Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

АКШ Орусияга доллар жөнөтүүгө тыюу салды


АКШнын президенти Жо Байден.
АКШнын президенти Жо Байден.

АКШнын президенти Жо Байден Орусияга накталай доллар жөнөтүүгө тыюу салды. Анын тиешелүү буйругу жума күнү Ак үйдүн сайтына жарыяланды.

Бул чара Орусиянын Украинадагы чабуулдарына байланыштуу санкцияларды күчөтүү максатында кабыл алынды. Ага ылайык, орус өкмөтүнө жана Орусиянын аймагындагы бардык адамдарга доллар сатууга тыюу салынат. Ошондой эле америкалыктарга орус экономикасынын бардык тармактарына инвестиция салууга уруксат берилбейт.

Мындан тышкары Орусиядан алкоголдук ичимдиктерди, деңиз азыктарын, табигый алмазды импорттоого да болбойт. Ак үй бул чектөөдөн улам Орусия 1 миллиард доллардык кирешеден ажырай турганын билдирди.

Анын алдында президент Байден Орусияга жаңы экономикалык чаралар киргизилип жатканын, Вашингтон Орусияны "соодадагы эң ыңгайлуу мамлекет" (PNTR ) макамынан ажырата турганын жарыялаган болчу.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Мындан улам Батыш өлкөлөрү Москвага бир катар санкцияларды киргизди. Президент Владимир Путин орус экономикасы санкцияларга туруштук берерин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG