Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Бишкек долларды сыртка алып чыгууга чектөө киргизди


Улуттук банк Кыргызстандан аймагынан долларды чыгарууга убактылуу чектөө койду. Бул чара Кыргызстандын валюта базары олку-солку болуп, чет элдик валютанын тартыштыгы жаралып жаткан чакта киргизилди. Ага чейин социалдык тармакта "Орусиянын жарандары Кыргызстандын коммерциялык банктарынан жана акча алмаштыруучу жайларынан доллар сатып алып жатат" деген маалыматтар тараган.

Улуттук банк Кыргызстандагы коммерциялык банктарга, акча алмаштыруучу жайларга, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга нак АКШ долларын Кыргызстандын аймагынан алып чыгууга убактылуу тыюу салды.

Чектөөнүн мөөнөтү айтылган жок. Мындай чара экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта базарында жагдайды турукташтыруу максатында кабыл алынганы айтылат.

Долларды агызып ийбөө айласы

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул чектөө долларга талаптын жогору болуп жатканына байланыштуу экенин билдирди.

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“Долларга талап жогору болуп жатат. Улуттук банк динамиканы байкап, көзөмөлдөп турат. Ошол анализдин негизинде ушундай чектөө киргизди. Долларды Украина же Орусиянын жарандары келип алып жатат дегенден алысмын”, - деди министр.

Буга чейин Орусиянын Борбордук банкы коммерциялык банктарга чет элдик валюталарды сатууну токтоткон. 11-мартта АКШнын президенти Жо Байден Орусияга накталай доллар жөнөтүүгө тыюу салды.

24-февралда Украинага бастырып кирген Орусияга катаал санкциялардын салынышы Борбор Азия өлкөлөрүнүн каржы базарында да олку-солку абалды жаратты.

Мындан улам Кыргызстандагы айрым активисттер Кыргызстандын каржы базарындагы доллар Орусияга агып кетиши мүмкүн деп чочулашууда. Мындай кооптонуу Орусияга менен чектеш Казакстанда да күч.

Улуттук бизнес ассоциациялар альянсынын катчылыгынын башчысы Искендер Шаршеев долларды четке чыгарууга чектөө киргизүү туура экенин белгиледи.

Искендер Шаршеев
Искендер Шаршеев

“Кыргызстандан доллардын сыртка агып кетиши реалдуу. Анткени Кыргызстанга көп адам келип жатат. Акчасын алмаштырышууда. Бул жакка узак мөөнөткө келгени бар, үчүнчү өлкөгө чыгап кеткендер болууда. Чет өлкөнүн жарандарына долларды чыгарууга чек коюуну туура деп эсептейм. Катуу чектөө эмес, көзөмөл кылуу үчүн. Бирок бул тыюу биздин ишкерлерге таасирин тийгизбеши керек”.

Министр Данияр Амангелдиев накталай долларды четке чыгаруу боюнча чектөө ишкерлик менен алектенген кыргызстандыктарга тиешеси жок экенине токтолду.

“Эгер келишимдер бар болсо ишкерлерге чектөө жок. Биз Улуттук банкка экспорт-импортко таасирин тийгизбесин деп сунуш бергенбиз. Бул накталай чыгарып кетүүгө гана каршы чектөө”.

Кыргызстанда доллар тартыш

Ушул күндөрү Кыргызстанда 1 АКШ доллары тарыхый максимумга жетип 106 сом 50 тыйындан сатылууда. Улуттук банк 10-мартта 59 млн. долларды каржы базарына чыгарды. Бул жыл башынан бери жасалган бешинчи интервенция. Башкы каржы мекемеси 70 күндө жалпы 284 млн. долларды каржы базарына сатты.

Бирок ага карабай коммерциялык банктарда, менчик акча алмаштыруучу жайларда доллардын тартыш экени байкалууда. Бул маселе 12-мартта ишкерлер менен экономика жана коммерция министринин жолугушуусунда дагы көтөрүлдү.

“Дордой” комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайлар доллар сатпай жатканын айтты.

Дамира Дөөлөталиева
Дамира Дөөлөталиева

“Орусия менен бардыгы түшүнүктүү. Бирок чийки затты, фурнитура, кездемени Түркия менен Кытайдан алып келчүбүз. Товарды сатып алганга доллар керек. Учурда банктан дагы, акча алмаштыруучу жайлардан дагы доллар сатып ала албай жатабыз. Ошондуктан биз Экономика министрлигине бул көйгөйдү айттык. Андан тышкары эки өлкө менен юань, лира менен соода кылууга өтүүнү дагы сунуштадык”.

Дөөлөталиеванын айтымында, коммерциялык банктар сомду Кытайдын валютасы юань менен Түркиянын валютасы лирага алмаштырууда биринчи долларга айлантат. Бул ишкерлерге эле кошумча чыгым алып келүүдө.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандын банктарында юань менен лира дагы тартыш экенин ырасташты. Анткени буга чейин эки валютага чоң талап болгон эмес. Министрликтен билдиришкендей Улуттук банк юань менен лирага талапты жоюу жана конвертация жасоодо долларга айлантпоо боюнча иш жүргүзүп жатат.

Рублге дагы талап чоң

Экономика жана коммерция министри жакында Орусиядан күйүүчү-майлоочу май рубль менен сатып алынышы мүмкүн экенин белгиледи.

Акча алмаштыруучу жайлардын ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов учурда каржы базарында долларга караганда рублге талап жогору болуп жатканына токтолду.

Думан Рыскулов
Думан Рыскулов

“Мындай ажиотажды башыбыздан биринчи жолу өткөрүп жаткан жокпуз. 2008-2014-жылы дагы болгон. Доллар жетишсиз дегенден алыспыз. Бар долларын сатып жатышат. Эгер кассасында доллар болуп сатпаса, Улуттук банк чоң өлчөмдө айыппул салат. Доллар тышка агып кетиши мүмкүн, бирок андай тенденция азыр байкала элек. Азыр тескерисинче рублдин баасы түшкөндүктөн, ага талап жогору болуп жатат. Азык-түлүк алып келгендер рубль алып жатат”.

Думан Рыскулов эгер дүйнөдөгү кырдаал дагы катаал жагына өзгөрбөсө сомдун долларга карата куну 100 сомдун тегерегинде кармалып калышы мүмкүн экенин айтууда. Бирок кризиске чейинки 85 сомго кайтып баруу мүмкүн эмес деген ойдо.

Улуттук банктын маалыматына ылайык Кыргызстандын каржы базарындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Башкы каржы мекеме өлкөнүн валюта базарына катышып жатканын, жетиштүү ресурстарга ээ экенин билдирип келет. Март айына карата Улуттук банктын алтын-валюта кору 2,7 млрд. АКШ долларынан ашык каражатты түзөт.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG