Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Бишкектин ири дүкөндөрү негизги азыктарга чектөө киргизишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги белгилүү гипермаркеттер айрым негизги товарларды сатууда чектөөлөр киргизилгенин маалымдады.

“Фрунзе” гипермаркети сатып алуучуларга кайрылып, “Бардык товарлар жетиштүү болуусу үчүн суроо-талап жогору болгон товарларга убактылуу чектөө киргизүүгө мажбур болуп жатабыз. Товарлардын запасы керектүү көлөмдө дайыма толукталууда” деп билдирди.

Globus дүкөндөр түйүнүнүн администрациясы “Эң зарыл товарлардын тартыштыгына жол бербөө үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Ошондуктан айрым чектөөлөрдү киргизүүдөбүз” деп маалымдады.

Эрежелерге ылайык, бир адамга чектелүү гана өлчөмдөгү товар сатылат.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө. Кыргызстан экономикалык жактан Орусиядагы абалдан көз каранды.

Орус өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG