Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

АКШ Орусияга жаңы экономикалык чараларды жарыялады


АКШнын президенти Жо Байден.
АКШнын президенти Жо Байден.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Вашингтон Орусияга жаңы экономикалык чараларды киргизип жатканын жарыялады. Ал АКШ Орусиянын "соодадагы эң ыңгайлуу мамлекет" (PNTR ) макамынан ажырата турганын 11-марттагы кайрылуусунда белгиледи.

Ал бул макамдын жокко чыгарылышы Орусиянын АКШ менен бизнес жүгүртүүсүн кыйындата турганын, "Чоң жетиге" кирген башка мамлекеттер менен макулдашылганын кошумчалады.

"Эркин дүйнө Путинге каршы туруу үчүн биригип жатат", - деди Байден.

Бул макамдын алынышы менен АКШ Орусиянын ичимдик жана деңиз азыктары сыяктуу бир катар товарлары менен продукцияларын импорттоого тариф киргизе алат.

Мындан тышкары Ак үй Орусиянын Эл аралык валюта фонду сыяктуу дүйнөлүк финансылык институттардан карыз алуу укугун да чектеле турганын билдирди.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Мындан улам Батыш өлкөлөрү Москвага бир катар санкцияларды киргизди. Президент Владимир Путин орус экономикасы санкцияларга туруштук берерин айткан болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG