Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Украинанын Мариуполь шаарына гуманитардык коридор ачылат


Украинанын Мариуполь шаары.
Украинанын Мариуполь шаары.

Украинанын Мариуполь жана Запорожье шаарларынын ортосунда гуманитардык коридорлор ачылат. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 11-мартта билдирди.

"Алар төмөнкү багыттар боюнча иштейт: Донецк облусунун Мариуполь шаарынан Запорожье шаарына чейин. Ал Портовское, Мангуш аркылуу өтүп, Никольское, Республика, Розивка, Билмак, Полохе, Орехов аймактарын айланып, Запорожьеге жетет. Бул машрут миналардан тазаланышы керек. Гуманитардык жардам жүктөлгөн автобустар Запорожьеден Мариуполго жөнөп кетет. Бул коридор бүгүн иштеп кетет деп үмүттөнөбүз", - деди Верещук.

Анын алдында Орусиянын Коргоо министрлиги Киев, Сумы, Харьков, Мариуполь жана Чернигов шаарларынан гуманитардык коридор ачыларын билдирген болчу. Буга чейин мындай коридорлорду ачуу аракети аткылоолор токтобогонуна байланыштуу үзгүлтүккө учураган эле.

Кызыл чырым уюму Мариуполь шаарынан 400 миң тургун чыга албай калганын, алар гуманитардык жардамга муктаж экенин эскерткен. 10-мартта украин президенти Владимир Зеленский орус күчтөрү бул шаарды "барымтага алды" деп айткан.

Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары 24-февралдан бери токтой элек. Жарым айга чукулдаган бул согуштан жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар каза тапты. Согушту токтотууну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG