Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Кыргызстан кризиске туруштук берүү жолун издөөдө


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Украинадагы согушка байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкциялардын таасири Кыргызстанга да тийе баштады. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү антикризистик чараларды иштеп чыкты. Кыргыз экономикасын алдыда кандай тобокелдиктер күтүп жатат жана андан чыгуунун кандай жолдору бар? “Арай көз чарай” талкуусу ушул жана башка суроолорго жооп издеди.

Талкууга Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Соода түйүндөр ассоциациясынын президенти Дамира Дөөлөталиева, Акча алмаштыруучу жайлар төрагасы Думан Рыскулов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Макешов катышты.

Акча базарындагы туруксуздуктун таасири

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

Данияр Амангелдиев: Кризис күтүүсүз келди. Өкмөттүн планы боюнча экономикабызга быйылкы жылы бюджеттен бир топ акчалар өндүрүш, айыл чарба тармагына, түз инвестицияга каралмак. Андан тышкары чакан бизнестен тышкары туризм тармагын өзүнчө бөлүп, “Кыргыз туризм фондун” түзүп, ага да 1 млрд. сом каралган. Булардын бардыгы ишке ашканда өсүү ыргагыбыз 6,5 - 7% болоору күтүлгөн. Негизи 2021-жылдын жыйынтыгы менен оң өсүшкө ээ болуп, 3,5% жеткенбиз. Үзгүлтүксүз мониторинг боюнча 2022-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы да жакшы болуп келаткан.

Бирок доллардын курсунун жогорулашы менен азык-түлүк, тиричилигибиз да кымбаттай баштады. Ошондуктан, пандемия учурундагы тажрыйбабызды топтоп, жаңы чакырыкты, тобокелчиликтерди азайтуу максатында антикризистик план иштелип чыктык. Эң башкысы - азык-түлүк түйүндөрүбүздө таңкыстыкты болтурбоо. Антимонополия кызматы муну көзөмөлдөп жатат. Анткени, өткөн жуманын акырында сатып алуучулар дүрбөлөңгө түшө башташкан. Бул негизсиз болгон. Баа өсүп жатат, бирок жок калбайт.

Улуттук банк өзүнүн интервенцияларын убагында жүргүзүп жатат. Бизде эң чоң импорт-экспорт операцияларын жүргүзгөндөр – базардагы ири дүң сатуучулар. Андан тышкары Нефтетрейдерлер ассоциациясы ар айдын жыйынтыгы менен 50-60 млн. доллардын тегерегинде соода жүгүртөт. Калган соода жүгүртүүлөрдө кескин таңсыктыкты жаратпаш үчүн бүгүн Улуттук банк менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ассоциациялар келишимдерге таянып, Улуттук банкка түз кайрыла алышат. Кандайдыр бир тоскоолдуктар жаралса, импорт-экспортту камсыз кылуу механизмин иштеп жатабыз.

Думан Рыскулов
Думан Рыскулов

Думан Рыскулов: Бизге туруктуулук маанилүү. Биздин ассоциацияга 306 акча алмаштыруучу жай кирет. Тарыхта белгилүү дүйнөлүк кризистин таасиринен доллар 40 сомдон 60 сомго көтөрүлүп, 2014-жылы 60 смодон 75 сомго чейин көтөрүлүп, пандемия маалында 85 сомго чыгып токтогон. Бүгүнкү рыноктогу олку-солкулуктарды биз деле геосаясий окуяларга байланыштуу деп эсептеп жатабыз. Улуттук банктын дагы, каржы уюмдарынын дагы иммунитети бар десек болот.

Улуттук банк интервенциясын жума сайын жасап жатканы белгилүү. Бул туура. 26-февралда Улуттук банктын төрагасы менен жолугушуу болгон. Анда акча алмаштыруучу жайлар чектен чыкпай, мыйзам талаасында иштеши керектиги, мыйзам бузулса колдончу чаралар тууралуу сөз болгон. Ар бир каржы уюм, акча алмаштыруучу жай, банктар, сберкассалар кассасында болгон валютаны белгиленген баада сатпай койсо мыйзам бузулат. Андайга жол бербешибиз керек.

Чынгыз Макешов
Чынгыз Макешов

Чынгыз Макешов: Кыргызстандын калкынын 95% доллардын курсун карабайт деле. Импорт-экспорт доллар менен жүргүзүлөт. Санкцияларга байланыштуу Орусияда доллар жок болуп калганда, албетте, аны Кыргызстандан алганга аракет кылат. Ошондуктан, Улуттук банк чектөө киргизип, туура кылып жатат. Бирок, бул кыска мөөнөттө иштейт.

Биз кандай кылышыбыз керек? Биз коңшу мамлекеттер менен өз ара сооданы, мисалы, Түркия менен лира, Кытай менен юань, Орусия менен рубль аркылуу жүргүзсөк, бизде кескин секириктер болбойт. Көп ишкерлер ижарага кеңселерди, батирлерди алышат. Ушул өңдүү алакалардын бардыгы сомго өтүшү керек. Экономиканы ушундай дедолларизациялоо туура болот.

Экинчиден, тамак-аштын кымбатташына тоскоолдук коюш керек. Биринчи муктаждык - май, чай, ун, шекер. Ушул өңдүү азыктар өкмөт тарабынанын субсидияланганы туура болот. Анткени, курсту кармаш өтө оор. Үчүнчүдөн, кээ бир банктар, финансисттер акчасын президент сунуштагандай, алтын сатып алуу аркылуу жоготпой сактап кала алат.

Кризис маалында лира менен юань соодасы артабы?

Дамира Дөөлөталиева
Дамира Дөөлөталиева

Дамира Дөөлөталиева: Бул дүйнөлүк кризис экенин туура эле түшүнүп атабыз. Өкмөт ишкерлер менен тыгыз байланышта болуп, банк, акча алмаштыруучу жайлар, чек ара көйгөйлөрү боюнча маалымат алмашып атышат. Ишемби күнү өткөн акыркы жолугушууда мен доллардын тартыштыгын айттым. Экинчиден, “чийки заттарды” биз негизинен Түркия менен Кытайдан алып келебиз. Доллардын тартыштыгын эске алып, юань, лира менен иштегенге шарт түзүп берсеңер деп сурандым.

Биздин негизги товарларыбыз Орусияга кетет. Кырдаалга жараша товарларыбыз 30-40 % кымбаттады. Ошондуктан, ишкерлер кийим-кече тиккенди бир аз токтоттук деп айтып жатышат. Буга доллар менен рублдин ортосундагы кырдаал себепкер болуп жатат. Бирок митинг кылып, дүрбөлөң түшкөн кырдаал жок азыр бизде. Мурдагы буюртмаларды кабыл албай койгон учурлар жок, бирок, заказдын санын азайткан учурлар бар. Ошондуктан, башка альтернативдүү жолдорду да издеп жатабыз.

Думан Рыскулов: Биздин рынокто лирага же юанга конвертация кылуу жолдору өтө татаал болуш керек деп ойлойм. Биз рублди жакшы тааныйбыз. Анткени, мигранттарыбыз рубль менен жөнөтөт. Казакстан кошуна болгондуктан теңгени, анан долларды жакшы тааныйбыз. Лираны алмаштыруу фактылары көптөн бери жок. Менимче, бул акча бирдиктери базарда коммерциялык банктардын, мамлекеттин келишимдеринин негизинде пайда болушу мүмкүн.

Чынгыз Макешов: Азыр фиаттык акча же криптовалюталар чыкпадыбы. Бул дагы бир альтернативдүү ыкма. Трансакциялык төлөмдөрдө муну да карап көрүшүбүз керек. Көзөмөлдү кошелок-идентификация аркылуу чечсе болот. Криптовалютанын жүгүртүүсү жылдан жылга көбөйүп жатат. Кыргызстанда бул тармакта ишти биринчи башташыбыз керек деп ойлойм.

Думан Рыскулов: Биз да криптовалютаны мыйзамдаштырууну Улуттук банкка сунуш кылганбыз. Бирок, трансакциялар көзөмөлдөн чыгып кетет деген коркунучта чектөө коюлуп жатат. Акча алмаштыруучу жайларда криптовалюта менен иштөө мыйзамсыз деп эсептелет.

Данияр Амангелдиев: Бул саясатка өкмөт өтө кылдат мамиле жасайт. Бизде базарда кайсы валютага талап болсо, ошол валютаны тиешелүү банктар топтойт. Мисалы, буга чейин лира менен юанга талап аз болчу. Азыр Кытай да, Түркия да юань, лира менен соода жүгүртүүгө даяр.

Кризистик кырдаал жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачабы?

Дамира Дөөлөталиева: Мына, чек ара жабылганда да, пандемия маалында да канча товарлар келбей, кампада жатып калганда да ишкерлер ыңгайлашып, абалдан чыгып кетишкен. Азыр деле ири базарлардан кыйналып, бир жакка качып же жабылып калганы көрө элекмин. Бардыгы кырдаалды туура түшүнүп, согуш көпкө созулбай бүтөт дегенге ишенип атышат.

Чыңгыз Макешов: Кыргызстандын экономикасы – кыргыздын эли. Элибиздин орто жашы - 24 жаш. Күчүнө кирип турган маал. Элибизди, жаштарды колдосок бул кризистен дагы күчтүү болуп чыгабыз. Анткени, кризис кыйынчылык жаратат жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Азыр Орусиядан IT адистери келип атат. Алар - жогорку деңгээлдеги интеллектуал адистер. Орусияда Фейсбук, Инстаграмм өңдүү тармактар жабылып, интернетте тоскоолдук болуп жатат. Алар интернет мейкиндиги жана ылдамдыгы керек экен. Көрсө, Ошто интернет ылдамдыгы жогору экен. Ошон үчүн Бишкектен Ошко чогулуп жатышат. Ысык-Көлдө да инфраструктура бар.

Данияр Амангелдиев: Жакында эле "Кыргызтелеком", "Мегаком" менен Ысык-Көлдө интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыктык. Трафикти чоңойттук. Жогорку технологиялар паркына Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип бергенге даяр экенибизди билдирдик. Алардын салык пайызын азайтып бергенге даярбыз.

Бизде антикризистик даярдык чоң. Антикризистик иш-чараларда аярлуу катмарлардын пособилерин, мамлекеттик, социалдык кызматкерлердин маяналарын көбөйтүү жагын карап жатабыз. Бизде өсүшкө багытталган бардык чаралар антикризистик планга айланып калып жатат. Акча каражаты толук жетет. Ички камсыздоону чечүүгө ишенич бар. Мисалы, кампаларда азыктар жок калды деген сөздөн алысмын. Ошон үчүн элибизди да дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат элем.

Талкуунун толук версиясын бул жерден көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG