катачылыктарды кайталабагыла. Жогорку башкы кол башчыга айтаарым, мунун бардыгын узакка чейин жашырып-жабууга мүмкүн эмес. Биз сыяктуу балдар бул жакта аябай көп. Эртеби же кечпи алар үйлөрүнө кайтышат. Эртеби же кечпи элдин сабыры түгөнт. Ошондо эл өз уулдарын алдап, отко салган бийликти кулатат”.

Галкин: Бизди отко айдап, кара ниеттик кылышты

Орусия Украинага кол салгандан бери Жоокерлердин энелери комитети кошуна өлкө менен чек арага армияга жаңы чакырылган жаш аскерлер жөнөтүлгөнүн, айрымдарын күч менен келишимге кол койдуруп алышканын билдирген.

Орусия туткунга түшкөн аскерлердин саны тууралуу так маалымат азырынча жарыялай элек. Ал эми туткундардын жакындары алардын тагдыры тууралуу Коргоо министрлигинен эмес, интернеттен билип жатышканы белгиленди.

Колго түшкөн Аскердик орус армиясынын 15-мотоаткычтар бригадасынын чалгын тобунун башчысы Сергей Галкин согушка кириптер болгонун айтып, кечирим сурады.

“Мен өзүмдүн атымдан, бөлүгүмдүн атынан биздин кара мүртөз баскынчылык үчүн ар бир көчөдөн, ар бир үйдөн, ар бир баладан, ар бир ата-энеден, ар бир украин жаранынан кечирим сурайм. Ал эми биздин аскер бөлүктөрдүн жетекчилерине айтаарым, алар бизге караниет мамиле кылышты. Бизге чыккынчылык жасашты. Анткени армия мамлекетти коргоого багытталган. Башка бир мамлекетти басып алуу үчүн эмес. Мен орус армиясынын бардык бөлүктөрү, аң-сезимдүү ойлонгон аскерлер куралдарын таштап, согушту токтотушун каалайт элем. Бул алаамат дагы уланбашы үчүн. Акыры тынчтык орношу үчүн”.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өткөн шаршембиде Орусиянын бул согуштагы жоготуулары жарадарларды, туткундарды жана өлгөндөрдү кошкондо 12 миңден ашканын жарыялады. Аскердик кагылышуулар учурунда бул сан ашкере баалоо болушу мүмкүн.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өзүнүн жана украин тараптын аскердик жоготуулары тууралуу соңку билдирүүсү өткөн 2-мартта жарыяланган. Министрлик Украинанын куралдуу күчтөрү жана Москва “улутчулдар” деп эсептеген кошуундар жалпы 2870 адамынан ажырап, 3700 киши жараат алганын билдирген.

Орусия "эсепсиз" жоготууларды жокко чыгарат

Игорь Конашенков набыт болгон жана жараат алган орус аскерлеринин санын расмий атап, “эсепсиз” жоготуулар тууралуу маалыматтарды жокко чыгарган.

“Тилекке каршы, атайын аскердик операцияга катышып жаткан жолдошторубуздун арасында жоготуу бар. 498 орусиялык аскер милдетин аткарып жатып каза тапты. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлүүдө. 1597 жоокер жарадар болду. Өзгөчө баса белгилегим келет, Орусиянын Коргоо министрлигинин окуу жайларынын курсанттары жана аскерге милдеттүүлөр Украинадагы атайын аскердик операцияга катышпайт. Батыштын жана айрым орусиялык маалымат каражаттарынын биздин армиянын "эсепсиз" жоготуулары тууралуу маалыматтары атайылап бурмаланган”, - деп билдирген Конашенков.

Бирок ал Орусиянын өзүнүн колго түшкөн аскерлеринин саны же Украинанын армиясынан туткунга алынгандардын саны тууралуу маалымат берген эмес.

Буга чейин Украинанын борбор Киевдеги башка бир маалымат жыйынында Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу атайын отряддын кызматкерлери UNIAN маалымат агенттигинде басма сөз жыйын өткөргөн.

Бул үч аскер туткуну журналисттер менен сүйлөшүп, баары орусиялык полиция кызматкерлери экенин тааныштырып, кандай жагдайда колго түшкөнүн айтып беришкен болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG